Ян Аткинсон, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти: «КУМТӨР» ДОЛБООРУНУН ТҮЗҮМҮН ӨЗГӨРТҮҮ ПРОЦЕССИ ӨТӨ ТАТААЛ, БИРОК АКЦИОНЕРЛЕРДИН ПАЙДАСЫНА

– Аткинсон мырза, «Центерра» жана «Кумтөр Голд Компани» компаниясы Кыргызстандагы эң ири алтын кен ишканасынын 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарышты. Алар кандай?
– Алар жетишерлик ийгиликтүү. Жалпысынан жарым жылда «Кумтөр» ишканасында 180 793 унция, же 5623 килограмм алтын өндүрүлгөн. Компания Кыргызстандын бюджетине 58 миллион доллардан ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которду.
Биздин алдын-ала эсептөөлөрүбүз боюнча, «Кумтөр» ишканасында 2014-жылы өндүрүштүн көлөмү 550-600 миң унция, же 17,1-18,7 тонна алтынды түзөт. Мында, өткөн жылдагыдай эле жалпы көлөмдүн жарымынан көбү 2014-жылдын акыркы кварталында, борбордук карьердин SB зонасындагы алтындын курамы жогору участокко жеткенде өндүрүлмөкчү.
2014-жылы жалпы капиталдык жумшоолор, кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну чыгарып салганда, 86 миллион доллар өлчөмүндө пландаштырылууда. Анын 43 миллион доллары өнүктүрүүгө жана калган 43 миллион доллары негизги фондуларды модернизациялоого багытталмакчы.
Азыр «Кумтөр» ишканасында өндүрүштүн көлөмү анча жогору эмес, ошондуктан «Центерра» долбоорго олуттуу суммаларды коротууда. Ал алтындын курамы жогору руда жаткан SB зонасындагы участокко жеткенге чейин улана бермекчи.

– Январда Кыргыз Республикасы менен «Центерра Голд» компаниясынын ортосундагы ишкананын түзүмүн өзгөртүү шарттары жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Бирок түзүмдү өзгөртүүнү аягына чыгаруу боюнча иш акырына чыгарылган жок. Сиз сүйлөшүүлөрдүн учурдагы абалын кандай баалайт элеңиз?
– «Центерра» түзүмүн өзгөртүү шарттары жөнүндө макулдашуу (РШМ) менен толук ылайык түзүмүн өзгөртүүнү аяктоону жактаган жана ошол бойдон калууда. «Центерранын» директорлор кеңеши ар кандай макулдашуу, «Кыргызалтын» ААКсын кошо алганда, «Центерранын» бардык акционерлерине карата бирдей адилет болууга тийиш деген көз карашты дайыма карманып келген. Түзүмдү өзгөртүү биздин кыргызстандык эмес акционерлерибиз (алардын «Центеррадагы» үлүшү 67 пайызды түзөт) тарабынан жактырылууга тийиш. Эгерде түзүмдү өзгөртүү процесси адилетсиз болсо, ал жактырылбайт.
Биз акционерлерибиз түзүмдү өзгөртүү процессин колдойт деп үмүттөнөбүз. Мына ошондуктан юридикалык жана финансылык маселелер боюнча консультанттарыбыз менен бирдикте тиешелүү документтердин бүтүндөй пакетин даярдоо менен алектендик.
Быйыл июнда башкы документти «Центерра» Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана «Кумтөр» боюнча жумушчу топко, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы консультанттарына —DLA Piper жана PricewaterhouseCoopers компанияларына жөнөттү. Биз азырынча макулдашуунун долбоору боюнча толук жооп алган жокпуз, бирок жумушчу топ өзүнүн кеңири комментарийлерин жакынкы мезгилде берет деп үмүттөнөбүз. Андан тышкары 6 негизги макулдашууну да даярдадык. «Центерра» түзүмдү өзгөртүү шарттары жөнүндө макулдашуу менен каралган келишимдерди тезинен түзүүнүн кызыкчылыктарында жумушчу топ жана анын кесипкөй кеңешчилери менен ыкчам жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр.
Макулдашууларга кол коюлгандан кийин алар парламентке жана «Центерранын» акционерлерине берилмекчи, ошондой эле бекитүү үчүн Канаданын сотуна жөнөтүлмөкчү.
Мындан тышкары макулдашуулар бардык акционерлерге карата адилеттүүлүк маселеси боюнча көз карандысыз экспертизадан да өткөрүлмөкчү. Бул татаал процесс, бирок «Центерра» бардык акционерлердин, анын ичинде «Кыргызалтын» ААКсынын да пайдасына түзүмдү өзгөртүү процессин аяктоо үчүн болгон күчүн жана каражаттарын пайдаланат.

– Аткинсон мырза, сиз түзүмдү өзгөртүү процесси акционерлер тарабынан жактыруу алганынан көз каранды болот деп айттыңыз. «Кыргызалтын» ААКсынан тышкары кимдер «Центерра Голд» компаниясынын акционерлеринин катарына кирет? Алар жогорудагы процесстин шарттары жөнүндө макулдашуу менен каралган бүтүмдү жактырышабы?
– Баарынан мурда төмөнкүнү кайталагым келет: түзүмдү өзгөртүү процесси акционерлер тарабынан жактырылат деп үмүттөнөбүз.
«Центерранын» акционерлеринин катарына алардын штаб-квартиралары Нью-Йоркто, Лондондо жана Европанын башка шаарларында жайгашкан дүйнөдөгү бир катар ири финансы уюмдары киришет. Бул инвесторлор жөнөкөй уюмдар эмес. Алар каякка акча жумшоону тандай алышат. Алар миллиарддаган долларларды башкарышат.
Менин айтканымдай, биздин макулдашууга эл аралык инвесторлорубуз тарабынан жактыруу талап кылынат. Мына ошондуктан бул макулдашуу адилет жана алардын колдоосуна татыктуу экендигин далилдөө маанилүү.

– Сиздер кандай түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатасыздар?
– Башкы прокуратуранын аракеттеринин натыйжасында «Центерранын» өкүлдөрү түз сүйлөшүүлөр үчүн Бишкекке келе алышкан жок. Биз тергөөнү тезинен аяктоосуна үмүттөнүп, «Кумтөргө» байланышкан бардык маселелерди жөнгө салуу үчүн Башкы прокуратура менен кызматташтык. Бирок, Башкы прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн аякташын күтпөстөн «Центерра» жолугушууну Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары, мисалы, Стамбулда жүргүзүүнү сунуштады. Өз сунушубузга жоопту азырынча алган жокпуз. Башкы прокуратурадан тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө тастыктоону алганыбызда, биз, албетте, жолугушууларыбызды Кыргыз Республикасында кайра уланта ала турганыбызга үмүттөнөбүз.
Сүйлөшүүлөргө өзүбүз катышуу үчүн Бишкекке келе албаган бул мезгилде телефон менен, ошондой эле өзүбүздүн кесипкөй консультанттарыбыз аркылуу ишти улантып жаттык. Биз бир катар маселелер боюнча олуттуу ийгиликке жетише алганыбыздай сезилет, анын ичинде түзүмдү өзгөртүүнүн алкактарында кол коюлууга тийиш болгон макулдашуулардын тизмеси боюнча келишимге да.

– «Кумтөр» алтын кенин иштетүү Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн зор мааниге ээ. Сүйлөшүүлөр процессин жана анын форматы кыргыз тарапка пайдалуураак болгон биргелешкен ишкананы түзүүнү кантип тездетүүгө болот?
– Биздин көз карашыбызда, түзүмдү өзгөртүүнү тез аяктоо жана ал боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биротоло чечимин кабыл алуу үчүн ишке жогору квалификациялуу жергиликтүү жана эл аралык консультанттарды тартуу өтө зарыл. Бул болочокто «Кумтөр» долбоорунун айланасында жаңы талаш-тартыштарды болтурбоо үчүн керек. Түзүмдү өзгөртүү канчалык тез аяктаса, Кыргыз Республикасы «Кумтөр» долбооруна түз катышуунун артыкчылыктарынан ошончолук толук пайдалана алат. Албетте, мунун башкы жана түз артыкчылыктарынын катарында кенди иштетүүдөн түз акча агымдарынан өзүнүн пропорционалдуу үлүшүн алуу бар.
Мындан тышкары түзүмдү өзгөртүү процессин аяктоо башка чет элдик инвесторлор үчүн да оң сигнал. Кыргызстандын бизнести өнүктүрүү үчүн ачыктыгын күбөлөөчү белги болуп калмакчы. Бул, өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өтө кызыктар болгон республиканын экономикасына башка инвесторлорду тартууга да жардам бермекчи.

Айбек Жакшылыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jaazira13
2014-09-01 18:40:41
негизинен бул татаалдыктын копчулугуно биз кунообуз, келишимге кол коюп анан планды жактырбай, же болбосо калган 8 келишимдерге кол койбой эле чоюп журобуз. биз биргелешкен ишкананны тузгончо ар бир куну миллиондон акча жоготуп атабыз, кумтордун тарабынан, жанакы потенциалдуу инвесторлорду качыргандан
0
Frunze1
2014-09-07 11:56:33
буларды инвестор дегендер бийликтин кошоматчылары, центерра бул элдин байлыгын коз коруно уурдаган нагыз каракчылар... муну бешиктеги бала да билет, актанбай эле койгула!!!
-1
jaazira13
2014-09-10 17:17:12
эмне болсо да мурдагы бийлик куноода, азыр ким жакшы-жаманды аныктабайле, маселени туура чечишибиз керек. анан фактылар жок биздин карапайым элге кыйкыра берген жарабайт
0
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан