– Биз көп кабаттуу үйдө батирде жашайбыз. Бизден үстүңкү кабатта жашаган кошуналар эмерек жасашат, анын айынан ар түрдүү (балка, дрель жана башканын) добуштары чыгып, бизге тынчтык беришпейт. Барып тынчыраак болгула десек, «түнкү саат 10го чейин каалаганыбызды кылабыз, укугубуз бар» дешет. Күнүгө болгон мындай ызы-чуудан тажадык. Эмне кылсак болот?
Эркин, Ош
– Сиздин маселени карасак, биринчиден, кошунаңыз уруксат албай туруп эмерек жасоо боюнча өндүрүштү өз үйүндө ачууга укугу жок. Экинчиден, сиз айткан турак жай бир гана жашоо үчүн берилген. Андыктан көп кабаттуу турак жайдагы жашоого ылайыктуу шартты бузууга анын укугу жок. Сиз кат түрүндө участкалык милиция кызматкерине кайрылыңыз. Эгер ал да ага карата чара көрбөсө, анда прокуратурага же сотко даттанып барыңыз.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.