«Жалгыздык – мага эргүү берет. Жаздырган көп ырларым бар. Аларды көңүлүм чапканда элге чыгарам. Болбосо архивде чаң басып жата берет» дейт Асхат Норузбаев. Ырчынын атын айтсак көп тааный бербейсиз. Эгер «Это будет в июле, на Иссык-Куле, на Иссык-Куле» деген саптарды ырдасакчы? Дароо ырды эстей түшкөндүрсүз. Демек, жайында көлгө барганда сиздин бийлегиңизди гана келтирген хит ырдын автору ким экенин таанып алыңыз.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Фрунзе шаары
Туулган жылы, күнү – 1972-жыл, 23-декабрь
Билими – Алматыдагы Жургенев атындагы театралдык-көркөм институтун аяктаган
Репертуарындагы ырлары – «На Иссык-Куле», «Я уехал из Фрунзе», «Волшебная неделя», «Прощай, иссык-кульское лето» жана башкалар
– Саламатсызбы, Асхат мырза? Сиздин «На Иссык-Куле» деген хитке айланган ырыңызды угабыз да, өзүңүз тууралуу маалымат билбейт экенбиз. Ошондуктан өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз. Кайда төрөлүп, кайда өстүңүз дегендей...
– Саламатчылык. Мен өзүм Фрунзе шаарында төрөлүп, балалыгым Талас облусунун Жерге-Тал айылында, Кировкада өттү. Кайыңды айылынан даярдоочу класска, 1-класска баргам. 1980-жылы Ысык-Көлгө, Түп районуна көчүп келдик. 10-класска чейин Николаевкада окуп, 11-классты Түптөн аяктадым. Бала кезден эле актёр болгум келип, ою-түшүмдөн кетчү эмес. Бирок апама менин тандоом жакпай, жакшы көргөн кесибимден баш тартып, Каракол университетинде бир жылча окудум. 1991-жылы баары бир өзүм кыялданган тилегиме жетип, Алматы театралдык университетине тапшырдым.
– Анан кантип ырчылыкка кызыгып кеттиңиз?
– Досум менен Алматыда окуп жүргөндө «Неровное дыханье» деген аталыштагы музыкалык жамаатты чогултканбыз. Аныбыз көп ийгиликтүү болгон жок. 1997-жылы кайра «Бублики» деген топ ачтык. Топ аябай популярдуу болуп «Биринчи казакстандык бойс-бэнд» деген атка кондук. Элди катуу дүрбөткөн тобубуз 2004-жылы тарап кетти. Мен да ошондон бери ырдаганды токтотуп, эч жакка чыкпай калдым.
– Сизди Кыргызстанда ресторандарда, сезон кезинде көлгө барып ырдап калат деп уктук эле. Бул кептин канчалык чындыгы бар?
– Мындай кепти сизден угуп таң калып отурам. Чынында, мен жогоруда айткандай, мына, 10 жыл болуптур, ыр жаратуу, ырдоо менин хоббиме гана айланып калды. Бишкекте же көлдө мени ырдап жүрөт деген калп сөз. Балким, менин атымды жамынып бирөөлөр ырдап жүрүшкөндүр, ким билсин.
– Көлдүн хитине айланып калган бул ырыңыз кандайча жаралып калды эле?
– Бир жолу интернетте отуруп бир макалага көзүм түштү. Анын маанисине деле көңүл бурбаптырмын, астында жазылган көлүбүздү жамандаган негативдүү комментарийлерди окуп, аябай жиним келди. Ошол сөздөргө арданып азыркы сиз айтып жаткан «На Иссык-Куле» деген ырымды жараткам. Ал ырды 2011-жылы Астанада жаздырып, Бишкектеги радиолорго сунуштасам албай коюшкан. Бирок башка ди-джейлерге көптөгөн копияларды жасатып таратып, бат эле эл оозуна алынып кетти.
– Өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетпесеңиз болбос.
– Үйдө төрт бир тууганбыз. Атам эрте каза болуп калып, апам атанын да, апанын да ролун аткарып бизди чоңойтту. Эжем менен карындашым турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп калышкан. Иним Астанада иштейт. Өзүм мурун үйлөнгөм, бир кызым бар. Азыр бойдокмун, жакын арада үйлөнөйүн деген оюм жок.
– Учурда эмне менен алектенип, кайсы жакта турасыз?
– Мен жалаң чыгармачыл жаатта эмгектенип келем. 1996-жылы «Сезам» аттуу театр ачтык. Андан кийин Алматыда 31-каналда юмордук программаны алып чыктык. 2007-жылдан баштап Казакстандын Маданият министрлигинде коммерциялык директор болуп иштеп жүрдүм. Учурда тыныгуу алып, эс алуудамын.
Ал эми өзүмдүн кайда жашашым менин маанайымдан көз каранды десем болот. Акыркы кезде бир жерде көпкө тура албай калдым. Быйыл Жаңы жылды Бишкекте, апамдын жанында тостум. Бир нече жумадан кийин Астанага барып, андан ары досторум менен Сауд Арабиясына сапар тарттык. Учурда Бишкектемин. Буюрса, жакында Таласка, ата журтума жол тартайын деп жатам. Мындан ары жылына бир жолу чет өлкөгө барып келүүнү салтка айландырганга аракет кылам.
– Рахмат маегиңизге. Сизден дагы башка хит ырларды күтөбүз.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg