ООРУНУ ЖЕҢИП КЕЛИП МУШТАН КАЗА ТАПТЫ

Super.kg порталында иштеп кеткен кесиптешибиз Турат Акыевдин мезгилсиз өлүмү туурасында өткөн саныбызда маалымат жазган элек. Анын өлүмүнө шектүүлөр кармалып, тергөө иштери жүрүп жаткан убагы. Окуянын чоо-жайы туурасында иликтөө жүргүздүк.

Жалын Акыев, Тураттын бир тууган агасы: «УРУШТУ БАШТАГАН ДОСТОРУ ЭЭН-ЭРКИН БАСЫП ЖҮРҮШӨТ»
ТУРАТ АКЫЕВДИН бир тууган агасы көз жашын тыя албай, иниси туурасында төмөндөгүлөрдү айтып эскерди.
– 16-август күнү жумушта отурсам инимдин достору чалып, «Туратты сабап кетишиптир» деп айтышты. Барсам, иним Улуттук госпиталдын неврологиясынын жандандыруу бөлүмүндө экен.
Угушума караганда 15-август күнү Турат үйдө отурса, Канат аттуу айылдаш жигит келип «мен бүгүн ичимдик ичем, сен менин унаамды айдап бер» деп ээрчитип кетиптир. Ичип алып мушташып, алардын ортосуна түшө калган иним каза болуп отурат. Инимди ээрчитип барып ичимдик ичишип, урушту баштап коюп жардам бербей, баарына себепчи болгон достору ээн-эркин басып жүрүшөт.

«ӨМҮРҮНҮН ҮЧТӨН БИР БӨЛҮГҮН ООРУКАНАДА ӨТКӨРДҮ»
– Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз, Турат кенжебиз болчу. 1987-жылы 30-мартта төрөлгөн. Мектепте алдыңкы окуучулардын катарында эле. Кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча республикалык олимпиадага катышып, андан жеңип чыгып Кыргыз-Түрк «Манас» университетине окууга өткөн. Көзү өткөндөн кийин өзү окуган мектептин кыргыз тили жана адабияты кабинетине Тураттын ысымы ыйгарылды.
Журналисттик кесибинен сырткары бизнес менен алектенчү. Быйыл күзүндө борбордон үй алып, «атам менен апамды жаныма алып келип жазында үйлөнөм» деп жаткан. Ар бир ишин акыл калчап жасачу. Улуумун деп эч кимибиз анын жасаган ишине тоскоолдук кылчу эмеспиз.
Бир окуя эсимден такыр кетпейт. Кичине кезибизде апам боорсок жасап жаткан, ал «дасторкон жайгыла, боорсок тизесиңер» десе аябай чоң кылып дасторкон салып коюптурбуз. Бир убакта 3 жарым жаштагы Турат «жерди үнөмдөп кичирээк салсаңар боло» деп бизге акыл үйрөткөн эле. Жаш болсо да анын жашоого болгон ой жүгүртүүсү мени ойго салчу. Жаш кезинен бери гемофилия (тукум куучу кан көп агуу оорусу) менен ооручу эле. Өмүрүнүн үчтөн бир бөлүгүн ооруканада өткөрдү. Ушул күнгө чейин оорусу менен алышып келген. Бир жери кесилип калса эле көп кан кетчү. Башкалар сыяктуу таңып койсо токтоп калчу эмес, сөзсүз ооруканага барчу. Москвада дарылаган врач «25 жашка чейин бул ооруну жеңип чыгышың мүмкүн. Баары өзүңдөн көз каранды» деген болчу. Ошол ооруну жеңем деп үйлөнбөй жүргөн. Быйыл 27ге толуп, «апа, мен ооруну жеңдим» деп кубанган эле.

«МЕН ИЧЕМ, СЕН УНААМДЫ АЙДАП ЖҮРЧҮ» ДЕГЕМ»
Тураттын досу КАНАТ окуя туурасында буларга токтолду:
– 15-август күнү кечирээк Турат экөөбүз жолугуп, үйүнүн жанындагы отургучта сүйлөшүп отурганбыз. Мен андан «бүгүн сыра ичем, сен унаамды айдап жүрчү» деп сурандым. Ал убакта Нурлан аттуу досум да келип калды. Үчөөбүз кеңешип, кечки саат 10дордо «Юрта» деген кафеге бардык. Тааныш 2 кыз бар болчу, баарыбыз бир компания болуп 2 сааттай отурдук. Турат ичпейт эле, Нурлан экөөбүз сыра ичтик.
Жеген тамагыбызды, ичкендерибиздин баарын төлөп чыгып келе жатсак, дарбазанын жанында турган кафенин коопсуздук кызматкерлери астыбыздан тосуп, «тамак-ашыңардын эсебин төлөбөйсүңөрбү?» деп демитип кирди. «Төлөдүк, ишенбесең сурап кел» десек, ал «Өзүң сура» деп ортодо түшүнбөстүк чыгып, ызы-чуу болуп кетти. Мен коопсуздук кызматкерлери менен ызылдашып жаткам. Бир маалда ары жактан жарандык кийимчен 5-6 бала келип, мени ажаткана тарапка сүйрөп кетишти. Түртүшүп-тартышып мушташканга чейин жетип калганда официант келип «эсебин төлөшкөн» деп калды. Музыкант жигит бизди ажыратып койду.
Дарбазанын жанына келсем Тураттын көзү шишип, Нурландын жаагы айрылып калыптыр. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. «Абалыңар кандай?» десем «жакшы» дешти. «Машинени айдайсыңбы?» деп Туратка ачкычты сунсам, «Көзүм ачышып айдагым келбей жатат. Такси менен эле үйгө барып жатайынчы» деп Нурлан экөө өз-өзүнчө таксиге отуруп кетишти. Мен башка бирөөнү чакырып, машинемди айдатып үйгө кеттим. Эртеси саат 9дарга жакын Тураттын Союзбек деген иниси телефон чалып, анын ооруканада жаткандыгын айтты. Барсам жатыптыр, «жакшы эле» деп койду. Дарыгерлерден «абалы кандай?» деп сурасам, «Ичинен кан кеткен окшойт. Башында да шишик бар» дешти.
Кичине кезибизден бери таанышпыз, айылдаш элек. Көзү шишип турса да, эч нерсени сезбептирбиз. Аны эмне себептен уруп коюшканы мага түшүнүксүз. Сураштырсак, биз отурган кафенин эмес, жолдун аркы бетиндеги кафенин коопсуздук кызматкери келип Туратты уруп жибериптир. Тураттын кан оорусун да билчү эмесмин. Өзүмдү аябай жаман сезип жатам. Күтүүсүз нерсе болуп кетти.

Бакыт Асанов, досу: «ОПЕРАЦИЯГА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛБАЙ КАЛДЫ»
Турат Акыев окуя болгон жерде табакташ достору Канат менен Нурланга абалы жакшы экенин айтып, бирок жардамга муктаж экенин группалашы, бирге жашаган досу Бакыт Асановго кабарлаган. Анын ооруканадагы акыркы мүнөттөрү туурасында досу БАКЫТ төмөнкүлөргө токтолду
:
– 15-августтан 16сына караган түнү саат 02:00дөр чамасында мага телефон чалып, «балдар сабап кетишти, республикалык оорукананын невротравматологиялык бөлүмүндө жатам» деди. Барсак бир көзү шишип калыптыр, эмне болду десек айтпай койду. Дарыгерлерге Тураттын гемофилия оорусу бар экенин айтып, «этияттап, жакшы карап бериңиздер» десем алар «эртең менен карайбыз, силер кете бергиле» деп коюшту. Мен анын жанында калдым. Абалы оорлошо бергенинен дарыгерлерге «гемоглобини түшүп кетпесин, текшерип бериңиздер» дедим. Текшерип, анализи чыккыча таңкы саат 5 болду. Бул жерде дарыгерлер да кайдигер карап коюшту. Эртерээк аракет кылып, томографияга түшүрүп жардам көрсөткөндө, балким, тирүү калат беле?.. Ооруканага баргандан 13-14 сааттан кийин операция жасалды. Каны операцияга туруштук бере албай, кан издеп бир топ убакыт өтүп кетти. Ошентип эсин жоготуп, жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калды. Каза болгондон бир апта мурун Ысык-Көлгө барып эс алып келгенбиз. Аябай шайыр жүргөн. Жолдо келатканда кимди жакшы көрөрүн, ага арнап жазган ырын айтып берген. Мен аны кийин тамашалайм деп диктофонго жаздырып алгам. Анда анын акыркы сөзүн жаздырып жатканымды аңдабаптырмын деле.

Бул иш боюнча Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси НУРБЕК ТОКТОСУНОВ буларга токтолду:
– Жабырлануучу Турат Акыевдин баш сөөгү сынып, алган жараатынан улам 16-август күнү ооруканада каза болгон. Бул боюнча кылмыш жаза кодексинин 104-беренесинин (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, бул жосун байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде) негизинде кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй кылмышка шектүү делинип «Титан» жеке коопсуздук агенттигинин кызматкери, Жалал-Абад облусунун 1992-жылы туулган Жуманалы уулу Абдылда аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жабырлануучулардын кафеге төлөөгө акчасы жетпей калып, чыр-чатак ошондон улам чыккан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаш жигит тубаса кан оорусу менен алышып, аны эч кимге билдирбей жеңип келип, мына жаңы турмуш баштайм деп турган 27 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салып кете берди. Бул дүйнөгө мураскор байлык калтырбаса да, жакындары, дос-санаалаштары эстеп турчу адамдык бийиктигин, жайдары мүнөздөгү элесин калтырып кетти. Турат Акыевдин жаткан жери жайлуу болсун!

Өлөрүн сезгендей Турат Акыев социалдык тармактагы өздүк баракчасына төмөндөгүдөй каалоо менен ыр саптарын калтыраган.
«Урматтуу достор, бул жашоодо убакыт аздыгын билебиз. Келиңиздер, ушул күндөрдө бири-бирибиздин маанайыбызды көтөрүп, саясатты унутуп, жакшы тилектерди айталы, Жараткандан сураналы. Ар дайым кыргыз элимдин келечеги кең болуп, ынтымакта, биримдикте бакубат жашоодо жашайлы. Жаштарыбызга ыйман берип, бар күчүбүздү өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшайлы.

Жаштыгым ак куу сымал канат кагат,
Талпынып, алга учуп бара жатат.
Алсыз калем чиймелеп өткөн күндү,
Кээ убакта не бир түркүн ойго салат».

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Журналист Турат Акыевдин өлүмүнүн сыры ачылды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
begusia
2014-09-01 10:25:52
Жаткан жери жайлоо болсун,калган омурун жакындарына берсин!...
0
bars_wire
2014-09-01 14:30:48
Жаткан жерин жайлуу болсун классташым.
0
bemkow
2014-09-01 17:54:47
okup jatyp kozumo jaw keldi jatkan jeri jailuu bolsun
0
aida2013
2014-09-02 11:19:12
ото кейиштуу ........
+1
Aksy-13
2014-09-03 00:54:19
жаткан жери жайлуу болсун! Уй булосуно сабырдуулук тилейм! эми гана башталып жаткан жашоону таштап кеткени окунучтуу атин ...
0
cholponai.e
2014-09-03 14:54:39
Жаткан жери жайлуу болсун! Журогум ооруп жатат Турат менен коп жолу олимпиадада ат салышып женилип калгам.
0
nargul
2014-09-04 16:22:12
ушул кафе жонундо одноклассникиден бир кыздын заметкасын окудум эле. 50 же 150сомбу жетпей калып бир жигитти катуу сабады деп.... Ушул бала эмеспи деген ой кетти...
0
DNurgiza
2014-09-06 12:40:47
эн окунучтуу. Дарыгерлер да куноолу болгон экен, эртерээк жардам бергенде.
0
Aidana91
2014-09-07 12:52:31
Кандай гана окунучтуу.
0
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан