Бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу «Чолпон-Ата-2014»: ДАГЫ БИР ЖАҢЫ ЧЕМПИОН ЖАРАЛДЫ

27-30-август күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Аталган биринчилик 2 жыл мурун борбор калаада өткөн эле. Быйылкы жылы кереметтүү Ысык-Көл жергеси бильярддын ордосуна айланды. Бул биринчиликке 20дан ашуун өлкөнүн мыкты делген 64 кий чеберлери катышып, кызыктуу таймаштарды тартуулашты.

Орусиялык Никита Ливада канчалык аракет кылбасын биринчиликти украиналык атаандашына алдырып жиберди.

«ЫСЫК-КӨЛДҮН АБАСЫ ДЕМ БЕРСИН»
Дүйнө биринчилиги Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» этно-комплексинде болуп өттү. Бильярд оюну элиталык спорт түрү катары эсептелингендиктен, ак сөөк, чоң кызматта иштегендердин көңүлүнө төп келет. Ачылыш аземинде
КРнын Президенттик аппаратынын жетекчиси Данияр Нарынбаев президенттин атынан сүйлөдү. Андан соң вице-премьер Тайырбек Сарпашев сөз алып, эки жыл мурун болуп өткөн Дүйнө чемпиондугу бул спорт түрүнүн өлкөбүздө кеңири жайылуусуна түрткү бергенин айтып өттү. Ал «Ысык-Көлдүн кереметтүү абасы ар бириңерге күч-кубат жана дем берет деп ишенем» деди.
Ардактуу коноктордун бири, Бильярддын кураштырма түрү боюнча эл аралык конфедерациясынын башкы президенти Павел Завальный уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады. Мелдеш ачык деп жарыяланып, Завальный Дүйнө биринчилигинин алгачкы шарын тоголотту.

КАНЫБЕК ИЙГИЛИКТҮҮ БАШТАП БЕРДИ
Быйылкы Дүйнө биринчилигинде жалпысынан 20дан ашуун өлкөдөн келген 64 спортчу катышты. Алардын ичинен Каныбек Сагынбаев баштаган 11 бильярдчы Кыргызстандын атынан чыгышты. Ошондой эле чеберчилигин эчак далилдеген, ар кайсы жылдары чемпион аталышкан Ярослав Тарновецкий, Александр Паламарь, Каныбек Сагындыков, Никита Ливада сыяктуу кий чеберлери чемпиондуктун башкы талапкерлери болушту.
Алгачкы турдагы оюнду Каныбек Сагынбаев өзү баштап, азербайжандык спортчуну оңой эле утуп алды. Мындан сырткары 12 спортчубуздун арасынан Ызатбек Раатбеков, Дастан Лепшаков, Руслан Кутчубаев, Зайлан Адамов, Качкынбай Нурумбетов гана 1-турдук баскычты ийгиликтүү басып өтүштү.
Ар бир оюнда атаандаштык өтө курч болуп, оюндар чыңалуу менен өтүп жатты. Тиш кайрашкан атаандаштыкта атактуулардан Александр Паламарь (Украина), Евгений Новосад (Украина), Ярослав Тарновецкий (Украина), Евгений Сталев (Орусия) атаандаштарынан алда канча күчтүү болуп, ишенимдүү түрдө кийинки баскычка чыгышты.

ЖАШТАРГА ЖОЛ БОШОТКУЛА
Кызыктын баары кийинки баскычтык оюндарда башталды. Дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев менен 18 жаштагы кыргызстандык Ызатбек Раатбеков бири-бирине бет келишти. Алгач оюндун башында Сагынбаев алдыга чыкса, кийинки партияны Раатбеков утуп алды. Оюн ушундай чыңалуу менен уланып, кысым көрсөтүлсө да жеңишти жаш спортчу Ызатбек илип кетти. Бул оюн биздин бильярд спортунда муундардын алмашуусу жүрүп жаткандай из калтырды. Ушул эле оюн менен катар кыргызстандык Зайлан Адамов казак спортчусу Алихан Каранеев менен беттешип жатты. 4:1 эсеби менен утулуп жатып теңегенге жараган Зайлан күчтөнүп, акыркы партияны да утту. Эсеп 6:5.
Ал эми Дастан Лепшаков менен Руслан Кутчубаев орусиялык кий чеберлери Никита Ливада жана Сергей Тузовго каршы туруштук бере алышкан жок.

ЖАЛГЫЗ ҮМҮТ КАЧКЫНБАЙДА
Жарым чейрек финалдык оюндарда Ызатбек Раатбеков казакстандык Арби Муциевге 6:2 эсебинде жеңилсе, элдин сүймөнчүгүнө татыган Зайлан Адамов Беларусь өлкөсүнөн келген Евгений Куртага уттуруп, мелдештен четтеп калышты. Ал эми Качкынбай Нурумбетов Европа чемпиону, орусиялык Андрей Фрейзе менен кез келди. Атаандаштар кезеги менен 4төн партия утуп алышты. Өз үйүндө дубалдар да жардам бердиби, айтор, калган партияларды Нурумбетов өз пайдасына чечип, жеңишти багынта алды. Ошентип, кыргызстандыктар жалгыз Качкынбайга үмүт артып калышты.

ТАЖРЫЙБАҢ БОЛСО ТООНУ ДА ОМКОРОСУҢ
Чейрек финалда жолдун болбошу ушу белем, үмүт арткан Качкынбай чүчү кулак боюнча 2 жолку Дүйнө чемпиону, украиналык Ярослав Тарновецкий менен беттешмей болду. Оюнду мыкты баштаган мекендешибиз алгачкы партияны утса да, кийинкилерди тажрыйбалуу Тарновецкий жеңип алды.
Ошондой эле орусиялык Никита Ливада, өзбекстандык Александр Сидоров жана дагы бир Украинанын өкүлү Евгений Новосад жарым финалга жолдомо алышты.

КЫЛ ЧАЙНАШКАН ЖАРЫМ ФИНАЛ
Жарым финалдык оюндарга суурулуп чыккан 4 бильярдчынын оюндары кызыктуу болору башында эле сезилип жатты. Анда биринчи жупта Дүйнө чемпиону аталууга жетишкен Тарновецкий менен Ливада күч сынашса, экинчисинде Сидоров менен бул мелдештин ачылышы украиналык Евгений Новосад болду.
Күтүлгөндөй эле оюндар кызыктуу өтүп, кий чеберлери мыкты делген сапаттарын көрсөтүп жатышты. Эч кимиси жөн эле утулуп бергиси келген жок. Жарым финалдык оюнга татыктуу беттеш тартуулашып, күйөрмандарды сүйүнтүп турду. Жыйынтыгында Ливада менен Новосад 6:5 эсебинде атаандаштарынын мизин кайрып, финалга чыгууга укук алышты.

ЖАҢЫ ЧЕМПИОН
Бильярд миң түркүн кылдаттык менен мыкты ой жүгүртүүнү талап кылгандыктан, оюнда күйөрмандардын жымжырттыгы керек. Финалдык оюн дал ушундай таризде башталды. Оюн залында спортчулардын оор деми гана угулуп турду. Бул жөн гана оюн эмес, чемпиондук үчүн беттеш.
Башында Ливада алгачкы партияны утуп алса, кийинки 4 партияны Новосад катары менен утуп алды. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келбеген Новосад калган 2 партияда да мыкты болуп, бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиону аталды. Чемпион кубанычын жашырган жок: «Бул жеңиш мен үчүн абдан күтүүсүз болду. Ар бир оюнда болгон күчүмдү жумшадым, мына эми жыйынтыгын көрүп отурам. Менин оюмча, бул мелдеште эң күчтүү спортчулар чогулган, ошол эле Тарновецкий менен Ливада жана башкалар. Бул чемпиондуктун атмосферасы да өзгөчө болуп турду. Бардыгы жогорку деңгээлде болду деп айта алам».
Жеңүүчүлөрдү Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов жана КРнын Бильярд федерациясынын президенти Турсунбай Бакир уулу куттукташты.
Бакир уулу «Кыргызстанда 2 жолу өткөн биринчиликте катары менен жаңы чемпиондор жаралды. Буга алгачкы жолу чемпион аталышкан Чепиков менен Новосад далил» деп белгиледи. Андан соң Кадырбек Эргешов жыйынтыктоочу сөз айтып, мелдешти жабык деп жарыялады.

Жаңы чемпион Евгений Новосаддын кубанычында чек жок.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ayakosya
2014-09-09 09:07:30
Сагынбай акенин баласы утпай калдыбы
0
vanga_78
2014-09-10 13:45:12
ayakosya, Сагынбай акенин баласы балээсине утабы, машыккандын ордуна туну менен жинди суудан жутуп коюп, камриси менее чартанбай тээп журсо
-2
Multicam
2014-09-11 07:36:57
vanga_78, ник дагы озу айтып турат Ванга деп, коруп жаткандай жазган го. же тааныштарынбы ?
0
joysin777
2015-01-12 18:06:39
Каныбек Сагынбаев Казакстанда болгон турнирде утту молодец
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан