НАНДЫН БАРДЫК ТҮРҮНӨ ЖАРАГАН "АЛИЯ" УНУ

Нан – дасторкондун көркү. Адамдын эң улук, эң ыйык азыгы. Нансыз адам жашоосун эч элестете албайт. «Нан табыш үчүн иштеп жүрөм» деген сөз бекеринен чыкпаса керек. Мына ушундай эң керектүү азык менен шаардын Ак-Өргөө конушунун жашоочуларын камсыз кылган токоч нан, бөлкө нан, самса чыгарган чакан наабайкананын ээси Абдималик Жакшыбаев мырза менен таанышып, сөзгө тарттык.

– Абдималик мырза, айтсаңыз, канча жылдан бери нан бизнесин кылып келе жатасыз?
– Шаарга келгениме мына быйыл, буюрса, 14 жылдын жүзү болду. Негизи, өзүм Жалал-Абад облусунун Ала-Бука өрөөнүнүн кулуну болом. Башынан нан жасоо менен эмгектенип келе жатып, ортодо 5-6 жыл тыныгуу алып, эми кайра кириштим. Жумушубуз оор болгону менен, ушунча элди нан менен камсыз кылып жатканыбызга сүйүнүп иштейбиз (күлүп).
Жаңы конуштун бардык дүкөндөрүнө эртең менен машиналар менен таратып кетебиз, кечке чейин нан калбай калган дүкөндөргө дагы бир сыйра таратабыз. Тойлорго, кафелерге деп алдын ала да заказ беришет.

– Нан жасоо үчүн кандай ун колдоносуңар? Нандын ар кайсы түрүнө ар башка сорт пайдаланылабы?
– Биз жакындан бери «Алия» унун колдонуп калдык. Анткени «Алия» уну жакшы чыгып жатат. Нандын чыгышы да көп болуп, жакшы көөп, формасын да жоготпойт. Ал эми түрлөрү боюнча, 1-сортуна токоч нан жасайбыз, самсаны болсо жогорку сортунан жасайбыз.

– Бул ундун башка ундан эмне айырмасы бар экен? Мурун кандай унду колдончу элеңер?
– Бул ундун айырмасы технологиясында деп бизге алып келген балдар айтышты. Көрсө, италиялык технология менен жасалат экен. Италия спагетти, пиццасы менен белгилүү эмеспи. Сапаты да эң жакшы. Негизи биз Казакстандын, Кыргызстандын болгон унунан жаап көрдүк. Салыштырып көрүп, ушул «Алия» унуна токтодук.
Кээ бир башка жакшы деген унду алып көрсөк, мүшөккө башка унду (мисалы, Казакстандын уну) салып койгон учурлар болгон. Андай учурларда наныбыз жаман чыгып, «жакшылап иштебейсиңерби?!» деп наабайчыларды урушкан күндөрүбүз деле болбой койгон жок. Себеби ал күндөрү наныбыз өтпөй калат.

– Сөзүңүздү угуп отуруп бир суроо жаралды. Эмнеге унга мынча маани бересиздер?
– Нан жасоодо эң маанилүү – бул ун, анын сапаты. Ун жакшы болсо жакшы көбөт, кайталап кетейин, чыгышы да көп болот. Наабайчылар да «ун жакшы болсо биздин көңүлүбүз да сонун болуп калат» деп күлүп калышат.

– Бир күндө канча нан чыгарасыңар?
– Бир күндө 2000дей бөлкө нан, 1000 токоч нан чыгарабыз, аныбыз кээде жетпей да калат.

– Башка наабайканалар менен ун жөнүндө сүйлөшөсүңөрбү? Алар эмне дешет?
– Жумушубуз нан болгондуктан, албетте, сүй­лө­шөбүз. Бири-би­рибизден ке­ңеш сурап, кайсы ун жакшы экенин маалымдап турабыз. Кө­бүн­чөсү «Алия» унун эми билип башташты, буюрса, ушул ундан эле нан чыгарабыз деп жатышат.

– Дагы кошумча эмне дээр элеңиз?
– «Алия» – элге жаккан ун болду. «Алияда» иштеген балдар да жакшы иштешет. Тез, убагында ун менен камсыз кылып турушат. Ушул бойдон айныбай, сапатын сактап турушса экен деп тилейм. Бизге жакшы нан чыгып берип, наныбыз өтүп турса эле болду.

Ошол жерде иштеген самсачы ЗАМИРБЕК аттуу мырзаны да кепке тарттык.

– Замирбек, сиз «Алия» уну жөнүндө эмне дей аласыз?
– «Алия» – азыркы убактагы эң жакшы ун. Жакшы алкоолорго, сөздөргө татык­туу деп айта кетсем жа­ңы­лыш­пайм.

Акырында «Алия» унун ушундай наабайканаларга жеткирүү менен эмгектенген ТҮГӨЛБАЙ БЕЙШЕНБЕК УУЛУ менен маек курдук:
– Жаңы иштеп баштадым, бир ай болуп калды. Бирок бир да жолу сапатыңар жаман экен деген сөздү уккан жокмун. Мактап алып калышат дү­көндөр.
Нандын улуулугун даңазалап, көркөмдөп айта берсе сөз жеткис. Мына бул улуу азыктын маанилүү продуктусу болгон ундун сапаты, эң чоң ролду ойноору бизге белгилүү. Ошондуктан «Алия» соода маркасына өркүнүңөр өсүп, сапатыңар ушул бойдон калып, ишиңер илгерилесин демекчибиз.

Султан Төрөбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Suluwka_1992
2014-08-27 16:10:15
Ушул "Алия" мелкомбинатында мен да иштейм. Болушунча сапаттуу чыгарганга аракет кылабыз.))))
+1
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан