Үнсүз үлбүрөк шам... Кипкичине болсо да бөлмөгө жарык чачып жатканын көр. Шамдын жанында отурган сен жана мен. Узак көрүшпөгөн убакытта өзгөрдү деп ойлогом, жок, узун кара чачтарың, келбетиң, жүзүң, кийген кийимиң да өзгөрбөптүр. Болгону каректериң гана мурункудай жалын чачып, кишини куйкалап ийчүдөй кумарлуу тиктебей калыптыр. Суз, муңайым... Ийинден тына улутунуп алдың. Телефондон кыйкырышкан сөздөрдүн бири жок, дудуктай тымтырспыз.
Мен күнөөлүүмүн... Сени кыйнадым, чайнадым, ыйлатып алыска кеттим. Алыста жүрүп да кызганып жаныңды койбодум. Чыдамыңды сынап жүрүп өзүмдүн бактымдан айрылганымды сезбей калыптырмын. Көп сөз айткым келген, бирок агылып айтам деп келген сөздөрүм ичимде калып кетти. Жөн гана сени тиктеп отура бердим. Колумду да тийгизгим келбеди, анткени колумду силкип жиберсең же кучагымдан тура качсаң жаным мындан да жаман сыздаарын сездим. Көзүң баарын айтып жатты. Үнсүз сүйлөштүк. Сүйүүбүз ошол үнсүздүктө калды...
– Жан, сен менден башканы таап алыптырсың, ээ?
– Ооба, мээрими ысык, жакшы адамды таптым. Сенин катуулугуңдан жабыр тарткан жүрөгүм мурункудай сыздабай калды.
– Хм, мени катуу деп ойлойсуңбу?
– Ашкере катуусуң. Ошол мүнөзүңдөн улам өзүңдү чыныгы эркекмин деп ойлойсуң. Бирок чыныгы эркек мээрим да бере алат, тизе бүгө алат.
– Мен сени менен күчтүү экенмин. Cенсиз мен эч ким эмесмин...
– Ошону түшүнгөнүңө тобо... Мына бул шамдын да, романтиканын да кереги жок эле. Баары бекер... Кеч... Мен кетейин...
– Кетпе...
– Мен аны сүйөм!
– Бир кезде мени да сүйчү элең...
– Сүйгөм, бирок түбөлүк сүйөм деп убада берген эмесмин. Сүйүү бакпаса соолуп каларын билдиң бекен? Сени сүйгөндөн, сени күткөндөн, сенин чар жайыт ой-тилектериңден, сенин куру кыялдарыңдан, амбицияңдан тажаганымды билдиң бекен? Деги аял, аялдын жүрөгү тууралуу эмне билесиң? Эки диплом колуңда турганына карабай, кыйын экениңе карабай чыныгы, жөнөкөй турмуштун эрежесинен кабарың жок... Ойлогонсуң акча баарын чечет деп, ал ой каныңа сиңип калган. Майдаланып кеттим ошол ойлоруңдан...
– Кетпечи, суранам...
– Алаканыңда тургам, өзүң коё бердиң. Кетишим керек...
Айттың да, туруп чечкиндүү басып кеттиң. Сенин ушул мүнөзүңдү жек көрөм, кайра сүйүп да кетем. Оюңа эмне келсе ошону жасайсың, мендей тогуз толгонуп эзилип жүрбөйсүң.
Сен узап бара жаттың. Биринчи жолу алсыздыгымды моюнума алдым. Анткени сени кармап кала тургандай менде дарман жок. Узап кетип бара жаттың, колуңдан мурункудай жулка кармап кучагыма кыса албадым. Мурункудай таарынтып алып кайра кытыгылап же белек берип, же өпкүлөп таарынычыңды жаза албайт элем. Чекит койдуң да, басып кеттиң.
Аз убакыттан кийин сенин турмушка чыкканыңды билдим. Бармагымды кырча тиштеп кала бердим. "Аттиң, ошондо эмнеге токтотуп калбадым? Токтотушум керек эле" деп өзүмдү жеп салдым. Өзүң айткандай, сендей кыздар толуп жатат. Сенден сулуусу, акылдуусу, кыйыны, ымдап койсом жетип келчүсү да бар. Бирок алар сен эмес. Сенин жадыраган кабагың, сенин күлкүң, сенин көздөрүң эмес... Жан дүйнөмө тааныш да эмес. Коркконум, сенин мээримиңди издеп таппай жүрүп өтүп кетпесем экен...
Алим
Асия Алиева
lira@super.kg