НЕМОНУ ИЗДЕЙ...

Аталган тасма бөбөктөрдү эле эмес, чоңдорду да суу астындагы керемет дүйнөгө жетелейт. Буга чейинки балдардын сүйүктүү каарманы «Суу перисинин» («Русалка») ордун баскан бул анимациялык фильм 2003-жылдын эң мыкты мультфильми аталган. Эмесе керемет дүйнөгө жетелеген адамдар жана тасма тууралуу.

Чыгарган өлкө – АКШ
Жанры – Комедия
Тарткан режиссёрлору – Эндрю Стэнтон, Ли Анкрич
Сценарийин жазгандар – Эндрю Стэнтон, Боб Питерсон, Дэвид Рейнольдс
Продюсерлери – Жинко Готох, Жон Лассетер, Грэхэм Уолтерс
Операторлору – Шэрон Кэлахан, Жереми Ласки
Үн кошкондор – Альберт Брукс, Эллен Дедженерес, Александер Гулд, Уиллем Дефо, Брэд Гарретт, Эллисон Женни, Остин Пендлтон,
Орусча үн кошкондор – Елена Шульман, Фёдор Машанов, Владимир Маслаков, Валерий Кухарешин

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Балык-клоундардын үй-бү­лөсү. Бактылуу жубайларга жырткыч балык кол салып, натыйжада Марлиндин жубайы Корал жырткычтын азуусунан каза табат. Бул учурда Марлиндин бир гана тукум улоочу икрасы калган эле. Ошентип, Марлин уулдуу болуп, атын Немо коёт. Кичинекей Немо жашынан зирек, шок чыгып, тынчсызданган ата-балык анын артынан калбаганга аракет кылат. Убакыт өтүп, Немо мектепке бара баштайт. Күндөрдүн биринде кызыктуу дүйнө суу алдында экенине көзү жеткен Немо атасынын айткандарын унутуп калып, алыска ойноп кетет. Ошентип, балык уулап жүргөндөрдүн кайырмагына илинет. Тагдырдын тамашасы менен анын жашоосу таптакыр башка нукка бурулуп, Немо Австралиядагы Сидней шаарында жашаган тиш доктурдун аквариумуна түшүп калат. Жалгыз уулун жоготкон ата-балык аны издеп жөнөйт. Жолдон ага Дори аттуу балык жолдош болот. Дори Марлиндин көңүлүн гана жубатпастан, ага баласын тапканга жардам берет. Эчен кызыктуу окуяларга, коркунучка кабылса да, кичинекей Немону куткарып, өздөрү менен алып келишет.

«ПАДЫША АРСТАНДЫ» АРТКА ТАШТАП...
2003-жылы жарыкка чыккан бул фильм тез эле балдардын сү­йүктүү фильмине айлана алды. Буга чейин эң мыкты анимациялык тасма болгон «Падыша арстанды» да артка калтырып, дүйнөлүк рейтинг боюнча биринчи катарга чыгат. Фильмди «Уолт Дисней» жана «Писар» студиялары биргеликте тарткан. Бул анимациялык фильм «Писар» киностудиясынын эң мыкты аниматору Глен Маккуинге арналып тартылган. Анткени тасма чыгардан 7 ай мурун каза болгон Маккуиндин “Немону издей...” тасмасына кошкон салымы көп эле. Эки жыл бою 200 адамдын талыкпас эмгеги менен жарык көргөн “Немону издей...” чындыгында жаратуучуларга ийгилик алып келген. Эң кассалык тасма катары аталып, 28 миллион даана DVD-диски жарык көргөн. Баш-аягы тартууга 94 миллион доллар каражат сарпталып, дүйнөлүк прокаттан 865 миллион долларга жакын киреше алып келген. Бул чындыгында эле рекорддук көрсөткүч болчу.
Тасма мынчалык ийгиликке жеткени менен, сынчылардын сынынан да куру калган эмес. Анткени кино сынчыларынын айтымында бул тасмада балдардын акыл-сезимине туура эмес таасир берген бир катар көрүнүштөр бар. Кичине балдар балыктарды аквариумга салгандыгы үчүн чоңдорду таш боор адам катары кабыл алышы мүмкүн деген пикирди айтышкан.

СЫЙЛЫКТАРЫ
Анан албетте, “Немону издей...” сыйлыктарга да бай. Анимациялык фильмдердин Эл аралык уюму 9 жолу Эң мыкты анимациялык фильм деген наам берсе, ошол эле жылы Эң мыкты режиссёрдук иш деген наамдарга жетишкен. Ал эми балык Доринин үнүн коштогон актриса Эллен Дедженерес мыкты үн деген наамга ээ болгон. Аталган тасма 2003-жылы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлүп, тилекке каршы ал сыйлыкка жеткен эмес.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Фильм чыккан соң аквариумдагы агын сууларга балыктарды коё берген бөбөктөр көбөйгөн.
    Бирок аквариумга көнүп калышкан балыктардын көпчүлүгү өлүп калган.
  • Балык Дори “Писар” студиясынын продюсери Дарла Андерсондун атынан коюлган.


КАРА ИЛБИРС – КЫРГЫЗ «РЕМБОСУБУ?»
Үстүбүздөгү жылдын кино жаңылыктарынын бири «Кара илбирс» көркөм фильминин чыгышы болду. Жалал-Абад облустук театрында болуп өткөн премьерасында бул тасма кыргыз «Рембосу» деген атка татыган. Бул тууралуу фильмдин сценарийинин автору жана режиссёру Садыралы Абдукеримов менен баарлаштык.

– Садыралы агай, элдин бүйүрүн кызыткан кыргыз «Рембосун» борборубуздагы кино сүйүүчүлөр качан көрө алышат?
– Азыр Жалал-Абаддан баштап коюп жатабыз. Ал эми Бишкекте коюлушу же коюлбашы элдин кызыгуусуна жараша боло турган нерсе.
– Айтыңызчы, эмне үчүн кыргыздын «Рембосу»?
– Бул жерде «Рембодой», ошонун дең­гээ­линдей фильм жаралды деген ой берилген эмес. Бирок тасмадагы баш каармандын тагдыры атактуу жан кечти Рембого окшош. Анан да ушинтип көрүүчүлөр өздөрү атап коюшту.
– Анда ошол жан кечти каарманыңыз тууралуу айта кетсеңиз...
– Ал Зарлык аттуу жигит. Нарындан чыккан ушул жигит жөнүндө узун элдин учуна жеткен окуя болуп өткөн. Анда Союз кези. Муну жазуучу­буз Ч.Абыкеев детектив жанрына айлантып, «Качкын» деген повесть жазган. Анын «Бриллиант жыланын» окугандар муну билишет. Биз тасманы Зарлыктын өзүнүн башынан өткөн окуяларын эмес, Ч.Абыкеев жазган вариантынын негизинде тарттык. «Кайып-Булак» фильмин коюп жүргөнүбүздө эл ичинен түшкөн сунуштар менен кошо эле тасманын утурумдугун эмес, эртеңин да эске алдык.
– Каражат жагы кандай болду?
– Жарым-жартылайына Бишкектеги «Сыймык» оюн-зоок борбору жардам берди, калганын өзүбүз таптык.
– Киноңуздар канча убакытта тартылып бүттү?
– Тартууга бир жыл убакыт кетирдик. Кечигишине каражат себеп болду. Чыгарма боюнча Зарлыкты колго түшүрүү аракети вертолёт менен ишке ашырылышы керек эле. Ушуга көп кылчактап калдык. Акыры айла кеткенде вертолётко байланышкан көрүнүштөрдү жөө-жалаң вариантына өткөрүп тартууга мажбур болдук. Ал эми тасмадагы башкы каарманды Эмгек сиңирген артист Бакыт Жумалиев, дагы бир өзөктүү эпизоддук каарман болгон баш каармандын ролун Эмгек сиңирген артист Аскар Арыкбаев ойноду.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 366, 6-12-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан