SUPER.KG порталында кабарчы болуп иштеп кеткен мурунку кесиптешибиз Турат Акыевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу ата-энеси, бир-туугандары жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кесиптешибиз Турат Бишкектеги кафелердин биринде мушташкан балдарга арачы болом деп оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Тилекке каршы, кан көп кеткенине байланыштуу дарыгерлер анын өмүрүн сактай албай калышты.
Биздин көз алдыбызда Турат жайдары, ак көңүл, элпек, ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасаган адам бойдон калды. Турат, жалындап күйгөн жапжаш курагыңда биздин арабыздан кеткениңе ишене албай турабыз. Жайың жаннаттан орун алып, калган өмүрүңдү жакындарыңа берсин!
«Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты!
star@super.kg