КЫРГЫЗСТАН ОРУСИЯГА КАЙСЫ АЗЫК-ТҮЛҮКТӨРДҮ ЭКСПОРТТОЙ АЛАТ?

Кыргызстан жашылча жана мөмө-жемиштерин Орусияга «жашыл коридор» аркылуу тоскоолдуксуз жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Азыркы тапта мал чарба продукциясына, тагыраагы, эт менен сүткө болгон чектөөлөрдү да жоюу туурасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул жаңылык биринчи ирет жергиликтүү фермерлер менен дыйкандардын көңүлүн бурду. Ошол эле учурда карапайым калктын ичинде «ансыз да арзандабай жаткан азыктар эми ого бетер кымбаттайбы?» деген суроо жаралды.

ЭМНЕДЕН БАШТАЛДЫ?
Украинадагы кырдаалдан улам АКШ, Европалык союз, Австралия, Канада жана Норвегия Орусиянын бир катар чиновниктерине жана компанияларына санкцияларды киргизди. Расмий Москва 7-августта жооп катары алардын азык түлүктөрүнө өзүнүн санкцияларын бир жылдык мөөнөткө чейин киргизип, андан тышкары буга чейин экспортко чектөө киргизген мамлекеттерге жол ачты.

ЭКСПОРТКО БОЛГОН ТОСКООЛДУК ЖОЮЛДУ
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 14-августта айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, экономика министринин орун басары Данил Ибраев, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Самир Осмоналиев менен өлкөнүн айыл чарба продукциясын Орусияга экспорттоо мүмкүндүгү боюнча жыйын өткөргөн. Анда өкмөт башчы «кыргызстандык айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн чоң сатык рыногу ачылууда» деп билдирген эле.
Кийинки күнү 15-августта Москвада Орусия, Казакстан жана Беларустун биринчи вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги отуруму өткөн. Анда Кыргызстан тараптан экономика министринин орун басары Данил Ибраев барып, аталган мамлекеттердин өкмөттөрүнө кайрылуу жасаган. «Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө эпизоотиялык кырдаал жакшырып калгандыктан, Орусия жана Казакстан тарабынан мал чарба продукцияларына салынган тыюуну жоюу керек. Мындан тышкары айыл чарба продукцияларын өткөрүүдө «жашыл коридор» түзүү жана аларды Бажы союзунун аймагында тоскоолдуксуз ири дүкөндөргө жана рынокторго жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө көмөк көрсөтүү зарыл»,- деп айткан. Жыйынтыгында Орусиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Игорь Шувалов Кыргызстандан Орусияга жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди өткөрүүгө болгон тоскоолдукту алып салууну тиешелүү министрликке буюрду. «Биз «жашыл коридор» түзүп беребиз. Эгер кандайдыр бир маселелер же тоскоолдуктар пайда болсо, мага кайрылыңыздар, жардам көрсөтөбүз»,- деди И.Шувалов.

ОРУСИЯДА КАЙСЫ АЗЫК-ТҮЛҮККӨ СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУ?
Орусия импорттук азык-түлүктөрдөн мезгилге жараша 50 пайызга чейин көз каранды. Эгер дан эгиндери өздүк керектөөлөрүн 100 пайызга жапса, орусиялык рынок эт жана сүт азыктары менен жашылча-жемишке келгенде 70 пайызга чейин калкын камсыздай алат.
Азыркы тапта Орусиянын ММКларынын маалыматына ылайык, өлкөдө импорттук азык-түлүктүн запасы дагы эки айга жетерлик бар. Кремль учурда КМШ, Азия жана Түштүк Американын өлкөлөрү менен бул жаатта тыгыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эт, сүт, жер-жемиш жана деңиз продуктуларына болгон муктаждыктарынын айласын издеп жатат. Мындан Кыргызстан да четте калбай, 200 миң тонна азык-түлүк экспорттоого даяр экенин билдирди. Экономика министри Темир Сариев: «Биз 1,3 миллион тонна картошка өндүрөбүз. Анын 20 пайызы гана ички керектөөгө кетет. Өлкөдө 1 миллион тонна жашылча өстүрүлсө, анын 25 пайызы өзүбүзгө кенен жетет. Мындан тышкары 240-260 миң тонна мөмө-жемиш бар. Эт иштетүүчү 40 мекеме, шире чыгаруучу 10, сүт азыктарын иштеп чыгаруучу 45 өнөр жай бар. Мунун баары Орусиянын керектөөлөрүнүн ордун толтурууга аздык кылат. Ошондуктан чакан ишкерлер, дыйкандар чоң ассоциацияларга биригип, базар экономикасына абройлуу салмак менен кириши керек. Антпесе бириндеп, кыйратарлык эчтеке сата албайбыз»,- деди.
Экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин айтымында, жыл башынан бери Орусия менен болгон тышкы соода-сатыктар 20 пайызга түшкөн. «Азыр Орусияга 2 миллион тонна өсүмдүк майы, 39 миллиард даана тоок жумурткасы, 30 миллион тонна картошка, 35 миллион тонна сүт жана башка азык-түлүктөр талап кылынат. Биздин потенциал үчүн орун кенен»,- дейт Ибраев.
Ал ортодо «азык-түлүктүн бардык эле түрлөрү Орусияга экспорттоого жарай бербейт» дешет серепчилер. Ал үчүн эт, сүт же жер-жемиш болобу, эл аралык стандарттарга туура келген сапатта болушу абзел. Кыргызстандын лабораторияларынын жыйынтыктары Орусияда жана Казакстанда таанылбайт. «Кыргызстандык ишкерлер азык-түлүктөрүн Орусиянын лабораторияларынан текшертип алышса болот»,- дейт Орусиянын соода-сатык ишмердүүлүгүнүн өкүлү Владимир Некрасов. Белгилей кетсек, Кыргызстандын мал чарба продукциясы Орусияга 2007-жылдан бери киргизилбей келет. «Бул маселе Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык инспекциялары тарабынан иштелип жатат. Ага ылайык Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын мал жандыктарынан кан алуу процесси болуп өттү. Эми чечимдерин күтүп жатабыз»,- дейт Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Самир Осмоналиев.

БААЛАР ӨСӨБҮ?
Өлкөбүздүн 65 пайыз калкы айыл жергесинде отурукташкан. Ал эми калган 35 пайызы шаардыктар. Алардын кээ бирлеринин гана чарбактары болбосо, көбүнүн жашылча-жемиш тигүүгө жер тилкеси жок. Андыктан керектелүүчү азыктын баарын базардан сатып алууга мажбур. Эт, сүт жана башка айтылган азыктар экспорттоло баштаса, алардын көлөмү азайып, баасы да кымбаттайт деген кооптонуу коомчулукту түйшөлтүп баштады. Экономика министри Темир Сариев Кыргызстан 2015-жылы Бажы союзуна киргенде кымбаттоолор 15-20 пайызды түзүшү ыктымалдыгын да айткан болчу.

«ЖАШЫЛ КОРИДОР» ДЕГЕНИ МЕНЕН ПАЙДАСЫ ЖОК»
Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну Алишер Абдуллаев мөмө-жемиш өстүрүп, аны Казакстан жана Орусияга экспорттойт. Ишкер: «Орусия «жашыл коридор» ачты деген менен биз кезекти башкалар кандай күтсө, ошондой күтөбүз. Документтерди текшерүү көп убакытты алат. 20 жылдан бери мөмө-жемиш сатып келем. Кандайдыр бир жарытарлык жеңилдиктерди көргөн жокмун»,- деп билдирди.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну Адылбек Асаналиев 20 жылдан бери дыйканчылык менен үй-бүлөсүн багып келет. 4,5 гектар жерине жыл сайын картошка, арпа, тоют айдайт. «Көп эле дыйкандар жашылча жана мөмө-жемиштерин ташыгандан жана бажыдан өткөргөндөн коркуп, ортомчуларга өткөрүп салышат. Анын үстүнө жер үлүштөрдүн көбү жеке ишкерлерге майдаланып өтүп кеткен. Алардын баарын бириктирип, мурунку Советтер Союзундагыдай кооперативдерди түзүш керек. Бир жылдан бери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулуп иштегенге бизди үгүттөп жатат. Жарытарлык техника жок»,- дейт дыйкан.
Дагы бир мекендешибиз Нарын шаарынын тургуну Канболот Кызаев мал багып, эт сатканына быйыл 14 жыл болот. 2007-жылы Орусия Кыргызстандан эт алып келүүнү токтотуп койгондо, көп деле залакасын көрбөгөндүгүн айтат. «Эгер Орусия өзүнүн рыногун биз үчүн ачса, ал жакка эт ташыгандар өтө көп болот деп айта албайм. Мен бизнесимди жаңыдан баштап жатканда эт сатып иштегендер өтө аз болчу. Азыр болсо атаандаштык күчөдү, ортомчулар да көбөйдү. Бирок алар ири заказдар менен иштеше элек. Азыр өздөрү мал багып, аны союп саткандардын саны өтө аз, 100 кишинин 5и гана. Балким, ортомчулар биригип алып Орусияга жол ачылса иш башталса керек»,- дейт ишкер.

Орусияга эттин экспорттолушу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Наргиза Бекжанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ayakosya
2014-09-01 12:10:21
Кыргызстан Россиянын эч канча талабын канааттандыра албаса керек.
+2
Azimkar87
2014-09-01 18:47:10
Экспорт кылсак озубуздо кымбаттайт
+2
Kyrgyzbaj
2014-09-01 19:28:37
« сат сат сат сааааат» деген ырды коюп алыыып, кынкылдап ырдаганча баарын сат...
+5
M.i_i.m
2014-09-01 20:05:45
Дагы илгерки жашоого жетелеп барат.Канаттандырабы канаатандырбайбы Кызгыздар экспорт кылган товарларды арзан баада кабыл алып Кыргыздарга оздорунун ценасында кымбат нерселерди жонотот кааласа каалабасада ана ошондо башталат.Эшек иштейт Ат жейт деген заман бизди россия жакшы коруп кошуп атат беле оздорунун кызыкчылыгын ойлоп кошуп атат.
+2
burger
2014-09-02 10:23:59
M.i_i.m, Кыргызда ондуруш деген нерсе дээрлик жок эсе. Керек болсо эн эле жонокой буудайды да казактардан сатып алабыз. Дээрлик 150 миллион калкы бар мамлекет учун Атамбаев баш болуп, Оторбаев тош болуп дыйканчылык кылсак деле алардын кунумдун талабын кандыра тургандай экспорт жасай албайбыз. Бизнес баштайм деп жургон кишилерге, майда бизнес ээлери учун аябай жакшы мумкунчулук болуп жатат.
+3
shoma198003
2014-09-05 09:53:47
кыргызстанда кымбаташы мумкун,бирок дыйкандар оз эмгегин актай алышат деп ойлойм,азыркы учурда россия эвропадан келген жер жемиштерди четке кагууда,анткени эвропада бут химкат,азыр болсо жалан жер жемиш эле эмес эт,сут май,жун,ж.а.б.баары орто азиядан экспорт болотурган болуп жатат да,бизде россиядай кылып элди мамлекет бакпайт!ошондуктан эл озун озу багат,мен ойлойм бирок дыйкандарга бир топ жакшы эле болотко деп.
0
WINNER
2014-09-06 09:07:56
Аларга соз берип алып жеткире албай шерменде болбосок эле.
0
sesh_elya
2014-09-06 12:10:51
Тушунбойм. Ачык эле алданып атпайбызбы эч кандай жашыруун жок эле. Окмоттогулор сырьёну эмес даяр продукцияны экспортогонго келишимди эмнеге тузушпойт? Себеби сырьёну бизден сатып алып 3 - 4 эселеп бизге сатышат ушуну да ойлоно алышпадыбы? Ичин куйот да
0
Patriot92
2014-09-06 18:00:13
Кыргызстага пайдалуу жагы деле бар.Дыйкандарга.Фермерлерге жеке ишкерлерге жакшы болчудай.однако ошо ишкерлер ондурушчулор баарын бириктирип иш алып барса болчудай.
+1
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан