31-августта президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган сөзү кезектеги талкуу толкунун жаратып, Жогорку Кеңешти ойго салды. Ажонун кыргыз жана орус тилиндеги сөзүнүн урунттуу учурлары төмөнкүлөр болду.
ЭГЕМЕНДИК ТУУРАЛУУ
– Майрам күнү болсо да, сиздер менен кээ бир жүрөк ооруткан ойлор менен бөлүшкөнгө уруксат этиңиздер.
Мамлекетибиз өз алдынча туу көтөрүп, өз жолун издеп келе жатканына 23 жыл болду. 23 жылда элибиз кыйналды, кысталды, бирок сынган жок. Чайпалды, бирок төгүлгөн жок. Кыйынчылыктарга туруштук берип, бүгүн биз чыйралдык, жетилдик. Көп нерсеге көзүбүз ачылды: Жакшыны жакшы, жаманды жаман, акты ак, караны кара деп атап ажыратканга үйрөндүк.
"ДУШМАНДАР КЫРГЫЗСТАН ЖОК БОЛСУН ДЕП ТИЛЕП ОТУРУШАТ"
– Бүгүн Кыргызстан бөлүнсүн, жок болсун дегендер аз эмес. Мына быйыл да коңшулар газды өчүрүп, элибизди сынап жатат. Ага өзгөчө өзүбүздүн айрым «сасык» саясатчылар сүйүнүп жатышат, чыр салганга жакшы шылтоо табылды деп. Ички жана тышкы душмандар Кыргызстан бөлүнүп, жок болсун деп тилеп отурушат. Ичибизден ыркырашып, бири-бирибизди күнөөлөп, бөлүнсөк, душмандардын отуна май куйган болобуз. Биримдиктүү, ынтымактуу эл боло албасак, эгемендүүлүктү да сактай албайбыз. Ачык айтканда, тышкы душмандарга караганда ички душмандар, көз камандар, элди бөлүп-жарган сасык саясатчылар биздин мамлекет үчүн кыйла коркунучтуу. Ошондуктан тышкы күчтөр да үмүтүн ошолорго артып, каржылап жатат.
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЖАНА ӨКМӨТ СЫНГА КАБЫЛДЫ
– Биздин мамлекет али жаш, алсыз. Ага жардам берип, мамлекеттүүлүктү бекемдеш керек. Кайран элибиз эптеп чыр чыгарып, кан төгүлүп кетсин деп тилеп, элди бөлүп, бийликке жетсек дегендерге алданып, кээ бирде ээрчип кетип жатат. Биз минтип отурсак, мамлекетти сактагандын ордуна талкалайбыз да!
Депутаттар да популизмге алдырып, айрым учурларда мамлекеттин келечегинин ордуна келе жаткан шайлоону ойлоп, өкмөткө, сотко туура эмес басым жасап жатат. Сот менен өкмөт да парламент бизди кызматка бекитпей коёт деп, депутаттардан жалтактап коркуп отурат. Мен ачык айткым келет, азыр өкмөттөгүлөр үчүн эптеп отурган жеринде калуу, бул нерсе, тилекке каршы, негизгиси болуп калды. Бирок мындан пайдаланып, артында эч нерсеси жок кыйкырыктары менен «ОБОН» атка конгондор мамлекеттин тынчын кетирип, анын аркасынан акча табышууда. Мындан улам өлкөбүздө бир канча адамдын же бир айылдын кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыктарынан өйдө туруп калууда. Бул өкмөттүн тил-оозсуз макулдугу, парламенттин колдоосу менен ишке ашууда. Минтип отурсак мамлекетибиз эмне болот? Же парламенттик демократия, парламенттик башкаруу деген ушулбу?
Азырынча бул коллективдүү жоопкерчиликсиздикке гана окшоп келе жатат.
Мындай жол менен парламенттик башкарууну дискредитациялоо гана болуп жатат. Бул маселенин үстүнөн парламент башкаруучулары жана фракциялардын лидерлери жакшылап ойлонушу керек.
ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК ЭКИ ЖЫЛДАН КИЙИН...
– 1991-жылы көз карандысыздык тууралуу декларация кабыл алынгандан кийин чыныгы суверендүү өлкөнү бекемдөө үчүн көзгө көрүнөрлүк иш аз гана жасалды. Мисалга алсак, өлкө башчылары газ суроо үчүн жыл сайын коңшуларга ийилип барып, биздин жарандар үчүн унаа жолдорду, жүк ташуу үчүн темир жолдорду ачууга көндүрүшчү. Жыйынтыгында чек ара аймактарындагы аргасыз абалдарга алып келүүчү кадамдарга макул болуп жүрдүк. Өтүп кеткен 20 жыл аралыгында электр линияларын, көмөк чордондорду, айланып өтмө жолдорду курууга, ал тургай газга болгон муктаждыктан да чыгып кетүүгө мүмкүн эле. Эмнеге дал ушул жылы чек ара жаңжалдарынын саны өсүүдө? Эмнеге дал ушул жылы бизге газ берүүнү токтотуп коюшту? Анткени бул ишти кылып жаткандар биздин 1,5-2 жылдан кийин энергетикада да, транспортто да алардан толугу менен көз карандысыз болорубузду түшүнүп жатышат.
Биз «Датка» көмөк чордонун курдук. Ушул жылдын ноябрь айында «Кемин» көмөк чордонунун курулушу аяктайт. Келерки жылдын кыш мезгилине «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр энергиясын өткөрүүчү линиясын курабыз. 2016-жылдын күз мезгилине карата «Камбар-Ата-2» ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Бирок булар аздык кылат. Жашоо бизге бир гана гидроэнергетикага таянууга болбостугун көрсөттү. Тилекке каршы, суу тартыш болгон жылдар биз үчүн кадимки көрүнүшкө айланып калышы мүмкүн. Ошол себептен Энергетика министрлиги менин тапшырмам менен Кара-Кече көмүр кенине жылуулук электр станциясын куруу долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Мындан тышкары Бишкек шаарындагы 2-Жылуулук электр борборун газга которуп чыгуу керек. «Газпром» колдосо, анда 2-Жылуулук электр борборун куруу кийинки кышка карата жүргүзүлүп баштайт.
ГАЗ АРЗАНДАЙТ
– Газ маселесине өзүнчө токтолгум келип жатат. Ал айрыкча оппозициялык саясатчылар тарабынан козголууда. Ачык айтсам, ошол козгоо жана ички саясий кырдаалды курчутууга ишенип, бизге газды өчүрүп коюшту. Өзүңүздөр билгендей, Бишкекке жакында эле «Газпромдун» жетекчиси, урматтуу Алексей Борисович Миллер келди. Ал экөөбүз газ маселелери боюнча 2 жарым сааттай сүйлөштүк. Ошондой эле миң кубу 244 доллар болгон газды үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып «Газпром» өлкөнүн түндүгүнө 165 доллар баасында жеткирип турмак болду. Башкача айтканда, газ Бишкекке жана өлкөнүн түндүк аймагына дээрлик 1,5 эсеге арзандайт. Убада кылынгандай, ушул жылдын ноябрында «Газпром» Жалал-Абад облусундагы «Көгарт» жана «Майлысуу IV» кендеринде газ издөөгө жана өндүрүп чыгарууга активдүү киришет. Бул аймактардагы болжолдонуп жаткан газ топтомдору 2,5 миллиард кубдун тегерегинде.
Мындан сырткары «Түндүк-Түштүк» магистралдык газ түтүгүн куруу үчүн «Газпром» убада кылган 20 миллиард рубль, инвестицияга кошумча 45 миллиард рубль бөлүүдө. Муну менен катар өлкөнүн түштүгүндө, Кызыл-Кыяда газ жана көмүр өндүрүү боюнча заводдун курулушун долбоорлоонун үстүндө да иш жүрүүдө. Дүйнөдө бүгүнкү күндө мындай заводдор 500дүн тегерегинде экен. Жыл аягына чейин «Газпром» менен биргеликте варианттардын бирин тандап алып, Кудай буюрса, 2016-жылы Кыргызстандын түштүгүн газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылып баштайбыз. 2016-жылга чейин дагы 2 жыл бар, 2 кыш бар. Ошондуктан биз түштүк эли алдыдагы 2 кышты олуттуу маселелерсиз өткөрүшү үчүн бардыгын кылышыбыз керек.
КОҢШУЛАРГА КАЙРЫЛУУ
– Бүгүн ушул жерде чет өлкөлөрдүн, коңшу өлкөлөрдүн элчилери отурат. Учурдан пайдаланып, алар аркылуу мамлекет башчыларына кайрылгым келип турат. Урматтуу коңшулар, келиңиздер, ынтымакташып жашайлы, зыян келтирүүгө аракет кылгандын ордуна бири-бирибизге жардам берели. Сиздер «Кыргызстанда кайрадан революция болот, болгону сырттан бир аз түрткү жана оппозиция тарапты каржылык жактан колдоо керек» деп ынандыргандарга ишенбеңиздер. Мындай окуя эми эч качан болбойт. Биз өзүбүздүн араб жазыбызды баштан кечирдик. Биз эми башка өлкөбүз жана биз менен күч колдонуп сүйлөшүүгө болбойт. Кыргызстан эми кимдир-бирөөнүн алдында эч качан тизелебейт.
БАЖЫ СОЮЗУ ТУУРАЛУУ
– Чынын айтсам, бизде Бажы союзуна башка альтернатива жок. Мен дагы бир жолу кайталап кетем, мамлекетибиз толук изоляцияга түшөт же өсүп-өнүгүү үчүн чоң түрткү алат. Бажы союзунун өлкөлөрүнүн биз менен эч кандай аймактык доо талаптары жок. Бул өлкөлөрдүн экономикалык өсүштөрү жана элинин кирешеси биздикинен кыйла жогору. Аларга теңелүүгө мүмкүндүк түзүлөт.
Жогорку Кеңеш өкмөт тарабынан жактырылып, жакынкы күндөрдө парламентте карала турган Бажы союзуна кирүү жөнүндө документтерди колдоп, бардык аргументтерди дагы бир жолу талкуулап чыгат деп ишенем.