Популярдуу сайттардын лидери болуп келе жаткан кыргыз тилдүү Super.kg порталынын колдонуучуларынын саны күн санап өсүп, аброю көтөрүлүүдө. Аталган сайтта талыкпай эмгектенип келе жаткан алып баруучулардын да күйөрмандары пайда болуп, эл арасында кызыгууну жаратып келишет. Анда эмесе сизди кызыктырган алып баруучулардын бири – Айзат Болотбек кызы.
Толук аты-жөнү – Айзат Болотбек кызы
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 12-октябрь
Туулган жери – Ош облусу, Кара-Кулжа району, Чалма айылы
Билими – Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган
– Айзат, бул порталга кандайча келип калдың?
– Студент кезимде «Супер-Инфо» гезитинде практика өтөп кеткем. Ошондо мени жамаат аябай жакшы кабыл алган эле. Көңүлүмө ушунчалык жагып калган экен, окуумду аяктаган соң Супер порталга келип орноштум.
– Сага super.kg порталында иштеген эмнеси менен жагат?
– Өзүм тартынчаак кызмын, бул жерде жамаат аябай жакшы. Эмгектенгенди да, эс алганды да билишет. Өз ишин мыкты билген кызматкерлер, энергияга толгон жаштар аябай көп. Улуу-кичүү дебей баары кеп-кеңешин айтып турушат. Жаңы келген кызматкерлер көнүшө албай кыйналып жатканын эч көргөн эмесмин.
Мен аябай бактылуу адаммын, анткени арзуу кылган кесибим менен иштеп келе жатам. Элге эмгеги сиңген белгилүү инсандар менен баарлашып, алардан интервью алам. Бул мен үчүн чоң жетишкендик. Жумушума байланыштуу үйгө кээде аябай кеч кирип барам, ошого карабай мени түшүнүп, колдоп турган ата-энеме ыраазымын.
– Порталдын колдонуучулары атактуулар менен катар силерге да сын айтып калышат. Чычалаган учурлар болду беле?
– Албетте, түрдүү сындарды угабыз. Эгерде сын жөндүү болсо, түз кабыл алып, кемчиликти жойгонго аракет кылам. Сын айтып жатабы, демек, бизди эл көрүп жатат. Бул нерсе кубандырат. Биз деле күндөн-күнгө өсүүнүн аракетиндебиз.
– Сени дагы клиптен көрүп калдык, кандайча сунуш түштү?
– Назми эженин «Классташтар» аттуу ырынын клибине күтүүсүз жерден тартылдым. Клиптин режиссёру Ренат аттуу жигит кабарчынын ролуна кыз издеп, биздин порталга келиптир. Анан директорубуз Бактыгүл Сокушова мага «клипке тартылбайсыңбы?» деп сунуштады. Каршы болбодум. Ал жерде чоң эмес чакан эле роль, өзүмдү өзүм ойнодум десем болот.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg