BEELINE 16-ТУУЛГАН КҮНҮНӨ КАРАТА АБОНЕНТТЕРИНЕ БЕЛЕКТЕРДИ ТАРТУУЛАЙТ

Быйыл Кыргызстандын уюлдук рыногунун лидери Beeline компаниясы 16-туулган күнүн белгилеп жатат. Мындай кубанычтуу окуяны утурлай оператор «Балансты толуктап, белек ал» акциясын уюштуруп, өз абоненттерине бонустарды тартуулайт.

Өткөн апта ичинде, 11-августтан 18-августка чейин сатуу жана тейлөө кеңселеринде өз уюлдук эсебин толуктаган Beeline`дын абоненттери балансына кошумча каражат алышты. Beeline өкүлдөрүнүн айтымында, бонустун өлчөмү 20 пайызга жетти. Эгер абоненттер балансын 50 сомдон ашык толуктаса, кошумча 10 сом алат, 100дөн 200 сомго чейин – 20 сом. Балансын 200 сомдон ашык суммага толуктаган абонентке 40 сом берилет.
«Биздин 16-туулган күнүбүздө сатуу жана тейлөө кеңселеринде өз уюлдук эсебин толуктаган абоненттерибизге бонустарды тартууладык. Бардык абоненттерибиздин бизге ишеним артканы жана биздин байланыш операторду тандап алгандары үчүн ыраазыбыз! Биз үнөмдүү, пайдалуу кызматтарды жана мыкты тейлөөнү көрсөтүп гана тим болбостон, сиздерди кызыктуу акциялар жана демилгелер менен кубантууга аракеттенебиз»,- дейт Beeline компаниясынын башкы директору Олег Клочко.
Оператордун өкүлдөрү белгилегендей, өткөн аптада Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринде меймандардын саны байкаларлык көп болду. Акция жөнүндө уккан абоненттер өз эсебин толуктап, бонус каражаттарды алууга келип жатышты. Алар акциядан алган таасирлери менен бөлүшүп, сатуу жана тейлөө кеңселеринде баланс толуктоо пайдалуу гана эмес, ыңгайлуу да экенин айтышты. Себеби бул жерде комиссия алынбайт жана адистин кеңешин алып, жаңы чыккан акциялар, кызматтар жөнүндө маалымат алууга болот.
Балансты комиссиясыз толуктоо оператордун сатуу жана тейлөө кеңселеринде гана эмес, ошондой эле бүткүл өлкө ичиндеги 100дөн ашык соода түйүндөрүндө ишке ашырылат. Алардын тизмеси менен
www.beeline.kg сайтынан таанышууга болот. Beeline маалыматы боюнча, баланс акысыз толукталчу тармак кеңейтилип жатат жана мындай түйүндөрдүн саны күн санап өсүүдө. Дагы бир ыкма – балансты биздин өнөктөшүбүз «Оптима Банктын» бөлүмдөрү жана терминалдарында толуктоо.
Ошондой эле балансты «Мобильник», GeoPay электрондук капчыктарын пайдаланып жана
www.beeline.kg расмий сайтынан «Интернет төлөм» кызматы менен банк карточкасы аркылуу комиссиясыз толуктоого болот.
Балансты толуктоонун эң оңой жолу – ЕКО-карталары (Бирдиктүү төлөм картасы). Картанын минималдуу номиналы – 50 сом, чекене сатууда – 55 сом турат.
Ошондой эле июнь айынан тартып бардык уюлдук операторлордун абоненттери өз мобилдик эсебин Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринен комиссиясыз толуктай алышат. Beeline`га мейманга келиңиз жана өз уюлдук эсебиңизди акысыз толуктап алыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
smen
2014-08-27 19:22:55
Аябай жакшы кошумча берип жаткан турбайбы.10,20,40сом компания жабылып калбайбы???

0
nuru95kg
2014-08-30 09:57:36
smen, чексиз интернет, жана чексиз суйлошуу кызматынан бонус женил болсо керек аларга!
0
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан