Бишкекте 26-август күнү Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаевди атып кетишти. Арзымбаевге 6 ок тийип, алган жаракатынан улам окуя болгон жерден жан берген.
Мындан 2 жыл мурун Алтынбек Арзымбаев «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. «Кылмыш чөйрөсүнө катыштыгы бар» деген маалымат коомчулуктун талкуусуна түшүп, ал партиянын сунушунун негизинде мандатынан ажыратылган болчу.
2010-жылы бийлик алмашып, Бакиевдер качып, өлкөдө баш аламандык болуп турган маалда кылмыш дүйнөсү баш көтөрүп, таасир бөлүштүрүү өңдүү иштер башталган эле. Революциячыл «Ата Мекен» партиясы парламенттик шайлоонун алдынан өлкөдөгү ушул маселени көтөрүп чыгып, «кримчөйрө менен аёосуз күрөшүү керек» деп ураан таштаган. Партия лидери Өмүрбек Текебаев мындан ары өлкөдө «каралар дүйнөсү» бийликке олуттуу таасирин тийгизе албагыдай, коомчулукта өз үстөмдүгүн жүргүзө албагыдай шарт түзүү керектигин айтып чыккан. Парламенттик башкаруунун алгачкы жылдары Текебаевдин демилгеси кеңири колдоо таап, кримчөйрө менен күрөш катуу жүрүп, негизги кримтөбөлдөр чет өлкөлөрдө баш калкалап, айрымдары кармалып, өлкөдө кримчөйрөнүн таасири азая түшкөн. Бакиевдик режимдин тушундагыдай буйрутма киши өлтүрүүлөр, ачыктан-ачык коркутуп-үркүтүүлөр чектелген.
2012-жылдан тарта кылмыш дүйнөсүнө байланыштуу резонанс жараткан окуялар башталды. Алсак, 2012-жылдын декабрында эл аралык издөөдө жүргөн крим-авторитет Камчы Көлбаев Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргызстанга учуп келгенде аэропорттон кармалды. Көлбаевдин өлкөгө келиши катардагы окуя эместиги, кримчөйрөдө бир катар олуттуу иштер күтүлөрү ошондо эле айтылган. Ал адам азыр эркиндикте. 2013-жылдын 11-январында Ош шаарында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноев атып өлтүрүлдү. Көп узабай, 18-январда Кара-Балта шаарынын «смотрящийи» Урмат Садабаев (Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон) белгисиз бирөөлөрдүн огунан ажал тапты. Апрель айында Нарында түрмөдө отурган жеринен сот аркылуу бошонуп, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев өлкөдөн сыртка чыгып кетти. 2014-жылдын март айында белгилүү кикбоксчу Руслан Абасов унаасында жардырылып өлтүрүлдү. Санаса бирин-бири улантуучу мындай окуялар көбөйүп барат.
Ушундан улам өткөн аптада Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда криминал өтө активдешип кеткенин айтып коңгуроо какты. Адегенде депутат Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганча Чолпон-Атадагы ат майдандан Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаевдин ысымын тез арада алып салуу демилгесин көтөрүп чыгып, сунушу ишке ашты. «Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаев жакшы адам болгон, ага дооматыбыз жок. Бирок Көлбаев деген фамилияны укканда дароо кримавторитетти көңүлгө алышат. Ал жерде жакында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага чет өлкөдөн журналисттер, маанилүү коноктор келет. Журналисттер «Көлбаев атындагы ипподромдо өтүп жатат» деп жатса, Кыргызстан криминалдык идеологияны пропагандалап калат. Бул президенттин саясатына каршы келет» деп түшүндүрдү бул аракетин эл өкүлү.
«Ата Мекендин» лидери Женго деген каймана атты алып жүргөн кримчөйрө өкүлү Кадырбек Досоновдун эркиндикте жүрүшүн да сынга алып чыккан. Прокуратура өкүлү оор кылмышка шектелип кармалган Женгону соттор актап жибергенин айтканда: «Сиздер судьяларга чара көрүшүңүздөр керек. ММКларда Манаска теңеп мактаган материалдар чыгып жатат. Алар менен байланышы болсо, гезит редакторун кошуп түрмөгө отургузушубуз керек. Ташиевди чыгарып жиберген сот кандай абалга туш болду эле? Үйүнө чейин кубалап барып, аларды эмне кылышты? Ташиевди актабайм, бирок Ташиев Женгодон коркунучтуубу? Андай кылмышкерлерди эркиндикте калтырбаш керек»,- деген.
Өмүрбек Текебаев «криминал активдешип баратат» деп коңгуроо кагып, ИИМдин башчысы Абдылда Суранчиев жергиликтүү, атүгүл Жогорку Кеңешке чейин жылуу-жумшак жайгашып алган уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн атын атаган соң бул окуя болуп отурат. Алтынбек Арзымбаевдин денесине 6 ок тийип, каза болуптур. Кылмыш иликтөөчү топ 9 миллиметрлик калибрдеги 6 гильзаны тапкан. Эртеси кылмыш болгон жерден дагы бир гильза, 1 ок табылды. «Арзымбаев Макаров тапанчасынан атып өлтүрүлдү» деген жоромол бар. Анын магазинине 8 ок батат. Ошентип, магазиндеги 1 окту пайдаланбай калтырып кетишкен. Бул ок ойго салбай койбойт. Адатта кылмыш чөйрөсүндө эскертүү берүү иретинде ок жиберүү же кылмыш болгон жерге калтырып кетүү өңдүү иштер болуп келет.
Кылмыш чөйрөсү 2010-жылдагы «Ата Мекендин» демилгесин эсине бекем тутуп, саясатчыларды көзөмөлдөп турбаса кийин өзүлөрү үчүн кеч болуп каларын түшүнүп, эскертүү кылып жатабы?
Наргиза Бекжанова
Ширин Турдакунова
politika@super.kg