СУЛТАН СУЛЕЙМАНДЫН КЕӉЕШЧИСИ ЯХЬЯ ЭФЕНДИ "СУПЕР-ИНФОго" МАЕК БЕРДИ

«Даңазалуу кылым» сериалында Сулейман султандын кеңешчиси, эмчектеши Яхья эфендинин ролун жараткан Хамди Алкан «Супер-Инфо» гезитине эксклюзивдүү маек куруп берди. Түрк актёру Кыргызстанда тасма тартууну пландап жатканын буга чейин жазган элек, андыктан баарлашуубуз Чуңкурчак капчыгайындагы тасма аянтында өттү.

«МУСТАФА ХАНЗААДА АМАН КАЛСА, ТАРЫХ ТАПТАКЫР БАШКАЧА ЖАЗЫЛМАК»
Сулейман султандын кеңешчиси Яхья эфенди менен маек

– Хамди мырза, июнь айынан бери Кыргызстанда тасма тартуу иштери менен алек болуп жүргөн экенсиз. Сапарыңыз кандай өтүп жатат?
– Оор кыйынчылык деле жок, сапарыбыз абдан көңүлдүү уланууда. Тартуу иштери башында 20 күндөй Ысык-Көл облусунда, кийин Бишкек шаарында уланды, ошого эки жактын аба ырайынын шарттарынын өзгөчөлүгүнөн бир аз кыйналдык. Бишкек Көлгө караганда бир топ ысык экен, көнө албай жүрдүк. Тартуу иштерин уюштуруу боюнча жардам берип жаткан режиссёр Сүйүн Откеевдин көмөгү менен оор маселелер билинбей эле өтүүдө. Кыргызстандык актёр жана актрисалардын тартылуусун да камсыздап берди.

– Инстаграм баракчаңыздан Кыргызстандын жаратылышын тарткан көп сүрөттөрүңүздү көрдүм. Аябай жаккан окшойт?
– Кыргызстандын кол тийбеген, бут баспаган табияты чоң таасир калтырды. Көпчүлүк буга чейин маани бербеген чыгар, бул жердин ар саатта, ар мүнөттө өзгөрүп турган жарыгы катуу таасирлентти. Анан аябай тынч жер экен, бул да маанилүү. Голливуд режиссёрлору келечекте тасма тартууда Кыргызстанды эң көп тандала турган географиялык жайга айлантат деп ойлойм. Анткени жаз айларынан баштап жай мезгили бою күндүзгү убакыт көпкө созулат. Түстөр да өзүнчө сөз кылууга арзыйт, биз июлда тартуу иштерин баштаганбыз, ошондо деле жаратылыш жапжашыл болуп турган. Керек болсо, Кыргызстандагы күн нурунун да өзгөчө түсү бар экенин аңдадым. Албетте, мунун баары таасир калтырбай койбойт.

– Сизди кыргызстандыктар «Даңазалуу кылымдагы» Яхья эфендинин ролунан улам таанышат. Бул долбоорго кандайча чакырылып калгансыз?
– «Даңазалуу кылымдын» продюсери Тимур Савжы менен мамилебиз аябай жакын, ал бир тууган инимдей болуп калган. Сулейман султандын ролун ойногон Халит Эргенч менен да мурунтан таанышмын, ал мен режиссёрлук кылган тасмалардын бирине тартылган болчу. Көп убакыттан бери доспуз. Анан «Даңазалуу кылымдын» 6-7 сериясына катыша турган конок актёр катары мени чакырып калышты. Сериалдын өзү да чоң ийгиликти жаратып, дүйнөнүн бир топ өлкөсүнөн 300-400 миллион көрүүчүлөрдү чогулта алды. Укканыма караганда, АКШда «Даңазалуу кылымдын» ремейки тартылат. Азыр актёрдук курамды түзүү жана тартуу иштери пландалып жатыптыр.
Жараткан ролума келсек, тарыхта ээлеген ордунан улам өзүмө да Яхья эфенди жакчу. Яхьянын апасы Афифе хатун Сулейманды эмизгендиги үчүн экөө эмчектеш туугандарга айланышат. Ал белгилүү дин аалымы жана шыпаагер да болгон.

– Өзүңүздүн ойногонуңуз купулуңузга толдубу?
– Албетте. Яхья эфенди Осмон империясынын тушунда тарыхта ысымы сакталып калган кадыр-барктуу адамдардын бири. Анын үй-жайы Стамбулдун Бешикташ деген жеринде орун алып, өмүрүн ошол жерде өткөргөн. Ал жер бүгүн да өзгөчө жай, адамдар барып зыярат кылып турушат. Ушундай каармандын ролун жаратканым мени толкундантты.

– Тарыхта Мустафа ханзаада атасы Сулейман султан тарабынан муунтулгандан кийин өкүмдарга каршы пикирин ачык айта алган бир гана Яхья эфенди болгон деп айтылат. Эгерде карапайым калктын сүймөнчүгү болгон Мустафа өлтүрүлбөгөндө империянын өмүрү дагы узак болот беле деп ойго батып көргөнсүзбү?
– Ооба, ошондой ойлор болгон. Тилекке каршы, Осмон империясындагы уулдарын өлүмгө кыюу окуялары өтө кейиштүү, кадимкидей өкүнүп да кетесиң. Падышачылыкта күчтүү жана тез аракетке өтүүгө жөндөмдүү болгон душмандары тарабынан тактын башкы мураскерлери өлтүрүлгөн окуялардан көбүнүн кабары бар. Балким, Мустафа тирүү калса, тарых таптакыр башкача жазылмак. Мунун баарын ойлонуп отурсаң, албетте, моюн сунгуң келбейт. Мен азыркыга чейин Мустафанын адилетсиз өлүмүнө капа болуп, ал аман калганда өтө башкача өнүгүү болмок деп ойлой берем.

