«ДҮМБҮЛ АЛАБЫЗ, ДҮМБҮЛ»

Июнь айынын соңунда базарлардан, шаар аралык жолдордун четинен, көл жээгинен «дүмбүл алабыз, дүмбүл» деген сатуучуларды баарыбыз эле кезиктирсек керек. Мындай карасаң бул бизнес эң оңой көрүнөт. Дүмбүлдү жулуп келип сууга бышырасың да, туздан сээп сата бересиң. Бирок бул бизнестин артында жаткан түйшүк да бар. Себеби өтүмдүү дүмбүлдүн уругун Голландиядан алдырып өстүрүү керек. Бүгүнкү макала жүгөрүнүн мына ушул жаңы түрү жана аны өзү өстүрүп, дүмбүлүн саткан каарман тууралуу болмокчу.

КӨПЧҮЛҮКТҮН СУНУШУ МЕНЕН БАШТАЛГАН ИШ
«Дордой» базарын аралап дүмбүл сатып иштеп жаткан каарманыбыз ОРОЗГҮЛ КУРБАНОВА бул ишти кандайча баштап калганын төмөнкүчө баяндап берди:
– Жаз алды «бир аз чогулткан тыйыным бар, кандай ишке жумшасам деп тааныштардан кеңеш сурап калдым. Бирөөсү «жер иштет» десе, бирөөсү «базарга чыгып орун алып иштет» деди. «Жер иштет» деп сунуштагандар андан түшө турган пайданы айтса, эртең эле миллионер болуп кете тургансып кызыктым. Ошентип, быйыл биринчи жолу жер иштетүүнү чечип, Бишкектин четинен ижарага 65 сотых айдоо аянтын алдым. Айдоо башталганда техника издеп абдан кыйналдым. Эптеп жер айдаганга бирөөсүн таап келсем, малалаганга, үрөн сепкенге башкасын эки-үч күн издемей.

ЖҮГӨРҮНҮН ЭҢ КЫМБАТ ТҮРҮ
– Жерди дайындап алган соң Голландиядан чыккан «трофи» деген аталыштагы жүгөрүнүн уругун издештирип таап, ошону септим. Себеби анын дүмбүлү базарда өтүмдүү. Аталган жүгөрү дандуу, абдан таттуу жана эрте бышат (75 күндө). Ошого жараша уругу да кымбат. Алсак, ичинде 5 миң даана урук бар 800 граммдык 1 кутучасы 3200 сомдон сатылат. Бул жүгөрүнүн боюнун узундугу болгону 175 сантиметрди түзөт. Бирок байлаган сотосунун узундугу 30-35 сантиметрге чейин жетет. Бир сөңгөк, негизинен, 4-5тен сото байлайт дешкен. Меники 2 даанадан байлады. Бул сорттун жаман жери, түшүмүн кийинки жылга сактоого болбойт экен. Аны дүмбүл кезинен өткөрбөй пайдаланып калуу керек. Себеби даны катып бышканда чүрүшүп, тоютка да жарамсыз болуп калат.

ӨСҮМДҮКТҮ ӨСТҮРҮҮНҮН ЖАНА ИШКЕРЛИКТИН СЫРЛАРЫ
– Даны чоң-чоң болсо дүмбүл өтүмдүү болот. Андыктан аны өстүрүүдө эрежелерди сактоо зарыл. Жүгөрүлөр бири-бирине тоскоол болбой жакшы өсүүсү үчүн жөөктөрдүн аралыктары 65 сантиметр, ал эми уруктардын аралыгы 40 сантиметр болууга тийиш. Мындан сырткары жер семирткич чачып, отоосун өлтүрүп, жерди жумшартып жана өз убагында калтырбай сугарып туруу зарыл. Ошондо тамыры шактап, бир уруктан бир нече сөңгөк өсүп чыгат. Ашыкча сөңгөктөрдү жулуп туруу керек. Болбосо негизги сөңгөгүндөгү даны майдаланып кетет.
Ал эми дүмбүл кезинде сатуу үчүн урукту бөлүп себүү керек. Себеби 65 сотыхтын баарына сээп салсаң кийин жүгөрү бышканда сатып жетишпей каласың. Ошондуктан 1 кутуча урукка ылайыктап жерди 8 сотыхтан бөлүп, 6 кутучаны аралыгын 10 күн айырмада септим. Мына ошондо алгачкы бышкан жүгөрүнүн түшүмүн жыйнап алып, саткандан кийин кийинки бөлүктөгү түшүм даяр болуп калат. Терип алган соң дүмбүлдү салкын жерде сактасаң 1 жумага чейин даны чүрүшпөй, кургап кетпей тура берет.

«БЫШЫРЫП САТСАҢ КИРЕШЕ КӨБҮРӨӨК БОЛОТ»
– Түнкүсүн саат 12лерге чейин жүгөрүлөрдү казандарга тизип даярдап коём. Эртеси таңкы саат 4тө суусун куюп, отту тутандырам. Дүмбүлдү бышырууга жалпысынан 3 саат убакыт кетет. Мында сууну бир кайнатып алган соң жай отто кайнатуу зарыл. Даяр болгон дүмбүлдөрдү уулум менен кызыма карматам да, кийинкилерин бышырып алып, саат 10дон өткөндө өзүм да базарга жөнөйм. Сууга бышкан дүмбүлдүн даанасын көлөмүнө жараша 20 сомдон 35 сомго чейин сатабыз. Ал эми чийкисинин даанасын ортомчулар 15 сомдон алышат. Учурда окуу жылынын башталышына карата базарда киши көп болгондуктан күнүнө 400 даана дүмбүл өтүүдө. Башка күндөрү болсо күнүнө 200 даанадан сатам. Кардарларыбыздын көпчүлүгү орустар жана базарлап чет жактан келгендер. Алар «жүгөрүнүн дарылык касиети бар, ал организмди шлактардан тазалоого пайдасы чоң» дешет.

«ЧЕТ ЖЕРДЕ КЫЙНАЛБАЙ, ӨЗ МЕКЕНИБИЗДЕ ЖЕР ИШТЕТЕЛИ»
– Ишти баштаганда чыгымдарымды жаап пайда табамбы же банкрот болуп каламбы деп сарсанаа болуп жүрдүм. «Аракет кылсаң – берекет» дегендей, алгачкы күндөн тартып тынбай иштей бердим. Мени көргөн кошуналарым «ой, кой, болду эми, бул өзү жүгөрү болсо, ушунча да карайсыңбы, сугарып кой, өсө берет» дешет. Мен болсо мага дандуу дүмбүл керек, базарга алып чыгып сатам деп мээнет кыла бердим.
Мына эми жүгөрүлөрүм бышып, ак эмгектин үзүрүн көрүп жатам. Мигранттарыбызга да айтар элем, иш издеп чет жерде кыйналбай, өз мекенибизде жер иштетели. Эр эмгегин жер жебейт.

КАНЧА ПАЙДА ТАБУУГА БОЛОТ?
Орозгүл айым жогорудагы 65 сотых жерди иштетүүгө кеткен негизги чыгымдарын да минтип блокнотко жазып койгон:

Чыгымдар
Жердин ижарасы – 6500 сом
Айдоо – 1500 сом
Мала – 900 сом
Жөөк салуу – 1000 сом
Урук – 19 200 сом
Отоо чөпкө каршы дары – 500 сом
Дары чачуучу аппарат – 560 сом
Жер семирткич – 2400 сом
Жалпы: 32 560 сом

Киреше
«6 кутуча урукту 10 күн айырмада эккендиктен, түшүм октябрь айында толук жыйналып бүтөт. Эми 8 сотыхка жеткен 1 кутучадагы 5 миң даана уруктун болжол менен жарымы өнсө, андан 6 миңдей даана дүмбүл чыгып берет. Мунун 2 миң даанасы чийки бойдон 15 сомдон кетсе, 4 миңин бышырып, орточо баада 27,5 сомдон сатылат» деген Орозгүл айымдын 8 сотых жерден тапкан кирешеси ошондо
112 500 сомду түзөт экен. Бирок ишкер айымдын айтымында, ар бир бөлүктөн мына ушунча түшүм алууга болот деп белгилөөгө болбойт. Биринен мындан да көбүрөөк түшүм жыйналса, биринен азыраак болуп калышы мүмкүн.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
uluk1982
2014-09-01 10:50:14
Чокко бышканы укмуш да....
0
kaltunlu
2014-09-02 03:32:21
oooo kırgızstandın dumbuluuu bız ubagında barkın bılbeptırbız ayılda takır dumbuldu karachu emspız azır ayla jok paydaluu ekenın bılıp alıp kızıma plajga je bazarga bargan sayın satıp berem tursıyada kırgız somuna aylantkanda bazarda 60 som plyjdarda 120 som daanası
0
Aktilek81
2014-09-02 15:56:43
Думбул эмес ЖУГОРУ!
-7
kipchak
2014-09-03 09:58:05
Aktilek81, Кыргыз болуп кеткенин....ДУМБУЛ эле дейт!
+6
TolonturCN
2014-09-03 15:17:31
Aktilek81, Быша элек, көк кезинде, дандарынан сүт чыгып турган кезинде дүмбүл дейт, бышканда, даны катуу болгондо жүгөрү болот.
+2
lustig
2014-09-02 18:07:46
жугорунун бышаэлек кезин думбул дейт
+3
PatriotKG01
2016-06-05 17:16:51
Мака дейт мака))))))
0
№ 617, 29-август-04-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан