ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Кет дедим. Ансыз жашоомо кара түн түшүп каларын билсем да, Дастанды кет дедим. Бирок ал кеткен жок, же мени коё бербей, же ага биротоло кетип калбай, эзилип жүрө берди. Күндө уруш-талаш, ый, жаңжал... Апам байкуш бул күндөрү жанымда болду. «Бетпак, кенедейинен бир туугандай чоңойдуңар эле. Ушу кылыгын жер көтөрө алабы? Жолуксам, жанагы сулуу бетин тилип, бирөөнүн бүлөсүн бузган кандай болот экенин көрсөтөт элем. Деги мага иштеген жерин көрсөтүп койчу, балам!» деп чамынып калат.
– Эмне кыласың, апа? Жайына кой,- дейм. 
 Менин абалымды көрүп алып ооруп калган апамды ой-боюна койбой айылга жөнөттүм. Неберелерин кайра-кайра өөп, мени таштай албай кыйылып жатып жөнөп кетти. Ошентип жанымды ооруткан кайгым менен жалгыз калдым. Ушул айларда балдарымдын шоктугу тыйылып, бир заматта чоңоюп калышкандай сезилди. Улуу балам Тилек атасын жанындай көрчү эле, эми үйгө келсе өз бөлмөсүнө кирип кетип сүйлөшпөй койгон адат тапты.
– Уулум, атаң экөөбүздүн ортобуздагы иш бизге гана тиешелүү. Анын сага тиешеси жок. Антпе, балам.
– Атам бизди таштап, Назик эжеге кетти. Кетсе кете берсин,- деди ал тултуюп.
Заманам куурулуп отуруп калдым. Булар Назик экенин кайдан билишет десең. Анан уулум быйтыйган алаканы менен бетимди сылап: – Коркпоңуз, апа, ал кетсе кете берсин, мен сиз менен калам. Бермет экөөңөрдү өзүм багам,- деди.
Аны боорума кысып өксүп жибердим. Уулумдун бир ооз сөзү мени ийинден алып тургузду. Белимди бекем бууп, турмуш менен күрөшкөнгө бел байладым. Күйөөм экөөбүз эки башка адам болуп калдык. Эки башка бөлмөдө жашаган, эртең мененки тамагыбызды эки башка ичкен, бири-бирибиз эмнени ойлоп жатканыбызды билбеген жандарга айландык. Жашоо мени миң бүркүмгө айлантып туруп чачып жибергендей башым, көзүм, жүрөгүм ар башка жерде калгандай сезилип жүрдү. Дене оорусунан дагы жан дүйнө оорусу кыйын экен. Таң калганым, мен жашоону Дастандын көзү менен көрүп, анын жашоосуна айланып кетиптирмин. Эми жалгыз калганда гана мен башка дене, башка жан экенимди сездим.
Бул учурда Дастандын абалы андан да жаман болчу. Ал бир жанын экиге бөлүп, дүйнөсү экиге бөлүнүп кеткен эле. Акыры ал нерсенин бүтө турган күнү бар болчу. Бир күнү чыдамым түгөнгөндө кийимдерин чогултуп, чемоданга салып, эшиктин алдына коюп койдум. Ал кирип келип селдейип туруп калды.
– Баян, бул эмнең? Сен менден башка менен жашай аласыңбы? Менден жашооңду бөлө аласыңбы?- деди ал.
– Сен бөлө алдың го? Демек, мен дагы бөлө алам.
– Кетейинби, акыркы чечимиңби? 
– Ушинтип жашаганча кет!
Дастан бир саамга үнсүз турду да, шарт чемоданын колго алып эшикке жөнөдү. Ушул учурда башка бөлмөдөн аңдып турганбы, кызым Бермет атырылып чыгып атасынын бутун кучактай боздоп жиберди.
– Атаке, кетпе! Кетпе, ата...
Тим эле чучукка жете тургандай чырылдап, атасынын бутуна жабышкан кызымды көрүп нестейдим. Мурдун шуу тартып, менин колумду кармап уулум турат. Каралдымдын мага караан болгондогусу, ал дагы атасына жалынып кетпе дегиси келип турат, бирок мени кыйбай жатканын билдим. Дастан чөгөлөй калып, кызын көтөрүп өпкүлөп жиберди.
– Кетпейм, Бермет. Силерди таштап мен кайда бармак элем? Кетпейм, көпөлөгүм...
– Атаке, кетпе,- дегенден башканы айта албай кызым шолоктойт. Кичине колдору атасынын мойнуна оролуп калган. Кызын бооруна кысып алып Дастандын да үнсүз ыйлап жатканын көрдүм. Ошондой эле көз жаш уулумдун карегинен агып жатты. Байкасам, мен дагы ыйлап жаткан экенмин. Төртөөбүз тең ыйлап жаттык, ар бирибиздики өзүнчө трагедия эле. Дастан мени бир тиктеп алып, кызын бооруна кыса өз бөлмөсүнө кирип кетти. Чемодан ошол боюнча босогодо турган. Уулум аны алы келбесе да сүйрөп жөнөдү. Ошондо гана мен жеке пикирим менен чечим чыгара албай турганымды сездим. Мен балдарымдын каалоосу менен да эсептешишим керек эле. Ошол күндөн кийин ажыраша албасымды, тек гана балдар үчүн жашашым керек экенин түшүндүм. Канчалык оор болсо да, бул чындыкты мойнума алууга аргасыз элем.
Эки жума өткөндөн кийин андан да оор кабарды уктум. Мен кош бойлуу экенмин. Түйүлдүккө 2 ай болуп калыптыр. Бул ырысы жок наристе мен каргашалуу чындыкты билгенге чейин эле боюмда болгон экен. Эми чындап башымды мыкчыганга туура келди.
Эртеси ваннада кусуп жатсам, Дастан артымдан келип шектүү тиктеп турду. Боюмда болсо эле кусуп каларымды билчү эле. Чыгып баратсам дароо билектен алды.
– Боюңда барбы?
– Ооба.
Мурун ар дайым боюмда бар экенин укканда кучактап өпкүлөп, чекеси жарыла кубанган ал бул жолу чекесин бырыштырып гана алды.
– Кубанбайсыңбы?
– Кубанам, бирок...
– И-и?
– Баян, Назиктин да боюнда бар...
Мындан көрө жер жарылып кетсечи. Көзүм караңгылап турса да, акыркы күчүмдү жыйнап суроо узаттым.
– Канча айлык?
– Бир жарым, эки айлык деди го...
Мына сага тамаша, демек, экөөбүз  бир убакта төрөйт экенбиз да. Мына сага трагедиясы, комедиясы аралаш жашоо! Эшикти жаап, өз бөлмөмө кирип жүзтөмөндөп түштүм. Ыйлаганга алым келбеди, же ыйлап жатып көз жашым кургап калганбы? Ушул учурда бир гана нерсени, бул дүйнөдөн жок болуп кетишимди тилеп жаттым.
Ушул күндөрү Эмир мени издеп келген экен. Эч кимди көргүм келбей турган, аргасыз гана шалдайып босогодо турдум.
– Кирсем болобу?
– Болбойт.
– Баян, ардагым, менин жардамым керек болуп жүрбөсүн.
Оо, кургурум ай, дагы деле мен деген сезими өчпөгөн экен, кареги жанып турду. А мен ошого татыктуумунбу?
– Мен сенден эч нерсе сурабайм, жаныңда гана болоюн. Апаңдан баарын уктум. Ал киши ыйлап, жалгыз гана мага айтып берди. Назикти өз колум менен мууздап салгым келип жүрөт, бирок...
– Эч кимге тийбе, баарына өзүм күнөөлүүмүн.
– Жок, сенден башкасы күнөөлүү болушу мүмкүн, бирок сен эмес. Сени, периштедей тазалыгыңды булгап жүргөн курбуларың күнөөлүү.
– Эмир, баарына ыраазымын. Мени жайыма койчу. Катуу чарчап жүрөм. Сен дагы жашоомду оорлотпочу. Чын, менде баары жакшы,- дедим. Бирок менде баары жакшы эмес эле... Өзөгүм өрттөнүп турганын өзүм да сезип жүргөм...
Окурман журт, маектешим Баян менен ушул жерден кебибизди үзгөнгө аргасызбыз. Анткени журналисттик чыдамкайлыкка салып жатып мен окурмандардын сунушунан улам окуянын каармандарынын бири Дастанды таптым. Алгач, албетте, баш тартты, бирок менин көктүгүмө таң бердиби, өз тагдырын айтып бергенге макул болду. Окуя эми Дастандын сөзү менен уланмакчы...

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
admin_superstan
2014-09-01 13:22:35
aidai88, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз.
0
Aygul
2014-09-01 14:43:34
Баяндын акылы жок экен... Ырыскысыз наристе -деп коюптур...
Озун ойлобой балдарын ойлосо болот го. Мындайда кайра курошуш керек балдары учун, барибир Баяндын никеси ак, ал женет.
Экоо тен балдарын, апасын козго илбей урушуп, жанжалдашып...
-1
roza.90
2014-09-01 16:20:00
Ушундан коро китебин таап окуш керек болуп калды.Же кичине кененирээк жазып койгулачы бай болгурлар.
0
Raduga
2014-09-01 19:46:59
Эх соонун чыгарма журокту эзет тим эле
0
Aselya_9105
2014-09-02 01:45:23
бул чыгарманы кино кылып тартса жакшы болмок.
0
ademi11
2014-09-02 01:47:50
Дастан эми болушунча баянды жамандайт болуш керек
0
Ak_gulum
2014-09-02 09:59:18
Мына сюрприз!!!!Журналист эже азаматсыз,бизди аябай кубандырдыныз.
0
bakaika
2014-09-02 10:33:51
кийинки санын чыдамсыздык мн кутом
0
ladyshirin
2014-09-02 12:29:40
Дастан эми актанбастан Назиктин торуна кантип тушконун, Балдарынан кол узо албашын гана айтса керек, акылы жетсе Баянды жамандабайт го дейм, кантсе анысы суйуп, ак никелеп алган жары да.
0
angelo4ka_96
2014-09-02 20:45:20
Окуп атып ыйлап алдым...Назик шайтан алгыр неме кантип боюнда болуп калды? Мындай бузукуларга да Кудайым наристе береби? Дастан эми былжырап Назиктин сулуулугуна алдандын, арбалдым, балдарымды да Баянды кыя албаймын, эки ара жолдомун дейт го.
0
rozka
2014-09-02 22:20:00
Аябай окунучтуу ак никесин бузуп эки арам болуп жургонун бети жоктун
0
Missulya
2014-09-03 07:55:42
Кандай жаман суйгон адамын ...... эми Дастандын козу менен окуйткенбизда. Назик менен кантип табышып калганын билгим келтат
0
g.jumabekova
2014-09-03 13:50:47
Урматтуу чыгарманын жаратуучулары! Бул чыгарманы окуганда мага реалдуу чыныгы болуп откон окуянын негизинде жазылгандай сезим калтырат. Мага жооп берип койгулачы реалдуулуктун улушу барбы бул чыгармада
0
Nurai777
2014-09-08 08:09:02
Dagy bir juma, kachan chygat kezektegi sany????
0
admin_superstan
2014-09-08 10:21:36
Nurai777, саламатсызбы!
Жаңы саны 12-сентябрда чыгат. Сайтка 15-сентябрда жарыяланат.
0
Isebaby
2015-04-30 17:12:10
Душманынды алыстан издебе деген туууптууураааа,байкуш Баян.Мен ыйлагым келип жатааат.
0
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан