ЭР ЭҢИШ - ЧЫНЫГЫ БАЛБАНДАР ОЮНУ

Эр эңиш – эки балбандын ат үстүндөгү алышуусу. Балбандар белгиленген убакытта кармашып, бири-бирин аттан эңип алуусу керек.

ХХ кылым бүткүл дүйнө үчүн көптөгөн кызыктуу, ири спорт мелдештерин тартуулады. Алсак, Олимпиада оюндары, футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондук жана башкалар. Өлкөбүздө алгачкы ирет Чолпон-Ата шаарында өзгөчө мелдеш – биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну старт алмакчы. Мында көчмөндөр тарабынан илгертен ойнолуп келген алыш, көк бөрү, кыргыз күрөшү, тогуз коргоол, ат чабыш, эр эңиш жана ордо боюнча мелдештер өткөрүлөт. Бул сапар ошол оюндардын ичинен эр эңиш оюну менен кененирээк тааныштырмакчыбыз.

«КЫРГЫЗСТАН ОЮНДАРДЫ ТОСУУГА ДАЯР»
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору МАКСАТ ЧАКИЕВ бөлүштү:
– Азыркы убакта оюндарга акыркы даярдыктар көрүлүүдө. Оюндардын расмий ачылышы 9-сентябрда болуп, 13-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт. Ал эми фестивалдын жабылуу аземи 14-сентябрга пландалууда. Оюндан тышкары Кырчын жайлоосунда спорт түрлөрүнүн көргөзмөсү, улуттук ашкана боюнча «Дасторкон» фестивалы орун алат. Бул оюндарга Борбордук Азия өлкөлөрүнөн тышкары Монголия, Азербайжан жана Беларусь өлкөлөрүнүн катышары күтүлүүдө. Кыргызстан үй ээси катары ар бир оюнга экиден команда чыгарат. Бул иш-чара телевидение аркылуу түз көрсөтүлүп, аны 40тан ашуун өлкөнүн эли көрө алат.

 

КЕЛИП ЧЫГЫШЫ
Ата-бабаларыбыз күрөшүп келген оюн бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготкон жок. Бул оюндун келип чыгуусу ат үстүндөгү салгылашууда куралынан кандайдыр бир себеп менен ажырап калган жоокерлердин кармашуусуна шартталган. Жоокерчилик заман үчүн бул алышуу өтө зарыл болгондуктан, бара-бара каршылаштардын алышуусу спорт оюндардын катарына кирип, бүгүнкү күнгө чейин ойнолуп келет.

САЛМАК ЭРЕЖЕСИ
Эр эңиш боюнча мелдештин катышуучулары 80 килограммга чейин жана андан жогору болуп 2 салмактык категорияга бөлүнөт.

ӨТКӨРҮЛҮҮЧҮ ЖАЙ
Эр эңиш боюнча мелдеш тегиз аянтчада айлананын ичинде өткөрүлөт. Айлананын диаметри – 30 метр.

КИЙИМИ
Бул оюнга катышкан спортчунун кийими бел боодон, калың шымдан жана өтүктөн турат. Аттын ээр токуму каалагандай болушу мүмкүн. Бирок ээр токумдун артында көрпөчө бөктөрүлүп, балбандардын колунда камчы болуусу кажет.

ТАЗА ЖЕҢИШ
Таза жеңиш кармашуу жүрүп жаткан кезде өзүнүн атаандашын аттан оодарып түшүргөн балбанга берилет (дененин кайсы гана мүчөсү болбосун жерге тийген учурда оодарылып түшүрүлдү деп эсептелинет).

УПАЙЛАР БОЮНЧА ЖЕҢИШ
Упайлар боюнча кармашууда артыкчылык көрсөткөндүгү үчүн (көбүрөөк упай топтогону үчүн), башкача айтканда, кармашуунун убагында эң аз эскертүү алгандыгы жана кармашууну аракетчилдик менен жүргүзгөндүгүнө каралат. Упай боюнча жеңиш үчүн 3 упай берилет. Жеңилгенге 1 упай жазылат.

КАРМАШУУНУН УЗАКТЫГЫ
Ар бир кармашуу 6 мүнөткө созулат. Мелдешке берилген бул убакыт ичинде катышуучулардын бири таза жеңишке ээ болбосо, кармашуунун натыйжасы упай менен аныкталат.

УРУКСАТ БЕРИЛГЕН ЫКМАЛАР
Жекеме-жеке кармашууда ар бир эр эңиште каршылашынын колунан, бел боосунан кармоого, колун ээрдин үстүнө басууга, бел боосунан тартып ат үстүнөн эңип түшүрүүгө болот. Ошондой эле атаандашынын тулку боюнан кучактап алууга, бутун үзөңгүдөн чыгарыш үчүн каршылашынын бутунан кармоого уруксат берилет.

ТЫЮУ САЛЫНГАН ЫКМАЛАР
Эр эңиште атаандашын же анын атын тебүүгө, муштоого, камчы менен чабууга тыюу салынат. Ошондой эле каршылашынын чачынан, кулагынан, бетинен, үзөңгүсүнөн, басмайылынан кармоого жана бири-биринин манжаларын кайрууга, колун муунга тескери кайрууга, каршылашынын колун бутунун же үзөңгүнүн астына салууга жол берилбейт. Ошондой эле атаандашынын колуна же моюнуна жана анын атынын моюнуна тизгинин таштоого болбойт. Андай учурда эскертүү берилип, каршысына упай берилет.

ЭР ЭҢИШ ТУУРАЛУУ:

  • Эр эңиш жаракат көп алган оюндардын катарына кирет. Көбүнесе балбандардын колу, буту сынат. Жадакалса адам баласынын өмүрү да үзүлүп кеткен учурлар болгон.
  • Бул оюнда балбандын жөндөмү жана күчү канчалык мааниге ээ болсо, минген атынын такшалгандыгы да ошончолук мааниге ээ. Эр эңиш үчүн минилүүчү ат жоош, чыдамкай жана такшалган болушу шарт.
  • «Эр эңиш» деген сөз «эрегиш» деген сөздөн келип чыккан деп да айтылат. Илгери эки чабан уруша кетип, ат үстүнөн эрегишип кетишкен экен. Ал оюнду бай-манаптар жактырып калып, «эр эңиш» деп атап, жигиттерин эңиштирип ойноп кызыгуу жаратышкан. Ошондон улам бул оюн «эр эңиш» болуп аталып калган.
  • Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү борбору тарабынан эр эңиш республикалык «Манасиада» спартакиадасынын программасына киргизилген.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
edil.9292
2014-09-03 00:26:43
Жакшы алга кыргыз алга
0
Ruslan_d
2014-09-06 11:42:38
Эн жанкшы озубуздун ушундай улуттук оюндардын эрежелери жонундо кобурок жазсаныздар? Силерге рахмат супер жааматы.
0
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан