Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Кокон ордосунда Нүзүпкө каршы күчтөр топтолуп жатканынан толук кабардар болуп турган Амир Насурулла эми Алим хандын экинчи уулу Мурад бекти тукуруп, Ибрагим бектей кылып жалгыз жиберип койбостон, көп кол алып өзү кирмекчи болуп калды. Бул Кокон үчүн өтө кооптуу окуя эле. Амалга жетпей, Нүзүптүн аталыгын көрө албай, ачык каршы чыгууга деми жетпей жүргөн айрым бектер, уруу башчылары Мурад бек жакындаары менен жалт коюп, ал тарапка өтүп кетиши мүмкүн эле. Ушундай кооптуу учурду пайдаланып, чочуганынан бир чоң амал берип тындырса, тынууну көздөп Мусулманкул Нүзүпкө моюн толгой баштады. Муну угар замат жанына Мала бекти кошуп алып Нүзүп кыпчактарга жүрүш жасады. Нүзүптүн күчү көп эле. Урушуп абийир таппасына көзү жеткен кыпчактын эстүүлөрү камчыларын моюнга салып, өздөрү багынып беришти. Нүзүптүн каары жазылбай, Мусулманкулду баш кылып ага жан тарткан кырк бекти алдына салып, желдеттин колуна салып бермекчи болуп келди.
«Биринин калбай элдин алдында башы алынат!» деп чамынып жаткан аны «Кечиргейсиз, аталык, эрк аллаярдыкы...» деп муңайым кеп урганы менен үнүнөн каяша угулган Шады ынак токтотту.
– Ушундай болсунчу, Нүзүке,- деди Шерали кыйналып. – Жоо алгыр чырлуу иш экен...
– Болуптур, бир кишиден башкасы азат болсун.
Шады ынак тынчып калбады:
– Болсо баары азат болсун, аталык. Мусулманкулду чеңгелден чыгаргыңыз келбей турат го. Отуз тогуз бекти кырып таштоо бир, жалгыз Мусулманкулду өлтүрүү да бир. Уругуна баркы зор...
Нүзүп чачырап жинденип кетти:
– Сен Шады, Мусулманкулдун тынч жүрөрүнө ишенесиңби? Бери түз карап айтчы, ыя, ишенесиңби сен?
– Кайда барат?
Ордо кишилери тарабынан Нүзүп биринчи жолу каяша жеди, биринчи жолу Шерали анын ыгынан чыгып турганын көрдү.
– Болуптур...- деди ал. – Силердин айтканыңар болсун. Мен ишенбейм Мусулманкулдун тынч жүрө алышына, көзүм жетпейт. Эгер азат болгон соң Мусулманкул Амир менен байланышып кетчү болсо, же дагы чийинден чыга баштаса, бери кара, Шады шум, сени жерге тирүүлөй көмүп таштайм! Уктуңбу?
Эртеси Мусулманкул Шералинин этегине тооп кылып, Нүзүп менен кучакташып, жарашып тынышты. Бирок иш оңолгон жок. Нүзүп менен Мусулманкулдун кастыгы мурдагысынан коркунучтуу тымызын түргө өттү.
1844-жылдын жазы эле...
Диванхана. Шерали хан. Бир топ кишилер тегеректеп турушат. Шералини көндүрө албай жатышкан сыяктуу. Шады ынак. Казый. Аскер кишилери... Баягы Шерали эмес. Сакал-муруту сыпаа чертилген, жүзү агарып, денеси толуп, кейпине сөөлөт кирип, көзү тирилип, кишини көтөрүңкү тиктеп калган.
– Өзүңүз ойлоп көрүңүз, о аллаяр... Биз сиздин адал ниет кулуңузбуз, сиздин ыкыбалыңыз жүрсүн дейбиз, сиздин даңкыңыз жогору болсун дейбиз... Өзүңүз көрүп турасыз, тыштан душмандарыңыз көбөйүп кетти. Амир али тынчыбайт, вилаеттериңизди башкарып жаткан бектериңиздин кабагы салыңкы... Себеби эмне? Нүзүп! Ушу сиздин өзүңүзгө да түбүндө ниети түз эмес. Сизге карагысы келбейт, а уулуңуз Мала бекти байкайсызбы? Дайыма жанына тартып, ишке аралаштырып, каныктырып, эл таанытып, жол таанытып, э-э бул туз ургурдун көңүлү алыста, бирдемеге даярдап жүрөт. Хан көтөрүп алгысы бар Мала бекти, бир күнү сизди тындым кылып...
Шерали унчукпады. Көзү жылт деп маңдайында илинип турган чокойго улам түшүп турду. Эч айрылбай байкап турган Шады ынак:
– О, аллаяр... Ана... Кылган иши ушу... Сиздин бир Кудай сүйүп бак берген хан башыңызды пас кылганы... Улук даражаңызды кемитип, тепсегени...
Көзүн сүзүп таазим кылды казый:
– Бу шарттан да, шарияттан да тышкары.
Тегерегиндегилер туш-туштан коштоп киришти. «Ордо мындай болбойт... Ордоңузду кембагалдардын үйүнө теңеди... Бахарага кеп болдук... Хоразмга кеп болдук...»
– Хазрати! Чаап алып таштайын бу кордукту, уруксат кылыңыз!- деп жиберди аскер кишилеринин бири кылычына кол сермеп.
Шерали жалт карады. Жүзүндө ич толгоо, суроо. Баарын кыдырата тиктеди. Баары бир кабак. Баары бир ооз. Ушундайбы? Анын көңүлү оой баштады. Нүзүп шылдың кылып чокоюн маңдайына илип таштаган турбайбы! Тизгинин тартып алган турбайбы! Кор кылган турбайбы! Эрди кымтыла баштады.
– Ал!- деди Шерали катуу арданып кетип. Дуу-дуу. Шады ынак ошо замат бир парча кагазды бет алдына кармай берди.
– Бул эмне?.. Оку!- деди Шерали. Шады ынак окуган жок, жакын ийилип сүйлөдү:
– Жарлык...
– Чокойгобу? Ошого да жарлык керекпи? Алып ташта!
Иш ток этерине жакындап келгенде баары дем тартпай катып калышты.
– Чокойду коюңчу... Аллаяр, чокойду Кудай алсын!.. Муну ойлоп тапкан башты, муну боюбуз жетпей жаткан жерге бекемдеп илген башты, о кудурети күчтүү хазрати, а ошону алуу керек оболу...
Шерали түшүнбөй калды. Туш-туштан туруп түшүндүрүштү. Шерали чочуп кетти:
– Йе!.
– Ушул зарыл... Ушундан башка жол жок...
Казый ого бетер күчөттү:
– Жол ушул ки, сиз ишенип берген тизгинди сиздин каалооңуздай, Кудайдын каалоосундай кылып жакшы алып жүрө албаса, андай адамды, ким гана болбосун, сиз аны жазалап
коё аласыз...
Аны кожо коштоду:
– Хандын жазасы Кудайдын жазасы. Кудайдын жазасы күнөөкөрдү күнөөдөн сап кылат. Бейнамаздын кылган күнөөсү башынан ашып кеткен. Башын алып таштамайынча анын боюнан күнөөсү сап болбойт!
Шады ынак:
– Таксыр, ыштанына чычкан колун аябайт. Билинер иш билинди. Энди ким кимибиз болсок да, аянбайбыз. Эми аянуу – жексен болуу...
Шады ынак Шералини ачык коркутту. Анын айласы куруп кетти:
– Майли, тизгинди алып коёлу... Кетсин, тоого барып күнүн көрө берсин...
– Хм! Нүзүп сиздин артыңыздан Коконго ээрчип келген бир селсаякпы?! Нүзүп деген элеттин бир жагын чоюп жүргөн бий! Нүзүп дегендин артында элеттин жер түтөгөн көп колу турат! Майли дейли, аны бүгүн тоого кетирип жибериңиз, ошол бойдон тынч жатып калар бекен, а эртең үйүбүздүн үстүнөн каптаган сел болуп кайра кирип келсечи?.. Ошондо, аллаяр, азиз башыңызга күн түшүп калбас бекен, а?.. Кишинин бир мертебе көңүлүн оорутуп алган соң андан ары аны аяба, биротоло түбүнө жет, антпесең ал сенин түбүңө жетет, ал сени жексен кылат. Акылдын талабы ушул...
Кожо:
– Душмандын өлүк болгону жакшы. Камтама кылбайт эч качан...
– Элеттин колу... Жер түтөткөн көп колу...- шалдырап күбүрөдү Шерали. – Гм... Гм... Нүзүп өлгөндөн кийин каптап келбейбиз дедиби элеттин жер түтөткөн көп колу?..
– О, аллаяр... Өлгөндүн артынан эч ким ээрчиген эмес алмустактан бери эле. Нүзүптөн кийин элеттин бирлиги кетет. Ар уруу өз бетинче болуп, бийлери эптеп ордого жакындашуу
аракетине өтөт. Кудайга шүгүр, сиздин тамырыңыз элетте Нүзүптөн кем эмес. Ханике айым Жаркындын атасы Токтоназар бийдин балдары менен датка тагаңыз Ажыбайдын балдары бар, ана, алар эми сизди ээрчибей кимди ээрчийт? Баары эсептелген... – Шады ынак жеңинен башка бир парча кагаз алып чыгып, ийилип Шералинин алдына кармады. – Мына бу...
– Бул эмне?
– Бу сиздин улук жарлыгыңыз...
– Дагы кандай жарлык?..
– Нүзүптүн башка энеден туулган Кожомурат деген укеси бар. Ана ошо Кожомуратты датка кылып көтөргөн улук жарлыгыңыз... Кожомураттын жолунда бир келтек жатат. Бир учунан кармаса – өч кууп, ордо менен касташуу, касташканда абире алары күмөн. Экинчи учун кармаса – ордо менен достошуу, мартабасын элет ичинде көтөрүү. Кожомурат пенде. Сөзсүз келтектин экинчи учунан кармайт. Элетте көр намыс деген болот, биз аны ошол көр намыска кетирбей, алаксытып келтектин экинчи учун көрсөтүп коюшубуз зарыл.
Шерали алдырды. Кабагын чытып, башын акырын ийкеди. Жашырын уюшкан Нүзүптүн кутумдары дуулдап турушту. Ошо казый, бир кезде Нүзүпкө аталык вазифасына өтүшкө кашкайып туруп тарыхтан мисал, шарияттан жол таап берген шум казый эми бул иш шариятка түз деп, кашкайып туруп бир риваят окуду. Шады ынак биринчи жарлыкты калтыраган колдору менен Шералинин алдына кыстап сунуп турду. Шерали кайра ыргылжың боло түштү. Жарлыкты алганы келатып колун кайра тартып баратканда Шады ынак колун акырын кармап токтотуп калды:
– Таксыр...- деди ал кубарып. Шерали жоошуй түштү. Шады ынак анын эмне кыларын билбей шалдырап турган колун бекем кармап, баш бармагына салынып жүргөн хандык мөөргө сыя сүртүп туруп жарлык кагазга басып салды. Ал мөөр басылган кагазды алыстан көрсөтүп, бийик кармап өзү тооп кылып алды:
– Таксыр! Энди кут этмей жок. Сөздүн ачыгы ушул ки, энди бул бир парча кагаз желдеттин колуна берилсе, азыр эчтемеден капары жок жүргөн Нүзүп аталыктын башы кетет, а кокустан Нүзүп аталыктын колуна түшүп калгыдай болсо, о Кудай, анын бетин ары кылсын анда... Сиздин азиз башыңыз кетип калышы да бар... Башталар иш башталган соң эми кимибиз болсок да бекем турушубуз зарыл...

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kykesh
2014-09-03 09:07:52
На те политика
0
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан