7-ноябрь – Басма сөз күнү
Азыр гезит көп. Көңүл ачуучу, саясий-маалыматтык, жарнамалык, криминалдык, айтор, сан түркүн. Гезиттер мына ушундай миң түркүн жүзгө, үнгө ээ болгуча кандай жолдорду басып өткөн? Кабарыңыз барбы?
ГЕЗИТТИН ТАРЫХЫНАН
Биринчи кайда пайда болгон?
Байыркы Римде ар түрдүү окуялар чегилип жазылган жыгач тактайлар байларга, сенаторлорго таратылып турчу. Рим императору Юлий Цезарь «маалымат тактайлар бардык элге таратылсын» деген буйрук чыгарган. Бул тактайлар учурдагы гезиттердин түпкү атасы десе болот. Ал эми жазма түрүндөгү гезит биринчи жолу биздин замандын 911-жылы Кытайда пайда болгон.
Эмне үчүн газета?
16-кылымда Италиянын Венеция шаарында кемелердин жүгүртмөсү, падышанын жашоосу, шаар аралык соода байланыштары, жалпы эле соодага байланышкан жаңылыктар жазылган баракчалар басып чыгарылып турган. Ал баракчалар “gazzetta” деп аталган Италиянын майда тыйындарына сатылчу. “Газета” сөзү ушул түшүнүктөн келип чыккан.
Эң көп нускалуу гезиттер
1990-жылы Орусиянын “Аргументы и факты” гезити дүйнөдөгү эң көп нускалуу гезит деп, “Гиннес рекорддор китебине” киргизилген. Ал жумасына 33,5 миллион нускада чыкчу. АКШнын “New York Times” гезити учурда күн сайын 1 миллион 77 миң, ал эми жекшембиде 1 миллион 476 миң нускада чыгып келет.
ГЕЗИТ БАСЫП ЧЫГАРУУ ОҢОЙ ЭМЕС
Ар бир тамганы тизип чыгуу керек
Компьютердик индустриянын өнүгүшү азыркы журналисттердин түйшүгүн кыйла жеңилдетти. А мурун кандай эле?
Алгачкы гезиттерди чыгарууда жыгачтан оюлуп жасалган тамгалар колдонулчу. Жазылчу сөздү ошол тамгалардан курап, атайын калыпка кол менен тизип чыгышкан. Анан калыпка тизилген тамгаларга боёк куюлуп, үстүнө кагаз бастырылган. Ошондо калыптагы текст толугу менен баракка түшкөн. Кээ бир учурда тамга калыптарынын жетишсиздигинен бир бет кагазга басылып бүткүчө экинчи бет басылбай токтоп турган.
Коргошун, фототергич, компьютер...
Техниканын өнүгүшү менен басмакана кызматкерлери ар бир тамганы колго тизүүдөн кутулушкан. Башкача айтканда, тамга терүүчү машина “Линотип” (лат. linea — сап, typos — так) пайда болуп, ал коргошун менен иштеген. Текст терүүчү адам клавиатураны басканда калыпка тамгалар тизилип, ага эритилген коргошун куюлуп, текст жазылган. Эгер саптагы сүйлөмдөн бир ката кетсе, аны оңдоо үчүн саптын баарын кайрадан терип чыгууга туура келген. Негизги текст машина менен териле баштаганына карабай, макаланын аталыштары, рубрикалар жыгач тамгалар менен колго тизилген. Жакынкы күндөргө чейин Кара-Кулжа, Бакай-Ата өңдүү райондордун гезиттери ушул технология менен басылып келди.
“Линотип” машинасынан кийин текст терүүчү аппарат – фототергич чыккан. Мында аппаратка терилген ариптер плёнкага түшүрүлгөн. Анан аны кайчы менен кесип, ар түрдүү дизайн жасашкан.
Заман агымы менен бул иш процесси да артта калып, кадимки компьютер колдонууга кирген. Гезит беттери компьютерде даярдалып, анан принтерден атайын плёнкага чыгарыла баштаган. Ал плёнкадан гезит беттери ультрафиолет нуру аркылуу пластинага түшүрүлүп, басууга берилген.
Ал эми азыркы учурда журналист материалды компьютерге терет да, аны дизайнер жасалгалап, редакциядан интернет аркылуу басмаканага жөнөтөт. Материалдар СtP (Computer-to-Plate) деп аталган аппаратка жөнөтүлүп, ал жерден пластинага түшүрүлөт. Пластинадан резинага түшкөн маалымат гезит болуп басылып чыгып, окурмандарга жаңылык жеткирүүгө шашат.
Жогоруда саналган тепкичтерди дүйнө жүзүндөгү бардык гезиттер, анын ичинде кыргыз гезиттери да басып өтүшкөн.
Кыргызстандын аймагында чыккан алгачкы орус тилиндеги гезиттерди кыргыздын туңгуч интеллигенттери окуп, маалыматтарды элге жеткирип турушкан.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg