ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУН ӨНҮКТҮРҮҮ АГЕНТТИГИ ЖЕТЕКТЕЙТ

4-ноябрда ЖКнын “Ак жол” фракциясы Өнүктүрүү фонду жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө макулдугун берди.

Ага ылайык, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча агенттик Өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттин өкүлү деп таанылат. Агенттиктин жетекчиси Максим Бакиев бул фонддун директорлор кеңешинин да төрагасы болуп саналат.
Кошумчалай кетсек, Орусиядан келген 300 миллион доллар насыя Өнүктүрүү фондуна берилген. Анын жылдык үстөк пайызы 0,75 пайыз жана Кыргызстан алгачкы төлөмдү 2016-жылдан баштап 2049-жылга чейин төлөшү керек.


КОРГОО МИНИСТРЛИГИНИН ШТАБ ЖЕТЕКЧИСИ ДАЙЫНДАЛДЫ
Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Коргоо министринин орун басарлары дайындалды.

Ажонун буйругуна ылайык, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы жана Коргоо министринин биринчи орун басары болуп Абибулла Кудайбергенов дайындалды. Ошондой эле Таалайбек Өмүралиев Коргоо министринин орун басары кызматына бекилди. Бул тууралуу президенттин катчылыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


НАРИМАН ТҮЛЕЕВГЕ ДАГЫ 3,5 ЖЫЛ ЭЧ КИМ ТИЙИШПЕЙБИ?
Президент Курманбек Бакиев Бишкек шаардык кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, мэр Нариман Түлеевдин кол тийбестик укугун дагы үч жарым жылга камсыз кылууну сунуштады.

Ажонун айтымында, шаар башчысынын туруктуу командасы борборду өнүктүрүү программасын ишке ашыруусу зарыл. Ал ошондой эле аймактык башкаруу жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасын реформалоо үчүн Бишкекти эксперименталдык аянт кылууну сунуштады.


МАКСИМ БАКИЕВ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ
Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев 2-ноябрдагы маалымат жыйынында аталган агенттик жакын арада төрт долбоорду ишке ашырарын билдирди.

Биринчи долбоор – ипотекалык компания түзүү. Анын негизинде Бишкек, Ош шаарларында жалпы аянты 150 миң чарчы метрлик турак жай куруп, колдонууга берүү жана ага 10-15 жылдык мөөнөткө пайыздык үстөгү арзан каражат берүү каралууда. Экинчи долбоор – айыл тургундарына жана фермерлерге микрокредиттик система түзүү. Үчүнчүсү узак мөөнөттө агроөндүрүш комплекстерин техника, жабдыктар менен камсыздоо боюнча лизингдик (кредитти майдалап бөлүп төлөө) компания түзүү. Төртүнчү долбоор агросоодакорпорациясынын ишмердүүлүгүн кеңейтүү максатын көздөйт. “Ипотекалык компания түзүүгө курулуш компаниясы менен өнөктөш банкты мамлекет аныктайт”,- дейт М.Бакиев.


Ө.Текебаев:
“КЫРГЫЗСТАНДА ОРТО КЫЛЫМДАГЫ НЕПОТИЗМ ОРНООДО”
“Акыркы кадрдык дайындоолор Кыргызстанда непотизм же бийликти укумдан-тукумга өткөрүп берүү орной баштаганынан кабар берет”,- деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Ал: “Бийликте тургандар эми үй-бүлөлүк кландын ортосунда ич ара келишпестиктерге туш болуу алдында турушат. Мамлекетке кызмат кылуудагы эң жогорку деңгээл – патриотизм. Андан төмөндө регионализм, трайболизм болуп барып, аягында непотизмге барып такалат. Андан да төмөн кетсек, алгачкы коомдогудай абалга кептелебиз”,- деп кошумчалайт.


БАШ МЫЙЗАМ ДАГЫ ӨЗГӨРӨБҮ?
“Баш-аягы жетимишке чукул мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек. Болбосо башкаруу системасында жасалып жаткан реформалар туура эмес болуп калат”,- деп билдирди коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев.

Анын айтымында, реформаларды ишке ашыруу үчүн жетимишке жакын мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек. “Биз эки аптадан бери өкмөттөн сунуш күтүп жатабыз. Өкмөт Жогорку Кеңешке саналуу гана мыйзам долбоорун алып келди. Ошондуктан өкмөттөн бул иш-чараны тездетүүсүн талап кылуудабыз. Анткени өзгөрүүлөрдүн, реформанын баары мыйзам чегинде болуусу керек”,- деп кошумчалайт Исхак мырза.


ДИПЛОМ САТКАН МУГАЛИМДЕР КАРМАЛДЫ
Каржы полициясынын кызматкерлеринин ыкчам иликтөөсү учурунда Кыргыз техникалык университетинин Оксана жана Жибек аттуу мугалимдери кармалды.

Мамлекеттик каржы полициясынын маалыматына караганда, аларга Оксана жана Жибек аттуу мугалимдердин диплом сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Издөө учурунда каржы полициясынын кызматкерлери алардын бирине диплом үчүн алдын ала 400 доллар акча берип көрүшкөн. Бир нече күндөн кийин Жибек атуу аял Кыргыз техникалык университетин бүтүргөндүгүн күбөлөндүргөн дипломду алып келип берген. Ошол эле күнү Оксана аттуу айым диплом үчүн 350 доллар алып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.


ФЕЛИКС КУЛОВ КАЙРАДАН ЭЭРДЕ
Жаңы реформанын негизинде үлкөн аткаминерлер жумушсуз калса, көптөн бери дайыны чыкпай дымып калган Феликс мырзанын багы ачылды.

Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Феликс Кулов Кыргызстандын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигине караштуу Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Эми Феликс мырза Максим Бакиев менен тыгыз иштешмей болду.


КЫРГЫЗСТАНДА 17 АДАМ ЧОЧКО ТУМООСУНА ЧАЛДЫКТЫ
Учурда Кыргызстанда 17 адам чочко тумоосуна чалдыгып, алардын 11и ооруканада.

Апта ичинде эки ирет чочко тумоосуна чалдыккан адамдар ооруканага жаткырылды. Алардын биринчи тобу Москва–Бишкек каттамындагы поезд менен баш калаага 2-ноябрда келишкен. Вагондогу 43 адамдын арасынан 11 адамда илдеттин белгилери байкалган. Алардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылган. Ал эми Бишкек–Новосибирск каттамы боюнча келген поездден да 3 жаран ооруп келишкен. Алардын чочко тумоосуна чалдыкканы аныкталды. Учурда Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында 11 адам бул илдеттен дарыланууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча бейтаптардын абалы канааттандырарлык.


ОШТО ЖУРНАЛИСТ КУБАНЫЧ ЖОЛДОШЕВДИ САБАП КЕТИШТИ
“Ош шамы” гезитинин жаңылыктар бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Жолдошевди 1-ноябрь түнү белгисиз үч киши көчөдөн сабап кеткен.

Токмоктон улам журналисттин мээси катуу чайкалган. Ал учурда Ош шаардык ооруканасында дарыланууда.
Журналист окуяны өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. К.Жолдошев гезиттин акыркы санында ОшМУдагы студенттердин митингин кенен жазып чыккан эле.


БИШКЕКТЕ ДАГЫ БИР ЖУРНАЛИСТ КИШИ КОЛДУУ БОЛДУ
Бишкекте дагы бир журналист киши колдуу болуп каза тапты. Мурунку “Фемида”, азыркы “Жылан” гезитинин башкы редактору Сейит Мураталиевдин сөөгү техникалык кызмат көрсөтүү станциясынын аймагынан табылган.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, Сейит Мураталиевдин өлүмүндө буйрутма мүнөз жок. Журналистти өзүнө тааныш аял өлтүргөн деп шектелүүдө. Кылмыш иши 2-ноябрдан 3-ноябрга караган түнү болгон. Мураталиевдин денесиндеги бир нече бычак жаракаты анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгүнөн кабар берет. Шектүү катары камакка алынган аял “Сейит күйөөм экөөбүздү коркутуп, опузалап акча талап кылган. Ошол түнү мени зордуктады” деген негизде көрсөтмө бергени маалым болду.
Эскерте кетсек, бул журналист укук коргоо кызматкерлеринин, айрыкча МАИ кызматкерлеринин ишмердүүлүгү боюнча жүргүзгөн иликтөөлөрү менен белгилүү болчу.


ТЫШТАН КЕЛГЕН АКЧА КАРАЖАТТАРЫ КЫСКАРДЫ
Кыргызстанга сырттагы эмгек мигранттарынан келүүчү акча каражаттарынын көлөмү 30 пайызга кыскарды.

Бул тууралуу Улуттук банк­тын төрагасы Марат Алапаев ЖКнын экономика, бюджет жана каржы боюнча комитеттин отурумунда билдирди. Анын айтымында, банк системасынын анализинин көрсөткөнүнө караганда, сырттан которулуп келген акчалар 30 пайызга кыскарган. Ал ошондой эле 2008-жылы Кыргызстандагы банк системасынын кирешеси 1,8 миллиард сом болгонун кошумчалады.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 366, 6-12-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан