19-сентябрда Түштүк Кореяда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы даярдык көрүүдө. Аталган мелдеште Кыргызстан Иран жана Вьетнам курамалары менен бир тайпада күч сынашмакчы. Жобо боюнча курамда 23 жаштан жогорку 3 гана футболчу болууга тийиш. Биздин курама команда даярдыктын алкагында 5-сентябрь күнү Астана шаарында Казакстан менен жолдоштук беттеш өткөрмөкчү.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg