Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Шерали диванханадан эзилип чыгып, евнухтары колтуктап барып төшөк үйүнө эс алууга жаткырышты. Жанына кирген Жаркын айымдын эмне болду деген суроосуна жооп бербей толгонуп кетти. Алгач табы айнып калган го деп тынчсызданган Жаркын айымдын көңүлүнө эми бүлүк түшүп, диванханада эмне иш бүтүрүшкөнүн такып сурай баштады.
– Жыйырма жыл бирге өмүр кылып, мен сиздин мындай кебетеңизди көргөн жок элем. Вай, падишам, сизге да кайрат кирип келатырыбы дейм!..
Шерали чаңырып жиберди:
– И! Такыр кайрат кирбейт буга дедиңер беле? Ошон үчүн кордоп жүрдүңөр беле?!
Жаркын айым томсоро түштү. Жүзүнө кан толуп, кайра кубарып чыкты.
– Сиз соо эмессиз! Сизди кордоп жүргөн ким экен?- деди ал Шералиге кадала тиктеп. – Сиз соо эмессиз... Ушу сиздин колтугуңузга бирөө суу бүркүп жүрөт окшойт... Нүзүкем
Маргалаңдан келдиби? Ал эмне дейт?
Шерали дагы жулкунуп, чыканактап тура калып чаңырды:
– Нүзүп! Нүзүп акеңиздин күнөөсү башынан ашып кеткен экен! Ошол күнөөсүн күнөө эткен башын кесип келүүгө жарлык бердим! Уктуңбу!
Жаркын айым селдейе түштү:
– Таш оозуңа!- деди ал эринин көзүн тиктеп. – Ой, сен эмне дейсиң?..
Шерали кабагын түшүрдү:
– А ошо... Күнөөсү башынан ашып кеткен экен...
– Кокуй, өлүгүңдү көрөйүн жарым эс... Чын айтып отурасыңбы сен? Анын күнөөсү Таласта куучуюп жылкы айдап жүргөн жериңден апкелгени! Эмне эле эшигин тостуруп күңкүлдөшүп калды десе булар... Кокуй, кокуй! Эгер бүгүн Нүзүптүн башы кетсе, эртең сеники кетет. Ушуну билбейсиңби, кокуй, жарым эс? Сен ошону менен кишисиң, кокуй!..
Шерали соолуга түштү. Ал Шады ынактын акыркы сөзүн, кебетесин көз алдына келтирди. Жүрөгү атып кетти. Эмне кылат? Кандай кылат?
Аш бышым убактан кийин Абил мурунку жарлыкты токтотуу жөнүндө Шерали хандын мөөрү басылган жарлыкты алып, Маргалаң багытын карай артынан чаң чубалтып катуу жүрүп кетти.
Нүзүп аталык Маргалаң сарайында аскерлердин иштерин, тартипти текшерип, шаар бегинин ишине жинденип отурган. Жарлыкты көтөргөн желдет ошондой маалда жетти.
Жанараак жөргөмүштөй бүрүшүп жанында турган бек табалап тиктеп, көзүн кылыйтып:
– Ордодон жарлык келди... Бул жарлык акыры бир күнү келиши керек эле. Мына, биз дагы Кудай деген кул экенбиз, зарыгып күткөн күн келди! Кантели, тагдыр ушул экен. Жана гана сиз бизди желдеттин алдына салып берем деп, Кудайды эсиңизге албай текебер кеп урган эдеңиз, чоң Кудайдын каалоосу ушул экен ки, биз эмес, сиз желдеттин алдына түшө турган болупсуз. Мына! Нүзүптүн башын кесип алдыма апкел деп Бактияр сайид Шерали хан мага улук жарлык жибериптир... Чуу көтөрбөңүз, пайдасы жок,- акырын зекип сүйлөп, жарлыкты Нүзүптүн алдына ыргытып таштады.
Нестейе түшкөн Нүзүп кагазды жерден албады. Көзүнүн кыйыгы менен Шерали хандын «эки жакалуу» деп аталган кол мөөрүн тааныды. Ой баса түштү. Бу жарлык оюн эмес. Жан тартар, күйүшөр адамдардан бирөө да жакын ортодо жок, өңкөй кастардын камоосунда калып турганын ошондо сезди. Акылы талый түшкөндөй, оюна бир беткей бирдеме келбей, оозуна сөз кирбей биртке шалдырай калды. Жакын турган бектин этегинин шуудур этиши аны ойготуп жибергендей болду. Эсине келе түштү. Душманынын табалап турган кубанычтуу көзүн сезди. Чыйрала түштү. «Йе, тагдыр ушудур... Тагдырдан ким качып кутулган...»

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aszyma
2014-09-08 16:07:29
Ай Кудай азыр Нузуп олобу. Эх Шералы Отукту карап терен ойлонбодуда. Мен ким элем. Мени Шералы кылган ким деп. ....
0
Mukay
2014-09-14 03:35:55
aszyma, ооба өлөт...
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан