Cахнага жарк деп чыгып, жалп өчкөн таланттуулар көп. Бүгүнкү коногубуз «мындан 2 жыл мурун Бишкектин көчөлөрүндө эркин баса албай калган элем, учурда мени бир аз унутушуптур» дейт. Акыркы жылдары Москвада иштеп жүргөн ырчы Арман август айында эмгек өргүүсүнө чыгып, мекенине келип, кеңсебизге баш багып кетти. Кеп нугун «Break up», «Sexy-sexy», «Сенсиз мага» деген белгилүү ырлардын аткаруучусу Арман өзү уласын.
– Салам, Арман. Акыркы жылдары Орусияда эмгектенип жүрөсүң, чыгармачылыкты да ошол жактан улантам дедиң эле?
– Саламатсыздарбы? Ооба, чыгармачылыгымды улантам дегем. Акыркы жолу «Сенсиз мага» деген ырыма клип тарттырдым. Дагы бир-эки чыгарма жаздырып ырчылык карьерамды жыйынтыктайын деп жатам. Негизи, ырчылык менен жөн гана хобби катары алектенчүмүн. «Сен таланттуусуң, ырчылыкты улантып кет» деп айткандар болууда. Бирок мен башка жолду тандадым.
– Кызык, сени ырчылыктан баш тарттырган кандай жол болду экен?
– Ислам жолун тандадым. Шариятта ырдоо күнөө катары эсептелет эмеспи, мен буга чейин туура эмес ырларды ырдап, клиптерди тартып жаштык кылып коюпмун. Катамды оңдоо али кеч эмес, андыктан ырчылык менен болбосо да, элге көбүрөөк пайдасын тийгизе турган кино тармагына аралашсамбы деп жатам. Ырчылыкты таштаганыма өкүнбөйм, анын ордун баса турган башка тармакка ыктап жатам. Адамдарды таалим-тарбия, тартипке чакырган таасирдүү тасма тарткым келет. Мен 18 жашымда медреседе билим алгам, андыктан дин тууралуу түшүнүгүм кенен эле.
– Кыргызстанга жакында эле учуп келипсиң, 2 жылдын ичинде шаар өзгөрүптүрбү?
– Учакта учуп бара жатканда эле кайсы шаар кандай экени билинет. Мисалы, Москва шаарын үстүнөн карасаң, көз жоосун алган бийик имараттардын жарыгы күнү-түнү күйүп турат. Ал эми Бишкекти карасаң, бирин-серин жарыктар көзгө урунбаса, дээрлик караңгы.
Келгенден бери маршруттук таксилерде жүрөм. Бир нерсени байкадым, башкаларга салыштырмалуу биздин элге бир аз маданият жетишпейт. Сүйлөө, кийинүү, коомдук жайларда өзүн алып жүрүү маданиятынын жоктугу аябай билинет экен. Анан бири-бирибизге өтө орой мамиле кылабыз. Бизде биримдик, ынтымак жок. Алсак, Москвада башка улуттар алыстан учурашып, бири-бирине болушуп турушат. Биздин кыргыздар башка улуттар менен эмес, бири-бири менен эле мушташа беришет, кыргыздын кыргызга эле алы жетет.
– Орусияда эмне иш кыласың?
– Москвада Федералдык миграция кызматында иштейм. Туристтерге документ, мигранттарга жумушка уруксат кагазын жасап беребиз. Август айында эмгек өргүүсүнө чыгып, атайын апамды көргөнү келгем. Азыр үйдө апама эркелеп жатам.
– Сыртыңдан аябай назик жигит көрүнөсүң?
– Сыртымдан ошондой көрүнүшүм мүмкүн, бирок ичимден катаал элемин. Назик болгонум атасыз өскөндүгүмдөн да болсо керек. Анткени атам кичинемде эле каза болуп, иним экөөбүздү апам чоңойткон. Ошон үчүн да апама аябай жакынмын.
– Улутуңа көп кызыгышса керек?
– Орустарга кыргызсыңбы, казаксыңбы баары бир, баарыбызды азиат улутундагылар дешет. Өзүм иштеген мекемеде жалгыз кыргызмын. Анан да орустар дүйнөдөгү акыркы окуялардан кийин мигранттарга болгон мамилесин бир аз жумшарткан.
– Качан апаңдын колун узартып келиндүү кылайын деп жатасың?
– Буюрса, бир жылдан кийин үйлөнөм. Сүйлөшкөн кызым бар, бирок ага үйлөнөмбү, жокпу, Кудай билет. Бир жылда эмнелер гана өзгөрбөйт. Негизи, жеке жашоого деле убакыт бөлгөнгө чамам келбей калат. Убакыт ушундай бат өтөт, чоң шаарда ар бир мүнөтүң акча менен эсептелет.
– Өзүңдү кандай кыздардан алыс тутасың?
– Жаман кыз болбойт, кыздардын баары жакшы. Мисалы, мырзалар кыздарды алдашат, ичимдик ичирип өз максатына жетүүнү каалашат. Кыздар бузулуп кетти дешет, аны бузган ким? Ошондой мырзалар ал кыздын ордуна өзүнүн жакынын же карындашын коюп көрсө жакшы болмок.
– Кыргыз ырчыларынын жаңы ыр-клиптерин көрүп баам салып турсаң керек?
– Ооба, SUPER.KG порталынан кыргыз ырчыларынын жаңы ырларын угуп, клиптерин көрүп турам. Биздин шоу-бизнесте жаңычылдык, өзгөчөлүк жок, мурункудай эле. Тескерисинче, ырлардын деңгээли мурункуга караганда төмөн түшүп кеткендей туюлду. Кыргыз эстрадасы учурда жаңы агымга муктаж. Муун алмашып башкача ой жүгүрткөн, үнү, таланты бар жаштардын агымы келсе жакшы болот эле. Анткени ырлар деле, клиптер деле бири-бирине окшошуп бара жатат.
Лунара Бекиева
star@super.kg