ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (1-сентябрдан 7-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада иш ордуңуздан көтөрүлүүгө жардам берчү адамдар менен таанышышыңыз мүмкүн. Шейшембиде сүйүүнү алыстан издебей, сизди курчап жүргөн адамдарга назар салыңыз. Бейшембини билимиңизди өркүндөтүүгө арнап, китеп бетин барактап коюу ашыкча болбойт. Дем алышта жакын адамдарыңыздын жанында болуп, аларга камкордук көрсөтүңүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Алдын ала макулдашылган пландарды өзгөртүүдөн коркпоңуз, баары бир ийгилик кушу сиздин колуңузга конот. Шаршемби күнү досторуңуз чакырган кечеде болочок түгөйүңүзгө жолугуп калышыңыз  ыктымал. Аптанын экинчи жарымында иш-аракетиңизге кылдат талдоо жүргүзүп, анан гана чечим кабыл алыңыз. Жетишерлик эс албагандан улам дем алыш күндөрү башыңыз оорушу мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта эгиздер үчүн чырлуу иштерди териштирүү менен башталат. Шейшембиде шашмалыгыңыздын айынан бүтүн буюмду бүлдүрүп алышыңыз мүмкүн. Шаршембиде ашкана жаатында экинчи демиңиз ачылып, жакындарыңыздын мактоосуна арзычу даамдарды жасап бересиз. Аптанын аягында романтикалык кеч уюштуруп, сүйүктүүңүздүн көңүлүн көтөрүп коюуну унутпаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбү күнү жумушта сиздин профессионалдуулугуңуз талап кылынат. Колуңуздан келбей калса, дароо эле иш ордуңузду алмаштырууну ойлобоңуз. Аптанын ортосунда жакын адамыңызга кызганууга жол бербеңиз, сизге да ошондой жооп келиши мүмкүн. Дем алыш күндөрү жан дүйнөңүзгө эс алуу тартуулап, табият коюнуна чыгып эс алып келиңиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башында көзүңүз жетпеген ишти убада кылуудан алыс болуңуз. Шейшемби, шаршемби – арстан жылдызындагылар үчүн ийгиликтүү болушу күтүлөт. Айрымдарга киреше кирсе, кээ бирлер жумуштан ийгиликтерге жетишет. Дем алыш күндөрү сүйүктүүңүз менен чырдашып кетишиңиз мүмкүн, баарын тынч чечкенге аракет кылыңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптада жаңы таанышуулар орун алып, досторуңуздун саны көбөйөт. Шейшемби же шаршемби күнү туугандарыңызды конокко чакырсаңыз, алардын батасын аласыз. Жумада иш жаатында активдүүлүгүңүздү көрсөтпөй эле коюңуз, энергияңызды бекер коротосуз.  Дем алышты үй-бүлөңүзгө арнап, көптөн бери пландап келген майда-чүйдө жумуштарды бүтүрүңүз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кетирген катаңызды моюнга алып, башка бирөөгө шылтабаңыз. Шейшембиде биринчи сүйүүңүзгө жолугуп, бирок ага болгон сезим өчкөнүн сезесиз. Бейшембиде жеке жашоо менен жумушту аралаштырбаганга аракет кылыңыз. Ишембиде жакшы маанайды өзүңүз чакырып, көңүлүңүзгө жаккан гана иштерди аткаруу сунушталат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө жакын адамыңыздын бири сиздин ийгилигиңизди көрө албай бут тосушу мүмкүн, сак болуңуз. Шаршембиде алдын ала планыңызды айтпай туруңуз, атаандаштар идеяңызды уурдап кетиши ыктымал. Жума – тиричилик техникасын сатып алууга ылайыктуу күн. Дем алыш күндөрү жан дүйнөңүздү байытып, көркөм адабияттарды окуп эс алыңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта ачылбай келген таланттарды көрсөткөнгө ылайыктуу. Шаршембиде сүйүү жаатында башкалардын оюна маани бербей, өзүңүз чечим чыгара билиңиз. Бейшембиде алыстан кабар келип, натыйжада жакынкы аралыкта чет өлкөгө чыгып келүү планыңызга кошулушу мүмкүн. Жекшемби күнү кокустан жаракат алып калуу коркунучу бар, жолдо абайлап жүрүңүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Көптөн бери өзүңүзгө көңүл бөлө электигиңизди ушул аптада сезесиз. Өзүңүздү биринчи орунга коюп, сулуулук салонуна баш багыңыз. Дүкөн кыдырып кийим-кечек, косметика сатып алыңыз. Шаршембиде «жок» деген сөздү айтуудан коркпоңуз, антпесе айрымдардын көлөкөсүндө каласыз. Жума күнү ден соолугуңузду текшертип коюу ашыкча болбойт.

Суу куяр (21.01-19.02)
Бул аптада суу куяр жылдызындагы бойдоктор үчүн түгөйүн табууга мүмкүнчүлүктөр көп.  Шейшембиде жетекчилик тапшырган ишти мыкты аткарып, иш ордуңузду бекемдей аласыз. Бейшемби үй ичин оңдоп-түзөөгө, эмеректерди алмаштырууга ылайыктуу күн. Дем алыш күндөрү жакын адамыңызды киного же театрга чакырып, жагымдуу эс алып келесиз.

Балык (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө махабаттын торуна кабылышыңыз күтүлөт, бирок жумуш бар экенин да унутпоо зарыл. Мурунку аткарган ишиңиз жемишин шаршембиде берип, кубанасыз. Аптанын экинчи жарымы бейпайга салбай, тынч өтөт. Дем алыш күндөрү үйдө отурбай, досторуңуз менен чогуу жаратылыш коюнуна чыгып эс алып келиңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан