Атактуу «Мыкты жигиттер» корей тасмасындагы төрт жигиттин бири Жи Хунун ролун аткарган кореялык актёр жана ырчы Ким Хёнжун сүйлөшкөн кызын сабап, бул иш сотто каралып жаткандыгы кабарланууда. Хёнжун сүйлөшкөн кызын үч жолу сабап, натыйжада анын кабыргасы сынган. Эгер актёр күнөөлүү деп табылса эркинен ажыратылып, 10 000 долларга барабар өлчөмдөгү айып пул төлөмөкчү.