Популярдуу сайттардын лидери болуп келе жаткан кыргыз тилдүү Super.kg порталынын колдонуучуларынын саны күн санап өсүп, аброю көтөрүлүүдө. Аталган сайтта талыкпай эмгектенип келе жаткан алып баруучулардын да күйөрмандары пайда болуп, эл арасында кызыгууну жаратып келишет. Анда эмесе сизди кызыктырган алып баруучулардын бири – Максат Орозумбетов.
Толук аты-жөнү – Максат Орозумбетов
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 10-май
Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Молдо-Асан айылы
Билими – Б.Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университетинин 5-курсунун студенти
– Максат, Super.kg порталында качантан бери иштейсиң?
– Бул жакка 2011-жылдын ноябрь айында келгем. Ага чейин бир телеканалда бир жарым жылдай штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштегем. Ал учурда айына 300-500 сом маяна алчумун. Акчадан кыйналып, кошумча кафеде официант болуп иштедим. Ал жерге мен интервью алган ырчылар келип калса, уялып жашынып калчумун. Намыстанганымдан маянасы көбүрөөк телеге кызматка орноштум, бирок «аңгектен качсаң дөңгөккө такаласың» дегендей, ал жакта деле жашоо жыргал эмес экен. Акыры Бекжан деген журналист досум «super.kg порталына корреспондент керек экен, барып көрбөйсүңбү» деп калды. Келип 4 күн иштеген соң штатка кабыл алындым.
– Журналист дайыма бир окуянын үстүндө жүрөт эмеспи. Сенде да жумуш учурунда кызыктуу окуялар болсо керек?
– «Түнкү көпөлөктөр» тууралуу репортаж жасаганым эсимде. Алардын уктаган жеринен баштап турган ордуна чейин иликтеп жүргөнүмдө, кыздар жашыруун камерамды байкап коюп таш менен уруп, кубалап жөнөшкөн. Мындай кызыктар көп эле болот. Негизи, журналисттер кандай кыйынчылык болбосун баарына даяр турушу керек. Кесибимдин арты менен эл-жер көрүп келем. «Атабыз» Кылычбек Султанов үзүрлүү эмгектенген кызматкерлердин катарына кошуп, Түркиянын Анталия шаарына эс алууга жолдомо берип, жумушка болгон кызыгуумду мурдагыдан да арттырып койду. Кыскасы, super.kg – менин экинчи үйүм.
– Сени Айпери Кубик кызынын клибинен көрүп калдык. Ага кандайча тартылып калдың?
– Айпери менен интервью учурунда таанышканбыз. Ошондон кийин ал-акыбал сурашып турчубуз. Анан бир күнү ал «менин клибимде кан соргуч жигиттин образын жаратып бериңизчи» деп сунуштады. Ойлонбой туруп макул болдум, себеби идеясы жакты. Ошентип кан соргуч болом деп 2 күн уктаган жокпуз. Уйкудан калган көздөр аягында өзү эле кызарып, кан соргучка айландык.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg