29-август күнү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бирма боксу боюнча Евразия чемпиондугу үчүн беттеш өттү. Анда кыргыз мушкери Дастан Шаршеев Евразия чемпиону, орусиялык мушкер Сергей Котов менен күч сынашты.
Мушкерлер көрүүчүлөргө кызыктуу беттеш тартуулай алышты. 5 раундга созулган беттештин ар бир раундунда мекендешибиз атаандашынан алда канча күчтүү болуп жатты. Жыйынтыгында калыстардын жалпы чечими менен упай эсебинде Дастан жеңишке жетишип, бирма боксу боюнча Евразия континентинин чемпиону аталды.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg