Чек арачылардын маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргызстандын чек араларында 35 жаңжал катталган. Алардын отуз бири кыргыз-тажик чек арасында, бирөө кыргыз-казак жана үчөө Өзбекстан менен чектеш жерде чыккан. Эсептей келгенде мындай чыр-чатактар айына орто эсеп менен 4-5 жолу болуп турчу көрүнүшкө айланыптыр.
ВОРУХТАН БАШТАЛГАН ЖАҢЖАЛ КУЛАЧ ЖАЮУДА
11-январда Ворух анклавын айланып өтүүчү Көк-Таш — Ак-Сай жолунун курулушун токтотууну талап кылып, Баткен облусундагы суу бөлүштүрүүчү жайды тажик чек арачылары аткылап, 6 кыргыз чек арачысы жана 2 тажик чек арачы жарадар болгон.
10-июлда 30га жакын тажик жараны Баткенде Геревшин дарыясынан Бедек айылына түтүк менен суу алып өтүүгө аракет кылган. Кыргыз чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан. Буга кошуна жарандар таш менен уруп жооп кылышып, ал эми жакын жерде жүргөн тажик чек арачылары да ок чыгарышкан. Тажикстан басылмалары бул окуядан бир чек арачы каза болуп, бешөө жаракат алганын билдиришкен.
СОҢКУ ЧЫР 2 ТАЖИКТИН ӨЛҮМҮНӨ АЛЫП КЕЛДИ
25-август күнү кечке жуук Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, тактала элек аймакка тажик тарап 800-900 метр ичкери кирип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылган. Мындан тышкары Тажикстандын Овча-Калача аймагынын тургундары Гүлакандоз суусу аркылуу өтчү кыргызстандыктардын Сай аймагындагы көпүрөсүн экскаватор менен талкалаганга аракет жасашкан. Кыргыз чек арачылары мыйзамсыз ишти токтотууну талап кылышканда, коңшу мамлекеттин жарандары аларга таш ыргыта башташкан. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, курал колдонууну биринчи тажик чек арачылары баштап, атүгүл 4 ирет миномёттон атышкан. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу болгон. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасында ок атышуудан 5 адам жабыркады деп чыкты. Эртеси Тажикстандын бир офицери жана жергиликтүү тургуну алган жаракаттардан каза табышкан.
26-августта президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевге кырдаалды жөнгө салуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүү, ошондой эле мамлекеттик чек араны коргоону күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
МИНОМЁТТУН ОГУ КАРАПАЙЫМ АДАМДАРДЫН КОРООСУНА ТҮШТҮ
Ок атышуу күнү тажик тараптан атылган 4 миномёттун миналарынын бири Лейлек районунун Максат айылынын жашоочусунун короосуна келип түшкөн.
Атышуу болгондун эртеси тажик жарандары Максат айылындагы мектеп директорун сабап салышкандыгы да айтылууда. «Кулунду айылынын тургуну тажик жарандары тарабынан сабалды» деп Бакир Арзыбаев super.kg порталына билдирди. «26-август күнү эртең менен иним
Салибай Арзыбаевди тажик жарандары тосуп алып сабап салышкан. Ал Максат айылындагы орто мектептин директору болуп иштейт. Кулунду айылынан унаасы менен жумушка бара жаткан экен. Учурда ал аймактык ооруканада жатат»,- деди Б.Арзыбаев. Лейлектеги Кулунду айылынын тургуну Шайырбек
Орозалиевдин айтымында, 25-августта кыргыз-тажик чегиндеги атышуудан кооптонуп, 5-6 үй-бүлө жакынкы айылдарга түн жамынып чыгып кетишкен.
ЭКИ ТАРАП ЭМНЕНИ СҮЙЛӨШҮШТҮ?
26-августта Баткен облусунун Интернационал айылында Кыргызстан менен Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, болуп өткөн окуялардын себептерин жана келтирилген материалдык чыгымдарды талкуулашты.
27-августта Бишкекте Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен кеңешмеси болуп өттү. Анда кыргыз тарапты КРнын вице-премьер-министри Абдырахман
Маматалиев, ал эми тажик тарапты Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон жетектеди. Кеңешме жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган. Тактап айтканда, тараптар Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш (Тажикстан Республикасынын Точикон айылын айланып өтөт), Исфара – Ворух унаа жолунун (Кыргыз Республикасынын Ак-Сай айылын айланып өтөт) айрылыштары боюнча төртүнчү ирет иштелип чыккан вариантын бир мезгилде куруп баштоону макулдашты. Тараптар 2014-жылдын 31-мартындагы өкмөт аралык келишимдин негизинде эки көпүрө жана ага жакын жол тилкелерин 5-сентябрга чейин куруп баштоону макулдашышты.
Наргиза Бекжанова
koom@super.kg