Адилет Усубалиев, актёр: «ДАРГА АСЫЛУУГА ӨЗҮМДҮ АЯБАЙ ДАЯРДАДЫМ»

«Курманжан датка» тасмасындагы Камчыбекти дарга асканы жаткан эпизод көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытары бышык. Так ошол образды эсте калчудай, жеткиликтүү аткарган жаш актёр Адилет Усубалиев учурда көпчүлүктүн көңүл чордонунан түнөк таап, кызыгууну жаратууда.

«Курманжан датка» тасмасына тартылуу учурунда».

Толук аты-жөнү – Усубалиев Адилет Нурбекович
Туулган жылы – 1990-жыл, 6-ноябрь
Туулган жери – Чүй облусу, Москва району, Мураке айылы
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Хоббиси – Сууда сүзүү
Кумири – Болот Бейшеналиев, Робин Уильямс
Тартылган тасмалары – «Курманжан датка», «Көргүм келет», «Карт бойдок-2»

– Адилет, кино ааламына кантип кошулуп калдың?
– Кичинекей кезимде эле боевик тасмаларын көп көрүп, экшн жанрындагы тасмаларга актёр болуп тартылгым келчү. Кийин 10 жашка чыкканымда «Кыялдар кайда жетелейт?» («Куда приводят мечты») жана «Форрест Гамп» аттуу тасмаларды көрүп аябай таасирленип, драма жанрындагы тасмаларда роль жараткым келе баштады. Кыялдарымды иш жүзүнө ашырайын деп мектепти аяктаган соң 2007-жылы Бишкек шаарына келип, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм институттун актёрдук чеберчилик бөлүмүнө тапшырып, аны 2012-жылы аяктагам. Студент кезимде окуумдан тышкары Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театрында 2 жыл, андан соң Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында 1 жылдай иштедим. Аны менен катар радиодо 5 жыл ди-джейликти аркаладым.

– «Курманжан датка» тасмасына кастинг аркылуу өттүңбү же тааныш аркылуубу?
– 2012-жылы театрда иштеп жүргөнүмдө «Курманжан датка» тасмасына кастинг жарыяланып калды. Ага катышып жатып, ичимден ушундай чоң масштабдагы тасмада жок дегенде массовкасына тартылып калсам экен деп ойлоп койгом. Көп узабай телефонума «бактылуу коңгуроо» кагылды. Ошол маалда башка бир тасманын кастингине катышып, тилекке каршы, өтпөй калып, капалуу жүргөм. Алсам режиссёрдун ассистенти экен. «Келип кетчи» деди. Барганда эле Камчыбектин ролун аткарарымды айтышты.

– Ошол учурдагы эмоцияларың менен бөлүшө кетсең?
– Тартуучу топтун көзүнчө кубанганымды билдирбөөгө аракет жасадым да, эшикке чыгар замат сүйүнгөнүмдөн секирип-секирип алгам. Досторум менен ролумду жууганбыз.
Мени таң калтырганы, театрда да, тасмада да дебюттук ролум Камчыбектин образы болду. 2010-жылы Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек драма театры «Ыйык Курманжан» деген спектакль коюп, мен Камчыбектин образын жараткам. Бирок кино тартуучулар ал спектаклди көрүшкөн эмес.

– Камчыбектин образына кирүү оңой-олтоң болбосо керек?
– Ролго тандалган соң бир жарым айдай бош убактым болуп калды. Ошол убакта китепканаларга барып тарыхты, анын ичинде Камчыбек тууралуу сүрөттөөлөрдү окуп, каарманымдын кулк-мүнөзүнө кирүүгө аракет кылдым. Тартуучу топ «согуштук эпизоддоруна да катышып калышың мүмкүн» дегенинен атайын спорт залга барып машыгып, кылычташкан жерине керек болобу деп фехтования боюнча да сабак алгам. Бирок сценарийдин өзгөргөндүгүнө байланыштуу согушкан жерлерине катышпай калдым. Дарга асып жаткан жерин тартууда өзүмдү моралдык жактан даярдоого бир жумадай убакыт кетти.

– Моюнга салчу сыйыртмакты көргөндө коркуу сезимдери пайда болгон жокпу?
– «Өлүм алдында коркуу, кайраттануу сезимдери болот, өткөн жашооң көз алдыңа элестейт» деп коюшат го, тартып жатканда ошондой абалга өзүмдү психологиялык жактан алып келүүгө аракет жасадым. Аябай оор болот го деп ойлогом, бирок режиссёр да мага жардам берди. Тасманы 2 жылда тартып бүтүшсө, мен катышкан эпизоддорду тартууга баш-аягы 18 күндөй сарпталды.
Тартуу учурунда ортодо бир айдай эс алып калгандыктан өз ыктыярым менен жарык берүүчү болуп иштеп алгам. Жарым айдай иштеген соң суук тийип ооруп калып, ал ишимди таштоого туура келген.

– Тасманын трейлеринен көргөндөр сага өз пикирлерин айтып жатышса керек?
– Азырынча тасманы жабык көрсөтүүдөн көрүшкөн кино сынчылар, көрүүчүлөр менин ролум тууралуу жакшы пикирлерди айтышууда. Ошондой эле интернетте күйөрмандар пайда боло баштаганын көрүп кубануудамын.

– Күйөрмандарыңдын арасында кыздар да барбы? Жеке жашооң тууралуу айта кетсең.
– Бойдокмун. Чыныгы махабатымды күтүп жүргөн кезим. Кара каштуу, кара чачтуу, бою узун, ай чырайлуу, бүт жагынан келишкен кыздар менин табитиме туура келет.

– «Актёр роль тандабаш керек» деген сөзгө кошуласыңбы? Эгерде эротика аралашкан тасмаларга сунуш түшсө тартылат белең?
– Кичинекей эпизод болсо да ошону жакшы ойносоң тасмада эң эсте каларлык учур так ошол эпизод болуп калышы мүмкүн. Негизи, ар кандай образдарды жараткым келет. Бирок азыркы учурда боевик тасмаларына аябай тартылгым келип жүрөт. Кээде терс каармандын ролунда өзүмдү көргүм келет. Образдын үстүндө иштөө мен үчүн ырахат тартуулайт. Эгер андай тасмага тартылууга сунуш түшсө, сценарий жакшы болсо анда тартылуудан качпайм. Бирок гомосексуалисттер тууралуу кинолорго сунуш түшсө тартылбайм, кыргыз жигиттеринин намысы мындай пастыкка жол бербейт.

«Актёр үчүн ар кандай образда жүрүү жагымдуу».

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Дарга асылууга өзүмдү аябай даярдадым" дейт Адилет Усубалиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
admin_superstan
2014-09-01 12:02:08
mbk, Саламатсызбы!
Катачылык оңдолду, рахмат!
0
zarlyk2211
2014-09-02 04:46:40
азамат ийгилик!!!
+2
angelo4ka_96
2014-09-02 20:52:07
Жылдыздуу жигит экен. Кино көрүп жатып менин сиңдим бул жигитти жактырып калды го ))
+4
Jamalym
2014-09-03 00:30:44
Сымбаттуу жигит экен,буйруса жакын арада киного барабыз го.
0
mbk
2014-09-03 16:23:27
Эч нерсе эмес, жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт дегендей.
0
Dodon
2014-09-06 01:19:03
Бирок гомосексуалисттер тууралуу кинолорго сунуш түшсө тартылбайм, кыргыз жигиттеринин намысы мындай пастыкка жол бербейт.ушул соз чыныгы эркектин созу болуптур бали
+2
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан