КУРТ-КУМУРСКАЛАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

Курт-кумурскалардын түрлөрү айта берсек көп. Биз бул ирет силерди талаалардан, бак-дарак, өсүмдүктөрдөн көргөн майда жандыктар менен тааныштырабыз. Эмесе, балакайлар, көңүл буруп, бакчадан, жер-жерлерден көргөн жандыктарыңар тууралуу кызыктарды билип алгыла.

ИЙНЕЛИК (СТРЕКОЗА)
Түрү – 3000ге жакын
Жашоосунун узактыгы – 10 айдан бир нече жылга чейин

Көлчүк, камыштар арасында кездешкен ийнеликтердин эң чоңу канатын жайганда 190 миллиметрге жетсе, кичинекейи 20 миллиметрге барат. Алардын башынын басымдуу бөлүгүн чоң көздөрү ээлейт. Ошол «бакыраң» көздөрү менен жанында учуп-конгон бардык жандыктарды байкап, учуп бараткан жеринен азыгын оңой эле кармап жеп кете берет. Ийнеликтин ар бир көзүндө өзүнчө 30 миң «көзчөлөр» болот. Мындай касиети анын бир эле учурда алдын, артын кароого шарт түзөт. Анан да саатына 57 чакырым ылдамдыкта учуп, бат учкан курт-кумурскалардын башында турат.

 

 

 

АЛТЫН КОҢУЗ (ЗОЛОТИСТАЯ БРОНЗОВКА)
Узундугу – 13-23 миллиметр
Жашоосунун узактыгы – 2,5-4,5 ай

Алтын коңуздар өсүмдүктөрдү ылгабай жей берет. Евразиянын талаа, чөлдөрүнөн башка бардык аймактарда, Борбордук жана Түштүк Азиядан Орто Азияга чейин кулач жайышкан. Бул коңуздар күнү-түнү кыймылдабай, гүлдөрдүн жытына ырахаттанып отурганды жактырышат экен. Эгер күн бүркөк болсо учпай, гүлдүн бутактарына жайгашып алышат. Ал эми суукта жерге түшүп, чоң-чоң жалбырактарга жашынып күн өткөрүшөт.

 

 

 

 

БАК КАНТАЛАСЫ (САДОВЫЙ КЛОП)
Узундугу – 1 миллиметрден 10 сантиметрге чейин
Түрү – 34кө жакын

Бак-дарак же бадалдардын арасынан бул жандыкты кокустан кармап алсаң жагымсыз жыт чыгып, жүрөктү айлантат эмеспи. Өңү бозомтук болгон бул жандыктын аты – бак канталасы. Жагымсыз жыт чыгарганынан улам көпчүлүк аны «сасык» деп аташат. Көрсө, алар жагымсыз жыт чыгаруу менен душмандарынан коргонот экен. Канталанын бул түрү айрым өсүмдүктөргө пайдалуу десек да болот. Мисалы, картошканы «жегич» колорадо коңузуна каршы бак канталасын колдонушат. Ошондой эле майда курт-кумурскаларды, алардын жумурткаларын жеп, жок кылышат.

 

 

 

ЖААЧЫ (БОГОМОЛ)
Узундугу – 11 сантиметрге жетет
Жашоосунун узактыгы – 55-60 күн

Талааларда, жайыттарда, кайда болбосун термелип турган, сырткы түзүлүшү боюнча чегирткени элестеткен жандыкты көрсөңөр керек. Айрым жерлерде «бешик терметкич» десе, айрым аймактарда «келин жүгүн» деп аташат. Ал эми зоологияда ал жаачы деп аталат. Бул жандыктын алдыңкы буттары тамакты кармап жегенге ыңгайлашып узун келет. Алдыңкы буттары – эркегиники 42-52 миллиметр, ургаачысыныкы 48-75 миллиметрге чейин жетет. Ал эми арткы буттары чуркаганга ылайыкташкан. Хамелеон сыяктуу шартка ылайык түсүн өзгөртүп туруу өзгөчөлүгүнө ээ. Эгер жырткыч жанында болсо бир нече сааттап ордунда тура берет. Түштүк Европа, Орто Азия, Африка, Австралияда көп кездешет. Кызыл китепке киргизилген. Жаачылардын көпчүлүгү жөргөмүш, таракан, чиркейлер менен азыктанышат.

 

 

ҮЛҮЛ (УЛИТКА)
Түрү – 100 000ге жакын
Жашоосунун узактыгы – 5-7 жыл

Үлүлдүн денеси абдан серпилгич келет. Чөп, өсүмдүктөр менен азыктанган бул жандыктар ылдам дегенде минутасына 7 сантиметрге чейин жыла алат. Кескелдирик, момолой алардын негизги душмандары. Ошондой эле анын дем алуучу тешиктерине кирип кетүүчү коңуздар да өмүрүнө коркунуч жаратат. Дээрлик көпчүлүгү нымдуу жерлерде, жашыл чөптөрдүн көлөкөсүндө жашашат. Үлүлдөрдүн башында эки жуп «мүйүзчөсү» бар. Алардын жардамы менен көрүп, азыктын даамын билишет. Үлүлдөр кайрадан калыпка келүү жөндөмүнө ээ. Кокус алардын кайсы бир органы үзүлүп калса, бир нече жумада толугу менен мурунку калыбына келип калат.

Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kgbekish
2014-08-25 22:24:23
кандайсынар супер инфо жылаан жонундо дагы жазгылачы
0
admin_superstan
2014-08-26 10:20:38
kgbekish, Саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
0
aayjamalka
2014-08-28 16:23:18
Эмне зыяндарын жазышкан эмес же вообще зыяны жокпу мен жанагы теерменген жаачы дегенди уккам козду оюп алат деп а улулду адамдын бир жерине жабышса чыкпай туруп алат деп укканмын булар жонундо маалымат бергнде зыяндарын да кошо жазышса жакшы болмок эле
+1
danik0101
2014-08-30 14:01:38
Жанагы "бак канталасы" деген абдан сасык да
0
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан