22-августта өкмөттүк жыйындын жүрүшүндө эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов ички иштер министри Абдулда Суранчиевге сын айтып, премьер-министрдин көзүнчө «эшикке чык, эркекче сүйлөшөбүз» дегенге чейин барды. А.Алымкулов «ИИМдин жетекчиси туура эмес маалымат таратып жатат» деп ачууланды. Жыйындагы айтышуу тартылган видео учурда интернетте саякаттап, окуяга бүткүл коомчулук күбө болду. ИИМ атайын маалымат таратпаса да, айрым маалымат агенттиктер өздүк булактарга таянуу менен окуяны төмөнкүчө жазып чыгышты:
– Мындан 3 апта мурун Бишкек-Торугарт жолунда унаасын саатына 91 чакырым ылдамдыкта башкарып бара жаткан айым жол кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулган. Ал МАИчилердин документти көрсөтүү талабынан баш тартып, орой мамиле жасаган. Бул маалда унаанын жүргүнчүсү да түшүп, эмнеге токтотулгандыгын билүү үчүн инспекторлорго орой сүйлөп баштаган. Кийинчерээк бул адамдар эмгек, миграция жана жаштар министри А.Алымкулов жана унаанын айдоочусу анын жубайы экендиги белгилүү болуп, оозеки айтышуудан соң министр кечирим сурап, бирок айып пул төлөбөстөн жубайы менен кетип калган.
Окуяга байланыштуу комментарий берүүнү суранган журналисттердин суроолоруна министр Алымкулов «аталган факт боюнча комиссия түзүлүп, кимдики туура, ким айыптуу экендигин текшерет» дегенден башка кеп айтпады.
Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы аталган окуя учурда жөнгө салынганын жана тараптардын бири-бирине дооматы жок экендигин билдирди.
Наргиза Бекжанова
Ширин Турдакунова
politika@super.kg