– Сериалдагы эң баалаган актёр-актрисаңыз ким болду?
– Баары бири-биринен өтүп баалуу. Бирок алгачкы сезондон тартып эң соңку сериясына чейин тартылган Халит Эргенчти баса белгилегим келет. Чоң мамлекетке өкүмдарлык кылган падышанын жылдан жылга өзгөрүүсүн, башынан өткөн азаптарын, жок эле дегенде, бийлик башында турган султандын адамдык сапаттарын, сүйүү сезимдерге да кабыларын, уулдары менен болгон күрөштөрүн эң мыкты көрсөткөндүгү үчүн Халит Эргенчтин ролу ийгиликтүү болду. Өзгөчө деп паргалык Ибрагимди ойногон Окан Ялабык жана Мустафанын ролун жараткан Мехмет Гүнсүрдү айтууга болот. Актрисалардан, албетте, эң баалагандарым Хүрремдин жаш кезин жараткан Мерьем Узерли менен карыган мезгилиндеги учурун ойногон Вахиде Перчин болду.

– «Даңазалуу кылымга» тартылуунун алдында жетекчилердин сизге койгон кандайдыр бир талаптары болдубу?
«Сакалыңды кырбай, өстүр» деп суранышты. Ошол үчүн узун кылып өстүрүүгө туура келди, тартуу иштери бүткөн соң кыскартып салдым.

– Өмүр баяныңызды окуп көрсөм, кесибиңиз электрик экен. Анан да Түркияда убагында эң популярдуу «Рейтинг Хамди» деген комедиялык программа менен таанылыпсыз. Кандайча актёрлукка келип калгансыз?
– Башталгыч класста окуп жүргөндө эле театрга кызыкчумун. Тагдыр ушундай экен, университеттен электрик кесибине ээ болуп, бирок андан ары телеканалдарда берүүлөрдү даярдоо жагына өтүп кеттим. Өзүм ойногон «Рейтинг Хамди» программасында 12 жылдай иштедим. Акырындык менен тасма жана сериалдарга тартылууга сунуштар боло баштады.

«ТҮРКТӨР МЕНЕН ИШТЕШҮҮ ЧОҢ ТАЖРЫЙБА БЕРҮҮДӨ»
Хамди Алкандын Кыргызстандагы өнөктөшү, режиссёр СҮЙҮН ОТКЕЕВ төмөндөгүлөргө токтолду:
– Мындан үч ай мурун бизге Түркиядан байланышка чыгышып, «Кыргызстанда толук метраждуу тасма тартканы жатабыз, ошол боюнча иштешсек болобу, жардам көрсөтө аласыңарбы?» деп кайрылышкан болчу. Биздин «Медиа стар» студиясы да өзүнчө тасма тартууну пландап жаткан, бирок түрктөр менен иштешүү чоң тажрыйба алып келмек.
«Жазга сапар» деп аталган тасма тууралуу кыскача айтып кетсем, анда түрк мугалимдеринин Кыргызстанда алгачкы мектептерди ачкан мезгили, анын жүрүшүндөгү кыйынчылыктар, билим берүү аркылуу эки элдин карым-катнашынын өсүүсү чагылдырылат. Тасманын бет ачары 2015-жылдын башына белгиленген, ал Кыргызстанда да көрсөтүлөт. Ал эми биздин студия кастинг өткөрүү, тасма тартуу жайларын, костюм жана башка реквизиттерди таап берүү менен алпурушуп, уюштуруу иштери менен алек болуп жатабыз. 50дөн ашуун кишиден турган чыгармачыл топ Түркиядан келди. Адистердин арасында Голливуд менен атайын эффекттерди жаратуу тармагында иштешкендер да бар. Тартуучу топтун заманбап техникалык каражаттары да Кыргызстанга биринчи жолу келди. Шарттан пайдаланып, андай тажрыйбаны үйрөнүп калууга аракет кылып жатабыз. Тасма аянтынан тышкары жардамдашуу иштерине Кыргызстандан 35тей адам катышууда.

«Даңазалуу кылым» сериалынын баяндамасы жана тартуу учурунда орун алган кызыктар тууралуу уланып келе жаткан макалабызды кийинки саныбыздан күтүп окуңуздар.

Эльвира Караева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Султан Сулеймандын кеңешчиси Яхья эфендинин эксклюзивдүү маеги
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
tebessum
2014-09-01 12:18:56
Demek Kyrgyzstandagy Sebat sistemasy tuuraluu tartylaby? Anda sonun bolso kerek. Kutobuz
+1
ASALARI
2014-09-03 15:31:11
Менда актриса болом дегем кичинемден бери тилеке каршы болалбай журом :(
+1
nuru95kg
2014-09-04 08:56:34
эн жакшы баа! Буйруса сизда актриса болосуз
+1
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан