Өткөн аптанын соңунда Кыргызстандын өкмөтүнүн расмий сайтына хакерлер «кол салышты». Өкмөттүк сайт 15 сааттай иштебей, ордуна чет элдик валюталар курсун анализдеген FOREX`тин сайты ачылып турду. Өкмөттүк аппараттан «азырынча так маалымат жок» деген жооп айтылды. Кыргызстанда жогорку мамлекеттик органдардын расмий сайттарына хакерлердин чабуул коюшу биринчи жолу болуп жаткан жок.
Мисалы, 2013-жылдын февраль айында Ички иштер министрлигинин сайтына, май айында Акыйкатчы институтунун сайтына, ушул эле жылдын октябрь айында Бишкек мэриясынын сайтына «кол салуу» болгон. Хакерлерге каршы иштей турган Президенттик аппаратта атайын бөлүм, ИИМдин алдындагы 10-башкы башкармалыкта кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүүчү бөлүм бар экенине карабай фактылар боюнча эмне жыйынтык чыкканы, кылмышкерлер эмне жаза алып жатканы ачык айтылбай келет.
Интернетсиз жашоо мүмкүн болбой калган, маалымат технологиясы өнүккөн бүгүнкү күндө мындай коркунуч күн санап өсөрү турган иш. Демек, хакерлерден коргонуу укук коргоо органдары колго ала турган маанилүү иш. Өлкөнүн жүзү болгон өкмөттүн сайтына «кол салуу» болуп жатса, жөнөкөй маалымат сайттарын коргоо тууралуу эмне айтуу мүмкүн? Мындан кийин Жогорку Кеңештин, Президенттик аппараттын же Улуттук банктын сайтына «кол салуу» болбойт деген кепилдик барбы? Super.kg порталынын «кибер чабуулдардан коргонууда мамлекет алсыздык кылып жатабы?» деген суроосуна Ички иштер министрлигинен «хакерлер кирип, өкмөттүн сайтын бузду» дейин десең, ал жерде эч кандай деле жашыруун нерсе жок» деген жооп узатышыптыр. Бул жооптон улам «ИИМде, дегеле укук коргоо органдарында мамлекеттин жүзүн, имиджин коргош керек деп баш ооруткан киши барбы?» деген суроо жаралат экен.
Наргиза Бекжанова
Ширин Турдакунова
politika@super.kg