ЧЕКТЕН ЧЫККАН ЭКОЛОГИЯ ЖАШЫЛ ОЙ -2014

20-25-август аралыгында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында КМШ, Балтика боюндагы өлкөлөрдөн келген жаш эколог адистердин «Жашыл Ой-2014» эл аралык форуму болуп өттү. Бул иш-чара «Жаштар демилгесин колдоо фонду» тарабынан уюштурулуп, «Кумтөр» компаниясы тарабынан каржыланды. Адистердин талкуулары, тренингдери кызыктуу өтүп, аягында адамзат биргеликте гана табиятты сактап каларын бекем белгилешти.

Ар өлкөдөн келген экологдор эстеликке сүрөткө түшүштү.

БААРЫБЫЗДЫН МАКСАТЫБЫЗ БИР
«Жашыл Ой» экологиялык долбоору үч бөлүктөн турат. Ушул жылдын июнь айында «Жашыл Ой – Өспүрүм» аталыштагы биринчи бөлүгү 18 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында Бишкек шаарында болуп өтсө, август айынын башында студенттер арасында «Жашыл Ой – Жаштар» эколагери Кажы-Сай айылында болгон. Буга утурлай жыйынтыктоочу иш-чара катары эл аралык экологиялык «Жашыл Ой – Адис» форуму Чолпон-Ата шаарында орун алды. КМШ, Балтика боюндагы жана Кавказдын жаш эколог адистери жетишкендиктери менен бөлүшүп, маселелерди чечүү жолдору жөнүндө акыл калчашты. Бир максатты көздөгөн ар кайсы өлкөдөн чогулган экологдор бири-бири менен бат эле тил табышып, тажрыйба алмашып, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгышты. Экологиянын күзөтүндөгү жаштар өз өлкөсүнүн жаратылышы, каада-салты жана маданияты боюнча презентацияларды жасап, окшоштуктарга кубанып, артыкчылыктарына суктанышты.
Мындан тышкары форумдун катышуучулары Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Атанын жанындагы «Саймалуу Таш» музейинде жана «Рух Ордодо» болушуп, кыргыз жеринин көркү менен таанышууга жетишишти. Экологдордун салты боюнча Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларды тазалап, эс алуучуларга үлгү көрсөтүштү. Жээгин эле эмес, суучул менен бирге көлдүн түбүндөгү таштандыларды да тазалап, жээкте элдин көңүл чордонунда болушту. Алты күнгө созулган иш-чаранын жүрүшүндө эколог адистерден тышкары «Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер менен экология департаментинин директору Бен Феррис катышуучуларга Борбор Азиядагы эң ири алтын кен долбоорунун ишинен маалымат беришти.

БЕН ФЕРРИС, «Кумтөр» компаниясынын экология департаментинин директору:
– Кыргызстандагы ири компаниялардын бири болгон «Кумтөр» эл аралык жана Кыргызстандын текшерүүлөрүнөн бат-баттан өтүп турат. Мындай компания эл үчүн ачык болушу шарт. Алсак, биздин компания тууралуу 2013-жылдын ичинде 11 миңден ашуун макала жазылган. Дүйнөдөгү бир да алтын кендин тарыхында мындай болгон эмес. Биздин компания үчүн экологияны сактоо маселеси абдан маанилүү.
«Кумтөр» кенинде өндүрүштүн бардык баскычтарында экологиялык менеджмент системи иштеп, абалга мониторинг тынымсыз жүргүзүлүп турат. Эко-лагерди колдоо аркылуу жаштардын аң-сезиминде айлана-чөйрөнү сактап, аяр мамиле кылууну, экология тууралуу түшүнүктү кеңейтүүнү калыптоону максат кылабыз. Ошондуктан «Жашыл Ой» долбоорун колдоп, жардам көрсөтүүнү уланта беребиз.

ДМИТРИЙ ВЕТОШКИН, Кыргызстан, «Ырыстан» коомдук уюмунун директору:
– «Жашыл Ой-2014» эл аралык форуму ушуну менен 2-жолу өткөрүлүп жатат. Алгач мындай иш-чара өткөн жылы болгон эле. Быйылкы катышуучулардын жалпы саны 40 адамды түздү. Эң башкы максат – жаш адистер үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жана аны өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташууну түзүү. Бул үчүн форумга жалпысынан 8 өлкөнүн адистери катышууда. Алардын ар бири өз өлкөсүндө экология тармагында алектенет. Долбоорлору жөнүндө пикир бөлүшүп, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашуу жүрүп жатат. Бүтүндөй Кыргызстандын гана эмес, глобалдык масштабдагы экологиялык көйгөйлөр жөнүндө да талкуулар жүрдү. Чындыгында экологиялык маселелерди адамзат биргеликте иш алып барганда гана чече алат. Анткени экология үчүн чек аралар жок жана өлкөлөр бири-бирине түздөн-түз таасир этет.

 

ИНДИРА ЭРГЕШОВА, Өзбекстан, жаштар экологиялык кыймылынын мүчөсү:
– Бул форум тууралуу интернет баракчаларынан көрүп, билдирме калтырган элем. Өзүм Өзбекстандагы жаштардын экологиялык уюмунун мүчөсү болом. Адистер менен баарлашып, тажрыйба топтодум. Форумда чындыгында эле мен күткөндөй семинарлар, тренингдер, кызыктуу акциялар өткөрүлдү. Ар өлкөдөн келген катышуучулар менен достошууга да убакыт таап жатабыз. «Жашыл Ой» форуму келечектеги долбоорлор үчүн мыкты «start up».

 

 

АЛИНА БЕЖЕНАР, Литва, «Грэникс» уюмунун өкүлү:
– Журналист досторумдун чакыруусу менен бул форумга катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мен Литванын Вильнюс шаарынан келдим. Силердин өлкөдө алгачкы жолумун. Иш-чаранын алкагында болгон катышуучулар арасындагы кызуу талкуулар жана Кыргызстандагы ири кен казуучу компаниянын алып барган иштери кызыгуу жаратты. Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгин жана суу алдындагы таштандыларды тазалоо, капчыгайга болгон сапар, корум таштардагы петроглифтер таасир калтырды.

 

 

СҮЙМӨНКУЛ ИСМАТИЛЛАЕВ, Кыргызстан, «Акмена» ЖЧКсынын өкүлү:
– Бул форумга жыл сайын катышууга аракет кылам. Ар бир өлкөнүн өкүлү өз мекенинде болуп жаткан экологиялык маселелер жана аларды кантип чечүү жолдорун айтып берип жатат. Көйгөйлөрдү чечүү боюнча эл аралык аянтчаны түзүү аракетиндебиз. Бардыгыбызга кызыктуу деп айта алам. Жаңы идеялар, жаңы чечимдер ушундай пикир алмашуу аянтчасынан куралып, биздей адистердин колу менен ишке ашырылат.

 

 

ИХТИЯР МУРЗАКМЕТОВ, Казакстан, «Жасыл эл» уюмунун мүчөсү:
– Бул форум тууралуу өткөн жылдан бери билем. Бардыгы мен күткөндөй болуп жатат. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип кетким келет. Иш-чаранын алкагында тажрыйба бөлүшүү жана эң негизгиси, ар кайсы өлкөдөн келген жаш адистердин достошуусу. Мен үчүн бул жакта ар бир презентация, семинар ачылыш болуп жатат. Келечекте форумду ар кайсы өлкөдө өткөрүп, кеңири жайылтууну көздөйт элем.

 

 

Катышуучулар көлдүн ичиндеги таштандыларды тазалашты.

Жээкти тазалоо учуру.

Алты күнгө созулган эл аралык экологиялык форумдун жыйынтыгында ар бир катышкан өлкөнүн ортосунда достук көпүрөсү түзүлдү. Уюштуруучулар катышуучуларды алган билимин иш жүзүндө колдонууга жана экология үчүн өз салымдарын кошууга чакырды. Табиятты сактоодо ар улут эле эмес, бүткүл адамзат жооп берери баса белгиленди.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-09-01 18:36:40
негизи жакшы долбоор, бирок элди экологияны бузбаган учун дагы бир озунчо тренинг, долбоорлор болсо абдан жакшы болот. кумтор башынан эле ушундай жакшы долбоорлорду колдоп каржылайт
+1
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан