ЫМЫРКАЙЛАРДЫ АЛМАШТЫРУУ КЫЛМЫШЫ БОЮНЧА СОТ ОТУРУМУ 27-АВГУСТТА БАШТАЛАТ

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында борбор калаабыздагы Перинаталдык борбордо (№4-төрөт үйү) чуулгандуу окуя катталган. Аталган мекеменин дарыгерлери жаңы төрөлгөн эркек ымыркайды чарчап калган кыз балага алмаштырып коюшкан. Ымыркайдын ата-энеси Саламаттыкты сактоо департаментине кайрылып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө комиссия ымыркайлардын алмашып калгандыгын аныктаган. Эркек бала бул учурда төрөтканада болгон.
Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун орун басары Рахат Бейшеналиевдин айтымында, муну атайы жасалган иш деп баалап, аталган төрөткананын 3 дарыгери жана 3 акушер кызматынан алынган. Бардык материалдар Октябрь райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Аталган райондун прокурору Абдибакыт Халмурзаев окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 158-беренесинин 1-пункту менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү Октябрь РИИБи жүргүзгөндүгүн билдирди. Аталган иш сотко жөнөтүлгөнүн, соттук отурум 27-августта болорун кошумчалады прокурор мырза.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
miki87-06
2014-08-25 09:52:09
Ишиңизге ийгилик
0
Mir82
2014-08-27 10:53:03
Буларга ото оор жаза бериш керек, акмактарга
0
Ganibal87
2014-08-30 16:21:42
Бул адамдар адам емей еле еки бутту айбандар ен оор жаза да аздык кылат. Тооба кылдым кантип колу барды екен
0
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан