2010-жылы ырчы Шакиранын аткаруусундагы «Loca» аттуу ыр дүйнөлүк хит ырларынын төбөсүндө турган болчу. Жакында ырдын артынан чоң чуу жаралды. Тактап айтканда, Шакираны ырды башка бирөөлөрдөн көчүрүп алды деген айып тагып, аны сотко беришкен. Автордук укугун коргогон доминикалык Эдуард
Эдвин Белло Поу 2007-жылы ырды жаздырып ырдап чыккандыгын айткан. Бул ырдын түп нускасы «Loca Con Su Tiguere» деп аталат. Ал эми ырдын текстин Рамона Ариаса Васкеса 1990-жылдардын башында эле жазганы айтылууда.