КАЛЬЦИЙ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

Кальцийди адам тамак-аш аркылуу алып турат. Кальций клеткаларга азык катары зарыл. Адамдын организминдеги анын 1 пайызы гана клеткалар менен канда, калган 99 пайызы сөөктөрдө, тиште, тырмак, чачта болот. Организм канда аталган өлчөмдөгү кальцийдин болушун дайыма көзөмөлдөйт. Эгер өлчөмү азайса, анда аны сөөктөрдөн ала баштайт. Натыйжада остеопороз (сөөктүн морт болуп, бат сынууга жөндөмдүү болуп калышы), итий оорусу келип чыгат.
Кальций жүрөктүн кагышын жөнгө салып, кандын уюу процессине катышат. Нервдик чыңалууну азайтып, стресске каршы туруубузга жардам берет.

КИМГЕ КАНЧА?
Кальций 5 жашка чейинкилерге суткасына 800 миллиграмм, өспүрүмдөргө 1000, ал эми чоң адамдарга 1200 миллиграмм керек. Андыктан адам азыктар аркылуу аталган өлчөмдү алып турууга аракет кылуусу керек. Кальций өзгөчө организми өсүп жаткан балдарга керек экенин унутпоо зарыл. Салмагы 70 килограммды түзгөн чоң адамдын организминдеги кальций болжол менен 1,7 килограммды түзөт.

АШЫКЧАСЫ ООРУ ЖАРАТАТ
Дарыканаларда кальций дары-дармектеринин түрлөрү көп. Аларды врачтарга текшерилгенден кийин алар сунуштаган түрүн өлчөмү менен кабыл алуу керек. Өз алдынча ашыкча ичкенде кальцийдин өлчөмү көбөйүп, кан тамырлардын капталдарына топтолот да, кандын агымына тоскоол болот. Ашыкчасы ткандардын, булчуң менен нервдердин иштөөсүн бузат. Заара бөлүп чыгаруучу систем жабыркайт. Демек, оорулар жаралат. Кандын уюшу начарлап, адам бир жерин кесип же тилип алса, кандын токтошу кыйындайт. Эмчектин рак оорусунун келип чыгышынын бир себеби да кальцийдин ашыкчалыгы.

ЭСКЕ АЛ!
Кальцийдин организмде сиңишин кофеин жана алкоголь азайтат. Туз да денеден кальцийдин жуулуп чыгып кетишин шарттайт. Андыктан туздуу азыктарды (анын ичинде туздалган балык, колбаса) жана кофени көп колдонууга болбойт.

ЭЛДИК МЕДИЦИНА ЖАРДАМ БЕРЕБИ?
Айрымдар тооктун жумурткасынын сыртын кургатып, майдалап, упадай кылып жешет. Бирок врачтар «бул илгери дары-дармектердин түрү жок кезде айласыз колдонулган ыкма» деп колдошпойт. Анын үстүнө кабыгында сальмонелла бактериясы болсо, ооруга чалдыгуу коркунучу чоң. Заманбап кальций дары-дармектерин врачтын сунушу менен алуу оң.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
tea23
2014-09-08 20:31:22
Супер инфо сураныч темир жонундо да маалымат бергилечи. Аз кандуулук кобойуп кетти окшойт
0
admin_superstan
2014-09-09 10:22:13
tea23, саламатсызбы!
Анемия тууралуу бин нече макалалар бар:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=анемия&x=0&y=0&media_search=1
0
lampard8
2014-09-10 13:33:41
менин башыма жарага окшогон бирдемелер чыгып кетти врачка барасак кальций аз деди анан дары берген. скин-кап деген шампуньда дарыда жазып берген 1 жылдан бери кетпейтат азыр скин-капты колдонгондон бери кичине кетип калды. Абайлагына жаман оору экен.
0
maksatay88
2014-09-12 02:33:48
Урматтуу супер инфо жамааты!Кош бойлуу аялдар
учун да жума сайын пайдалуу кенештерден жазсана
жакшы болмок.
0
admin_superstan
2014-09-12 09:57:57
maksatay88, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Төмөнкү шилтемелер менен өтүп кош бойлууларга керектүү маалымат ала аласыз:
http://www.super.kg/article/?article=5983
http://www.super.kg/article/?article=4609
http://www.super.kg/article/?article=2737
http://www.super.kg/article/?article=27675
0
Patriot92
2014-09-15 18:56:57
Жакшы
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан