– Абакта жаткан күйөөмдүн жаза өтөө мөөнөтү соңуна чыкканына 2 айдын жүзү болду. Ал 5 жылга эркинен ажыратылган. Анын 1 жылы СИЗОдо отурган күндөрүнө кетсе, 2 жылы мунапыс менен кыскартылган. Ал эми 2 жылын толук абакта өткөрдү. Бирок мөөнөтү бүткөнүнө карабай абактын кызматкерлери күйөөмө ар кандай куру шылтоолорду айтып, аны камактан чыгарбай жатышат. Кимге кайрылабыз?
Гүлбара, Бишкек
– Эгер жолдошуңуздун түзөтүү мекемесиндеги жаза өтөө мөөнөтү соңуна чыкса, анда ошол мекеменин администрациясына сиз дагы кайрылыңыз. Кызматкерлер өтөлгөн мөөнөттү эсептеп тактап бериши керек. Эгер мекеме мыйзамдуу чечим кабыл албай турган болсо, анда алардын үстүнөн прокуратурага доо-арызыңызды жазып кайрылыңыз.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312)32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.