Элге жарык маанай тартуулап, өзү да дайыма позитивдүү маанайда жүргөн «Позитифф» командасынын капитаны Актан Рыскелдиев 20-сентябрь күнү үйлөнөт. Бул тууралуу Актан: «Мурунку сүйлөшкөн кызым Феруза экөөбүз кайра табыштык. 20-сентябрь күнү кыргыздын салты менен ата-энесинин колунан алып кетип той беребиз. Ал эми заманбап үлпөт тоюбузду кийинки жылга пландап жатабыз»,- дейт. Актан «Позитифф» командасынын жоюлганын, эми командадагы балдар башка командаларга кошулуп ойноорун айтып өттү. Жүрөгү брондолгон «тамашоучулардын» катарын бул жылы «Юристтер» командасынын оюнчусу Нургазы Саралаев да толуктап калат өңдүү. Дегенибиз, Нургазы 19-августта романтикалык жагдайда сүйүктүүсүнүн колун сурап, той ноябрь айына белгиленгенин сүйүнчүлөдү.