«АСКЕРГЕ БАРЫП МАЙЫП БОЛУП КАЛДЫМ»

Аскердик кызматын өтөп келүү кайсы бир деңгээлде өзүнчө сыймык эмеспи. Бирок азыр мөөнөтү бүткөнчө ашканада жашылча тазалап, улуулардын ур-токмогуна алынып жүрүп эптеп мөөнөтүн өткөрүп келишерин угуп жүрөбүз.Төмөндөгү Аскар аттуу 19 жашар жигит ал жактагы жашоо тууралуу кеп кылып, ур-токмоктон улам майып болуп калганын айтат.

«БАРГАН КҮНҮ ЭЛЕ ООРУКАНАГА ТҮШТҮМ»
– Ушул жылдын 12-май күнү Бишкектеги №702-аскер бөлүгүнө түштүм. Ага чейин деле улуу чакырыктагы аскерлердин ар түрдүү «фокус» көрсөтө тургандыктарын угуп жүрчүмүн. 5-6 балага кошуп, чачыбызды бир эле устара менен, лезвиесин алмаштырбай эле канталатып алып салышты. Кеч кирди, жатып уктап калыптырбыз. Бир убакта бир нече жигит кирип келип, колго тийгенин муштап, сабап жатып калышты. Аңгыча эле бирөө үстүмө буту менен чыгып алып, 3-4 ирет секирип жиберди.
Эртең менен ичим такыр чыдатпай ооруганынан дааратканага барып, заара кыла албай койдум. Ошол жерден жыгылып калыптырмын. Мени аскер бөлүгүнүн дарыгери Талант Наматовго алып барышыптыр. «Тез жардам» чакырып, алар мага ооруну басаңдатуучу дары сайып, Республикалык хирургиялык борборго алып барып жаткырышты.
Хирургия борборунан дарыгерлерге заара кыла албай калганымды айттым. Ошол учурда Талант Наматов жана мени жаракатка кабылткан Нуралы Эркинбеков дагы жүрүшкөн. Борбордун дарыгерлеринин баарына эле менин аскер кызматын өтөгүм келбей жатканын айтышып «бул бала өзүн-өзү көк ала кылды» деп жатышты. Дарыгерлер «телефон колдонгонго болбойт, дароо операцияга кир» деп, мага «операцияга макулмун» деген тил катты жаздырып, ишти башташты.
Операциядан кийин палатага которушуп, аскер бөлүгүнөн келгендер үйдөгүлөргө байланышууга мүмкүндүк бербей аңдып туруп алышты. Эртеси ийне сайганы келген бейтааныш медайым «кароолчулар» жокто телефонун бергенде апама чалып, операция болгонумду жана даректи айтканга үлгүрдүм.

Жабырлануучу Аскар Айтбек уулунун апасы Максат Өскөнбаева: «ӨЗҮ ИЧИН ЖАРЫП ӨЛДҮ ДЕП КОЮШМАК ОКШОЙТ»
– Аскар жалгыз уулум. Мындан кийин 3 кызым бар, өзүм жалгыз бой энемин. Балдарымдын атасы өзүнчө жашайт. Аскар аскерден ата тарбиясын алып, бышып келсин деп өз каалоосуна каршы болбой жибергем. Азыр оң бутун сүйрөп, сылтып басат. Бир нече ирет заара кармай албай, ушатып койгон да учурлары болду. Анан калса азыр уулумду аскер комиссариатынан кайра-кайра «оорусунан айыкса кызматын өтөөнү улантсын» деп келип жатышат. Ичине эмне операция жасашып, эмнесин кесип салышты, билбейбиз. Эгер медайым балама телефон бербесе, ичин жарып кайра тигип, госпиталына сүйрөп барып салмак окшойт. Кудай сактасын, бир нерсе болсо «кызмат өтөгүсү келбей жаткан, өзүнүн ичин өзү жарып өлдү» деп чыгарып берип коюшмак окшойт.

Жабырлануучунун жактоочусу Динара Медетова төмөнкүлөрдү билдирди: «АСКАРДЫКЫНДАЙ ОКУЯЛАР КӨП»
– Аскер кызматына барып бирок, кызматын аягына чейин өтөй алышпай токмоктолуп же каза таап калган аскерлер көбөйүп баратат. Менин ишимде эле бир нечеси каралып жатат. Аскарды ушундай абалга алып келген адам жазасын алыш керек. Себеби адамдын өмүрүнө кол салынып, анын денесине жаракат келтирилип жатат. Азыр аскер прокуратурасына арыз жаздык. Жыйынтыгы кандай болорун тергөө аныктайт деңизчи, бирок кооптоно турган нерсе, бардык иш экспертизанын жыйынтыгын кароо менен башталып, ошого жараша негизделет жана корутунду чыгарылат. Ал эми экспертиза баланын оор абалын жашырууга далалат жасап, улам бир текшерүүгө алган сайын мурункусунун жыйынтыгындагы ооруну жокко чыгарып жүрүп отурган. Азыр кылмыш ишин козгогонго негиз жок деген жыйынтыкка келишиптир. Аскер прокуратурасы чыгарган корутундуга жараша өзүмдүн да далилдеримди кошуп, андан аркы процесстерди уланта бермекчибиз.

«АСКЕР КЫЗМАТЫН УЛАНТУУСУ КЕРЕК»
Аскар кызмат өтөгөн Ички аскер бөлүгү Улуттук гвардиянын курамына кошулган. Улуттук гвардиянын басма сөз катчысы ТААЛАЙБЕК МЫРЗАБАЕВ бул жерде чуулуу нерсе жок деп эсептейт:
– Катардагы жоокер Аскар Айтбек уулу 12-майда 702-аскер бөлүгүнө Ленин райондук аскер комиссариатынан барган. Ал жерден аскердик антын бере электе эле ушундай окуяга туш болуп, аскер бөлүгүнөн 1 айлык мөөнөттөгү өргүү алып, дарыланууга жиберилген. Ага улуттук госпиталдан дарыланууга шарт түзүп берели десек ал жакка ишенбей, учурда ар кайсы жакта стационардык дарыланууда болуп жатат. Мыйзам боюнча жоокер улуттук госпиталда дарыланып, аскердик дарыгерлер комиссиясынан текшерүүдөн өткөрүлүп, алар чыгарып берген чечим менен гана кызмат өтөөнү улантуу керекпи же жокпу аныкталышы керек. Өзү барып ошол жактан таза же оорулуу деген маалым кат алып келсе, анан ошого жараша аракет кылат элек. Мыйзам деген мыйзам, Айтбек уулуна 3 ирет өргүүсүн узартып бердик. Тиешелүү маалым каты болбогондон кийин мыйзам боюнча кызматты улантуусу керек. Эгер дагы деле аскерге келбей же өзүнүн ден соолугу тууралуу маалымат берүүчү документтерин толуктоого мүмкүндүк бербесе, анда аскер прокуратурасына тиешелүү берененин негизинде арыз жазып, чара көрүүгө Улуттук гвардиянын укугу бар.

Улуттук гвардия жабырлануучу тарапка 25 миң сом жана Эркинбековдун туугандары 1000 АКШ долларын бергенин Аскардын апасы билдирди.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Survey
2014-09-02 11:13:17
атка минерлер каякка карап олтурат ххх.ушул окуяны айтып чыкпайсынарбы, барып оюн билбейсинерби ххх.
+2
admin_superstan
2014-09-02 11:37:47
Survey, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган!
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү!
-1
uluk_myrza1994
2014-09-02 16:52:47
эркекче менда урдум мындай армияны, чондорубуз конул бурбагандан кийин кызмат отобой эле оз турмушумду судурогонум жакшы, Закондо бар элего жалгыз бала болсо армияга барбашка, менин тагамды Армияда оз ременине турнике асып олтуруп койушкан ал да оз каалоосу менен барган эле, жайы жанаттан болсун ото жакшы адам эле, кылмышкерлер табылбады жок жер жутуп кетти, армияга барсам ошо дедтерди олтуром же озум олом
+3
alai1987
2014-09-03 01:00:07
бизге армиянын эмне кереги бар жаштардын баары россияда журушсо биз служба кылып кайсы чек араны карайбыз праходной двор болуп жатса мекенибиз
+2
nietkabyl
2014-09-03 01:47:24
мекенибизде закон кучтуу иштеп армяны жакшы карап шарттарды тузуп дедавшинаны ваше жок кылып ийбеседа азайтып конул бурушса анан жаштар армяга баратда барары менен екинчи кунундо ушундай кунду коргозуп олтурушса закон деген закон армяны улантыш керек дейт закон дегенин закон болсо кылмышкерлерди табып жазасын бер ачык еле азыр армядан каза тапкан адамдарды озун кунолоп ишти жабып ташташат
0
nietkabyl
2014-09-03 01:50:24

мекенибизде закон кучтуу иштеп армияны жакшы карап шарттарды тузуп дедавшинаны ваше жок кылып ийбеседа азайтып конул бурушса анан жаштар армияга баратда барары менен екинчи кунундо ушундай кунду коргозуп олтурушса закон деген закон армияны улантыш керек дейт закон дегенин закон болсо кылмышкерлерди табып жазасын бер ачык еле азыр армиядан каза тапкан адамдарды озун кунолоп ишти жабып ташташат
+1
Happy_girls
2014-09-03 14:40:54
Кордук корсоткондордун жазасын жараткан Алла берсин, абдан кейиштуу окуялар коп болуп жатат кр.да, оо кудай элибизге акыл эс, биримдик ынтымак бер!

0
jama9210
2014-09-03 20:46:12
Aman0296 атасы тируу ошо учун барды да армияга ал эми алып калайын десе акчасы жетпейт жалгыз бой эненин(((
0
jama9210
2014-09-03 20:48:16
Мен инимди буюрса армияга жиберем озу жоош тын бол деп урушам 2 жыл болду бокс мн машыгып атат))) бирок ата энем каршы армияга баруусуна мен барып келсин деп атам барат буюрса)))
0
Oceana
2014-09-04 23:06:17
Uwintip urup tokmoktoso kim barat armiyaga. Ananda uwundai kabarlardy okup alyp ata-eneler j0notkusu kelbeitta,ar nerceni jan.k kyla berbesh kerek.
0
Gyiwak
2014-09-05 13:18:29
Мыйзам деген мыйзам деп коёт бетин табактай кылып.. 19 жаштагы бала омур бою майып болуп калды урматтуу Таалайбек мырза.. Эгерде мыйзамды бек сактасаныз анда куноонулорлу салып бересиз деп ойлойм..
0
tynara81
2014-09-06 09:39:17
Мен да баламды аскерге жөнөтпөйм, бирок турмушка бышыш керек да баары бир. Андан көрө аскер кафедрасына окутканым жакшы, келишим акчасын төлөп. Бөпөлөп баккан баламдын кор болушун каалабайм.
0
malik.87kg
2014-09-06 20:47:59
кыргызстанда служба кылгандар мал болот мал катары эсептейт чындык жок армияга баргычы рассияга баргыла кыргызстанда армия болбойт камандирлер да адамча мамиле кылбайт эшек болот ошондой
0
gugus
2014-10-02 15:55:45
геноцид кыргыз армиясында башталып жататко дейм. озунун бир тууган кыргыз элин уруп согуп кайф алышып . ошондой кыргыз балдар жана офицерлерди колдоп турган аларды жашынтып... атып салыш керек
0
malikovich
2014-12-05 05:12:26
Maksim Bakievdi 2 syrtynan jolu erkinen ajyrattyk dep maktangan Kara kyldy kak jargan kyrgyzymdyn adilettuu bolup korungusu kelgen uluu urmattuu sot okuldoru,koldon kelbegen iwterdi jyiywtyryp uwul syiaktyuu maselelerdi 4e4ip koisonor karapaiym kalk arasynda Jeti kabat jerdin tubundogu abroyunar biraz bolso da kotorulmok bele degen oy kelet eken 4irkin!!!!!
0
Sa9g_90
2015-04-05 22:14:10
Армия эмес эле , озунчо эле колония го .
0
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан