БИЙКЕЧ ИШ ДЕСЕ ИЧКЕН АШЫН ЖЕРГЕ ТАШТАЙТ

Табияты (стихиясы) – Жер
Колдогон планетасы – Меркурий
Ташы – нефрит, акак таш
Түсү – кочкул көк, ак

«Эгер бир нерсени жасоого туура келсе, анда жакшы жасаш керек» деген эреже бийкечтерге тиешелүү. Тынымсыз иштегенди, так жүргөндү, тазалыкты жактыргандыктан баш аламандыкка чекит коюп, тартип орнотууну жактырышат. Ал эми байкагычтыгы жана логикалык ой жүгүртүүсүнүн күчтүүлүгү бийкечтерди маалыматка бай кылат. Бирок бийкечтерден ойдо жок укмуштуу пландарды жана долбоорлорду күтпөй эле койсо болот. Себеби алардын стихиясы Жер болгондуктан, күнүмдүк тиричиликтеги көзү көрүп, кулагы уккан гана нерселерди кабыл алып, фантазияга басым жасашпайт. Ал эми иш жаатына келсек, бир нерсени жасоодон мурда жети эмес, жетимиш жолу өлчөп кадам шилтейт. Андыктан булар тапшырылган иштин майын чыгарышат. Бул бийкечтердин көк беттигин жана ишке берилгендигин далилдейт. Кээде ушунчалык көпкө чейин ойлонгондуктан ойлору быт-чыт болуп, бир чечимге келе албай мүмкүнчүлүктү өткөрүп жиберип, алакан жайып отуруп калышат.
Мындан сырткары бийкечтердин текебердик сапаты бар. Ошондуктан алар турмушта бирөөгө көз каранды болгусу келбей, өз күчүнө таянып гана оокат кылууну эп көрүшөт. Мындан улам алар сүйүүдөн да көзү тумандабайт жана үй-бүлө күтүүгө өтө ашыгышпайт. Ошондой эле өз кемчиликтерин моюнуна алуу бийкеч үчүн тозоктун иши болсо, башкалардын ишин сынга алуу ага ырахат тартуулайт.

Мыкты сапаттары – иштерман, так, камкор.
Начар сапаты – текебер.

БИЙКЕЧ – ЭРКЕК
Романтиканы жактырган айым бийкеч-эркектин түгөйү болуп калса, анда сызга отургандай эле болот. Себеби бул жылдыз белгисиндеги эркектер булуттан сепил куруп, айды алып келип берем деген сезимдердин ээси эмес. Булар турмушта биринчи орунга материалдык жыргалчылыкты жана ыңгайлуулукту коюшкандыктан, үй-бүлө курган соң жубайынын кем-карчысын толуктап, керектүү нерселерин алып берүүгө дайым даяр. Туугандарына карамдуу. Ал эми балдарынын ызы-чуусуна чыдамы жетпейт. Аларды эркелетип ойнотууга караганда бир нерсени үйрөнүп, билим алуусун каалайт.
Мамиле түзүүдө чынчылдыкты өтө баалашат. Андыктан бийкеч-эркектин жүрөгүн ээлейм деп жагалданып комплимент айтып же өлүмүш болуп көз жашын төккөн айымдын эмгеги талаага кетет.

БИЙКЕЧ – АЯЛ
Бийкеч жылдыз белгисинин алдында туулган аялдар ысык менен муздакты айкалыштырган жандар. Алар мамиле курууда башкы каарман болушат. Эгер түгөйү менен жылдызы келишсе, мамилесин бекем сактайт. Ал эми кол кармашып жүргөн түгөйүнөн көңүлү калса, анда чайналып ортодо отура бербей башка эркекке кетип калууга дайым даяр. Үй-бүлөдө күйөөсүнө салыштырмалуу активдүү болгондуктан бийликтин тизгинин эч кимге карматпайт. Башка эркекке кетип калууга даярдыгы жана бийликти колдон чыгаргысы келбегендиги үчүн бийкеч-аялдар жалтырак-жултуракка эмес, өз алдынча турак жайга ээ болууга ашыгат. Негизинен, бийкеч-айымдардын экинчи турмушу ийгиликтүү болот. Ал эми балдарына дос катары мамиле жасап, кеңешин берет. Бирок алардын чектен ашып эркелешине жол бербей, тартипте кармайт.

БИЙКЕЧ – НАРИСТЕ
Бийкеч-наристелер табигаттан берилген тунук акылга, байкагычтык жана эсине бат түйүп калуу жөндөмүнө ээ болушат. Алар майда нерселерге көбүрөөк көңүл бургандыктан, тарбия берүүдө кыйынчылык жаратпайт. Көздөгөнүнөн кайра тартпаган аракетчилдиги анын окуусунда мыкты окуучулардын катарында болушун шарттайт. Өзү теңдүү балдар менен урушуп-талашпай, тынч жүрүп, жоош болушат. Бийкеч белгисиндеги балдар интеллектуалдык оюндарды ойноого абдан кызыгышат. Ал эми чоңойгондо медицина, химияга кызыгуусу артат. Ошондой эле спортко да жакын болушат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Diamond09
2014-08-25 10:10:10
Супер-инфо, мумкун болсо эмки санында Букачар жылдызы жонунундо жазыныздарчы, Сураныч.
0
admin_superstan
2014-08-25 10:27:36
Diamond09, Саламатсызбы!
Букачар жылдызы жөнүндө жазылган:
http://www.super.kg/article/?article=27501
0
demo009
2014-08-25 12:08:52
Текечер жөнүндө сураныч..
0
Dromer
2014-08-25 14:31:22
Саламатсыздарбы Супер-инфо жааматы. Суу куяр дылдызы жонундо жазыла элек болсо жазып койунузларчы?
+1
admin_superstan
2014-08-25 14:37:16
Dromer, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
0
Kara_koz
2014-08-25 15:17:03
интеллектуалдык дегенге кандай оюндар кирет себеби менин балам бийкеч жылдызына кирет.
0
josholu
2014-08-25 17:15:57
Кантип билип алышат айран каласын
0
kalpakkg
2014-08-25 17:22:21
админ суупери жылдызына кезек качан. келээр. экен
0
admin_superstan
2014-08-25 17:47:44
kalpakkg, Саламатсызбы!
Ар бир жылдыз үчүн төлгө ошол жылдыздын айы башталганда жазылып чыгат.
0
tea23
2014-08-25 19:39:16
Менин балам бироосу бийкеч бироосу букачар экоосу тен акылдуу, мээримдуу, иштерман. Туура айтылыптыр жогоруда.
0
Begayym.bayzakova.93
2014-08-26 00:35:59
Ушунчалык тан калдым туура чыкканына, атмакчы Бойон жылдызы жазылганбы
-1
chinaltyn
2014-08-26 00:39:43
абдан окшош го. мени жадатты ошо текеберлиги .
-1
LeILa_CrAzY_gIrL
2014-08-26 03:01:29
кудай сактаа туптуура чыкты жолдошумдун сапаты а балыктар жылдызы качан чыгат
-1
moke
2014-08-28 20:33:18
Меники баары туура чыкты. Чындыгында текеберлик жагым бар, моюнга алам
0
Dromer
2014-08-29 17:26:58
Значит январь айында жазылат экенда Суупери жылдызы жонундо.
0
aitysha-91
2014-08-29 21:40:12
Жубайлар экоо тен бийкеч болсо эмне болот бул жонундо да маалымат бергилечи
0
isken.96
2014-09-07 20:05:40
тобоо мынча тууру.тан калыштууго
0
GUL_ZAT
2014-11-06 09:07:52
Эн сонун!!!Рахмат сиздерге!!!
0
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан