Сема: «ҮЙДӨ КЫЗГАНЫЧТАН УЛАМ ЧЫР КӨП ЧЫГАТ»

Ушул убакка чейин Семанын үй-бүлөсү бар экенинин чын-төгүнүн билбей келгенбиз. Концертинин алдында бул ырчы жигит агынан жарылды. Анда үй-бүлөсү тууралуу Самарбектин өз оозунан уксак.

КЫСКА-НУСКА

  • Беш эркектин экинчиси.
  • Үй-бүлөдө кыз жок болгондуктан, үйдү дайыма Сема жыйначу.
  • Айылда курстарга, ийримдерге катышып чоңойгон.
  • 15 жашында студент болгон.
  • Музыкалык окуу жайды кызыл диплом менен аяктаган.
  • Үйлөнө электе эле 6 бөлмөлүү чоң үй салган.
  • Үйлөнгөнгө кеткен чыгымдын баарын өзү иштеп чогулткан.
  • Кайын журтунун улуу күйөө баласы.
  • Жубайынын тез-тезден «аш басайынбы?» деп турганы кубантат.
  • Көп балалуу болууну каалайт.
  • Ашканага аралашпайт, жумуртка да кууруй албайт.
  • “Дордой” базарында, Орусияда бизнестери бар.
  • Жакындан баштап продюсерлик менен алектенсем деген ниетте.

– Сема, үй-бүлөң сандыкта катылып жата берип сүрсүп да кетти окшойт. Канча аялың, канча балаң бар?
– Кудай сакта, дароо эле жүрөктү түшүргөн суроо бердиң го. Эки жыл сүйлөшүп, сүйүп-күйүп алган ак никелүү бир аялым, бир кызым, бир уулум бар. Жеңеңерди сандыкта деле баккан жокмун. Эки баланы удаа төрөгөндүктөн, үйдө көбүрөөк отуруп калды.
– Ошол ак никелүү жарың менен качан, кантип табышып калдың эле?
– 2002-жылы Сема деп эл таанып калбады беле. Ошондо жигит болуп анча-мынча кызды карабай жүргөн мезгил. Кафелердин биринде тамактанып отурсам, маңдайымдагы столдо үч кыз отуруптур. Экөө сыра ичип, шаракташып бийлеп жатат да, бирөөсү сыранын ордуна чай ичип, созулуп отурат. Андай кызды көрөрүм менен эле келечектеги балдарыма татыктуу эне боло турган кыз экен деген ой келди. Дароо жанына барып таанышып, телефон номерин алып калдым. Ошентип, телефондо сүйлөшүп жүрүп биротоло арбалып калдым. Кийин эмнеге сен сыра ичпей, чай ичип отурдуң эле десем. “Мен анда ооруп жаткам” деп жатпайбы. Чолпон Нарындын кызы. Кесиби бухгалтер, менден үч жашка кичүү.
– Сен түштүк аймагынан болот эмессиңби, Нарындын кызын алам десең, ата-энең каршы болгон жокпу?
– Эң негизгиси, канды бузбай кыргыздын кызын алдым да. Ал эми Чолпондун ата-энеси “өз бактыңды өзүң чеч” дешкен. Анын үстүнө, кайын журтум мендей “красавчикти” көргөндө унчугушпай калды дебейминби (күлүп). Чолпон биринчи жолу чай бергенде кайнак суусун өзүнчө, кызылын өзүнчө көтөрүп келген. Албетте, бул биздин үй-бүлөгө өөн учурады. Мен Чопа, убара болбой эле бир чайнекке демдеп кел десем, түшкү чайды оштуктарча даярдады.
– Үйлөнүүдө каада-салттарда өзгөчөлүк болуп, кыйынчылыктар жаралган жокпу?
– Өзүм орус классты бүткөндүктөн, андай салттарды жакшы билбеймин. Ошентсе да нааразычылыктар болбой, үйлөнүү той эң жогорку деңгээлде өткөн. Нарында күйөө балага кой сойдуруп сынайт окшойт. Мен биринчи жолу барганда “кой соё аласыңбы?” десе, соё албасам да намыскөй жаным ооба дегем. “Койду сой” деп алып чыгып беришти эле, бир жаш жигит жүрүптүр, аны чакырып “кой сойгонду билесиңби?” десем, «билем» деди. Анда мобу койду соёсуң, деп берчүсүн берип койдум. Өзүм үшүп кеткендиктен, үйгө кирип отуруп алдым.
– Ушул убакка чейин үй-бүлөңдү жашырып, бойдок болуп жүргөнүң үчүн кайын журтуңдун алдында ыңгайсыз абалда болбойсуңбу?
– Бир да гезитке бойдокмун деп айткан эмесмин. Ишенбесеңер, силердин гезиттин биринчи бетин карап көр.Анда деле бир кыздын атасы деп жазылчу. Болгону, ырчылык кесибиме байланыштуу жеке жашоомду элге жарыялагым келчү эмес.
– Макул, гезитке бойдокмун деп айтпаптырсың. Той-кечелерде, керек болсо өзүңдүн туулган күнүңдө да жеңебизди көрө алчу эмеспиз го...
– Балдарды андай кечелерге алып барганды мен да, Чолпон да жаман көргөндүктөн үйдө калчу. Эми балдарды таштап барса да, алып барса да болот, себеби алар чоңоюп, баарын түшүнүп калышты. Келинчегимдин балдарымды оорутпай чоңойтконуна ыраазымын.
– Биринчи жолу ата болгондо кандай сезимдер болду эле?
– Алгач кыздуу болгонумда аталык сезимим ойгонуп, кызыма, жалпы эле аялзатына арнап “Аяна” аттуу ырымды жараткам. Эркек балалуу болгондо сүйүнгөнүмдөн спирт ичимдигин ичпеген жаным сыра ичкем. Уулум төрөлөрү менен эле апасынын эмчегин чопулдата ээмп жатканын көрүп, таң калган элем. Кызымдын атын Аяна деп чоң апасы, уулумдун атын Байэл деп чоң атасы койгон.
– “Келинчегим эч кимден кызганбайт, бир гана Кундуздан кызганат” деген сөзүңдү кулагым чалды эле...
– Кундуз экөөнүн мамилеси аябай жакшы. Мени Кундуздан кызганганга эч кандай негиз жок. Анткени ал мени байкесиндей көрөт. Өзү мага кичинекей кыздай сезилет. Ал эми күйөрман кыздардан кызганат. Кээде түнкү саат үчтө чалган күйөрман кыздар болот. Биздин үй-бүлөнү бузгусу келгендерби, айтор, “Сема баланча кыз менен жүрөт” деген ушак чыгаргандар да бар. Мындайда сөзсүз уруш-талаш болуп кетет. Андайда мен койчу, жаным, сен акылдуусуң, кайдагы бирөөнүн калп сөзү үчүн ыйык очогубузду уратпайлы деп, чечишип алабыз. Эң негизгиси, ортодо ишеним болушу керек. Мен көргөн кыйынчылыкты сезсин деп бир жолу Баткен, Ош тарапка гастролго чыкканда, Чолпонду алып бардым. Таштак жолдо жол азабын, бирде ачка, бирде ток болуп чарчаганыбызды, шарты жок клубдарда элге жылмайып ырдаганыбызды көрүп, “силерге рахмат” деди. Гастролдо кыздарга эмес, өзүбүздү караганга убакыт жок экенин жон териси менен сезди окшойт.
– Сени «кыздар­га жакын» дешет. Өзүң ырдаган эле кафеде кыздарды жетелеп чыгып бара жатканыңды көргөндөр болгон экен...
– Көрүнгөн кызды жетелеп кете беришим мүмкүн эмес. Анткени менин кыздарга болгон табитим элдикинен башкача. Оңой менен кыз жакпайт. Ошентсе да өз баркын билген, маданияттуу кыздар менен сүйлөшүшүм мүмкүн.
– Жубайыңдын көзүнө чөп салып көрдүң беле?
– Жок десем деле баары бир ишенбейсиңер да, туурабы? Эми, кудай сактасын, бактылуу үй-бүлөм бар. Ушул аялым, балдарымды Кудай кут кылсын. Үй-бүлөмдүн келечеги деп иштеп жүрөм.
– Өз кесибиң менен юрист болуп иштеп көрдүң беле?
– Эки ай иштегем. Биринчиден, юристтик кесип менин мүнөзүмө, көз карашыма төп келбейт экен. Бир орунда тура албаган жаным кабинетте байлаган иттей болуп такыр отура албай койгом. Экинчиден, үй-бүлөмө күнүнө 3 миң сом сарптасам, 5 миң сомдук айлык акы менен өзүмдү да бага албаймын да.
– Намаз окуюн деген ниетиң барбы?
– Менин чоң атам Бухарадан билим алып келген чоң молдо. Намаз окуюн десем, ырдаганды ташташ керек экен. Ырдоо чоң күнөө турбайбы. Ошондуктан ырдап, анан кайра намаз окууну туура көрбөй жатам. Убак-сааты келгенде намазга жыгылам деген ниетим бар. Келинчегим да кичинекейинде молдодон сабак алган экен. Намаз окуганга ал да кызыгып жүргөн кези.
– “Сема” тобу таркагандан бери иниң Жанарбек көрүнбөйт да...
– Жанарбектин жумуштарына байланыштуу топ таркаган. Жакында чүйлүк кызга үйлөнгөнү жатат. Буюрса, 11-ноябрда тою болот.
– Жакында болуучу концертиң жөнүндө айта кетсең...
– Студенттерге арналган дискоконцертимдин 90 пайызы жаңы ырлардан турат. Кыргызстандын мега жылдыздары катышкан бул кечени “Тамашоунун” боорду эзген тамашалары коштойт. Классикалык ырларды жандуу үн менен ырдайм. Ошондой эле билеттин баасын да студенттердин чөнтөгүнө ылайыктап арзандаттык. Билеттер чектелүү болгондуктан, бардык жаштарды кассадан өз баасынан алганга шашылышсын демекчимин. Концертте конкурстар уюштурулат. Жеңүүчүлөр каалаган жылдызы менен ресторанга барып, майрамды эсте каларлык кылып өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алышат.
– Концертиңди ийгиликтүү өт­көрүп ал. Үй-бүлөңдө ынтымак, чыгармачылыгыңда ийгиликтер болсун!


Жылмайып коюңуз!

Жеңебиз Семага ачуулана:
– Ушуга че­йин каякта жүрдүң?!
– Спорт Ордосунда.
– Апей, түн жарымына чейин ал жакта эмне кылдың?!
– Уктап калыптырмын.
– Ошондой дейм да, чачтарың туруп, костюмуң тескери кийилип калыптыр...
Эртеси дагы кечигип келсе, жеңебиз:
– Ушуга чейин кайда жүрдүң?!
– Алтыным, сен акылдуу эмессиңби, өзүң бир шылтоо ойлоп таап койчу.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 366, 6-12-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан