Быйылкы жылдын эсебинен көз күйдүргөн бойдоктордун саны азайгандан азайууда. Жакында гана «ашыкча суроодон кутулуш үчүн үйлөнгөм деп койгом» деген режиссёр Руслан Акун сулуу бийкечке үйлөнгөнүн уктук. Жеке жашоосун элге жарыя кылгысы келбеген режиссёрдун үлпөт тою «Супара» этнокомплексинде өтүп, алардын жакшылыгына жакындары гана күбө болушкан. Досторунун маалыматына караганда, Руслан учурда Голливудда жүрөт.
Режиссёрдун жолун улай 24-августта клипмейкер Мирлан Саткымбаев бойдокчулук менен кош айтышты. Ал бир нече клиптин көркүн ачкан Маржан аттуу бийчи кызга үйлөнүп, эки жаш үйлөнүү тоюн көгүлтүр көлүбүздүн жээгинде жоро-жолдошторунун коштоосунда өткөрүштү. Жаш жубайларга бактылуу жашоо каалайбыз!