ЖУКА ЧУРАЙЫМДА АК ТАК ПАЙДА БОЛДУ...

– Жашым 18де. Менин жука чурайымда ак тактын пайда болгонуна 2 жыл болду. Улам чоңоюп баратат. Сураштырсам «ала» деген оору экен. Өзүбүздөгү доктурларга көрүнүп, дары ичип, витаминдерди колдонуп көрдүм. Бирок, булар эч жардам берген жок. Элден уксам бул жугуштуу экен. Кийин турмушка чыксам күйөөмө жукпайбы? Эмне кылып дарылансам болот? Дарика, Кочкор.
«Ала» оорусу илимде «витилиго» деп аталат. «Витилиго» оорутпайт жана жугуштуу ооруга кирбейт. Ошондуктан, турмушка чыксаңыз күйөөңүзгө жукпайт. Сиз жакшылап дарылануу үчүн мыкты доктурларга көрүнүп, дарыланууну сунуштайбыз.


КАНТКЕНДЕ БЕЗЕТКИЛЕРИМ ЖОГОЛОТ?

– Бетиме майда безеткилер чыга берип жадатат. Андан арылып, бетимдин жылмакай көрүнүүсү үчүн эмне кылсам болот? Азат, Сокулук.
– Безеткиден арылуу үчүн косметика салонуна барууга мүмкүнчүлүк болбосо, анда дарыканадагы пиво ачыткысын (дрожжун) колдонуңуз. Ал үчүн тамак алдында же тамак менен 1-2 чай кашык пиво ачыткысын жеш керек.


БОЮНДА БАР КЕЗДЕ ИЧ ООРУСА ЭМНЕ БОЛОТ?

– Учурда менин 3 айлык боюмда бар. Акыркы кезде ичим айыз келгендегидей болуп күндө ооручу болду. Жыты көңүл айнытаарлык ачык күрөң түстөгү суюктук да бөлүнүп чыгууда. Бул эмне болушу мүмкүн? Бегим, Ош.
– Сиз токтоосуз гинекологго көрүнүп, УЗИге түшүүңүз зарыл. Анткени, ич дамамат ооруп, күрөң түстөгү суюктук бөлүнүп чыга баштаганда түйүлдүктүн өспөй калуусу, бойдон түшүү коркунучу күтүлөт.


ИМПОТЕНТ БОЛУП КАЛБАЙМЫНБЫ?

– Мен учурда 26 жаштамын. Суткасына 2-3 жолу жыныстык катнашка барууну каалайм да турам. Эгер ушундай жол менен бара берсем, эрте эле импотент болуп калбаймынбы? Айбек, Ташкөмүр.
– Сиздин сексуалдык жактан толуп, болуп турган мезгилиңиз болгондуктан, импотент болбоймунбу деп ойлонгонуңуз ашыкча. Сиздин курактагылар үчүн жыныстык катнашта бат-бат болуу калыптагыдай көрүнүш.


ЭМЧЕГИМДИН ҮРПҮ КЕСИЛИП ООРУТУУДА...

– Менин балалуу болгонума аз эле болду. Эмчегимдин үрпү кесилип, бала эмизгенде жаным көзүмө көрүнөт. Эмне кылаарымды билбей калдым. Айыктыруунун оңой жолу боюнча кеңеш берип койсоңуздар. Венера, Каракол.
– Сүргүчтөн орточо чоңдуктагы алманы өткөзүп алып, ага ошончо өлчөмдөгү жууган майды (сливочное масло) кошуп, аралаштырыңыз. Даяр болгон боткону эмчектин жарылган үрпүнө сыйпаңыз. Муну эмчектин үрпү айыкканча жасоо сунуш кылынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-22 22:30:26
Эмчектин урпу жарылып жатса бепантен мазын сыйпа жакшы жардам берет ,балага да зыяны жок.
0
№ 210, 10-16-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан