– Менин жолдошум 10 жыл мурда каза болгон. Азыркы жашап жаткан үйүбүздү сатып, башка жерден үй алайын десем кайын эжем менен кайним каршы болушууда. Эгер сатсаң сотко беребиз деп жатышат. Үйүбүздүн мурда документтери жок болгондуктан, жолдошум каза болгон соң арадан 5-6 жыл өткөндө үйгө документ алып, өзүмдүн наамыма жаздыргам. Мен үйдү сата аламбы?
Гүлира, Бишкек
– Жолдошуңуздун туугандары биринчи кезектеги мураскерлери болбогондон кийин алардын бул үйгө ээ болууга эч кандай укугу жок. Мындан сырткары, алар мураска ээ болуу боюнча мыйзамда белгиленген мөөнөттү өткөрүп жиберишкен. Ошондуктан алар үйдү сатууда эч кандай тоскоолдук кыла алышпайт. Андыктан үйдү сиз башка адамдардын макулдугусуз жана уруксатысыз өз алдыңызча сатууга толук укуктуусуз.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.