Өкмөт: «Жалал-Абад облусундагы ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ атындагы мемориалдык музейди оңдоп-түзөө иштерине 200 миң сом бөлүндү».
Өлкө боюнча үстүбүздөгү жылдын жети айында 25 МИҢ ТҮГӨЙ нике каттоодон өтүп, 5 миңге жакын түгөй ажырашкан.
Оштогу облустар аралык онкологиялык борборго РАК ООРУЛАРЫН тез аныктоочу жабдыктар алынып келинди. Буга чейин ооруну аныктоо үчүн 3-4 күн убакыт керектелген болсо, жаңы аппараттар менен бир күн керектелет.
Бишкектеги ТРОЛЛЕЙБУС АЙДООЧУЛАРЫ маяналарынын аздыгына нааразы. Алар Бишкектин көчөлөрүнүн тардыгынан троллейбустарга шарт оор болуп жаткандыгын айтып, МАИ кызматы тарабынан колдоо көрсөтүүнү талап кылышууда.
Кочкор районунун акими ЖЫЛДЫЗБЕК ШЕРАЛИЕВ ээлеген кызматынан өз арызынын негизинде кетти. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
3 ай ичинде 100 МИҢ СОМДОН бааланган 4 унаа номуру сатылды. Алар – VIP, Vivat, Boss, MMM деген жазуулары бар мамлекеттик номурлар. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Орусиянын Хабаровск аймагында мигранттардын ортосунда жаңжал чыгып, 3 КЫРГЫЗСТАНДЫК, 1 өзбекстандык жаракат алышты. Бул тууралуу 27-августта Орусиянын ИИМинин аталган аймак боюнча башкармалыгы билдирди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Абакта жаткан депутат НАРИМАН ТҮЛЕЕВДИ ден соолугуна байланыштуу ооруканага которушпаса, 10-сентябрдан тартып Нарын унаа жолун тосушарын экс-мэрдин тарапташтары айтышууда. Бул тууралуу тарапташтарынын бири, «Теңир-Тоо» ынтымак коомунун төрагасы Урмат Акунов билдирди.
Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын мэри МАМБЕТ КОЙЧИЕВ миң доллар пара алып жатканда кармалды. Кылмыш-жаза кодексинин «пара талап кылуу» беренеси боюнча иш козголуп, мэр камакка алынды.
28-август: Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 3,8 МИЛЛИАРД МЕТР КУБГА аз болууда. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.