«ФИНАНСКРЕДИТБАНК» МЕНЕН ОЙЛОГОН ОЙДУ ИШКЕ АШЫР!

Банк тутумундагы бардык кызматтарды көрсөтүү менен өлкөбүздөгү эң алдыңкы банктардын бири катары таанылган "ФинансКредитБанктан" кезектеги жаңы сунуштар жана акциялар! Аталган банктан кардарларга кандай жаңычылдыктар сунушталып жатканы тууралуу төмөндө сөз болмокчу.

БАНККА АКЧАҢЫЗДЫ САКТАП ПАЙДА ТАБЫҢЫЗ
Акча каражатын үйдө сактоо кооптуу экенин баарыбыз эле билсек керек. Себеби укуругу узун уурулар үйдү үч көтөрүп теңтерип же кырсык басып тилсиз жоо үйдү жалмап кетүүсү да мүмкүн. Мындай учурда маңдай териңиз менен чогулткан каражатыңыздын ордун толтуруу дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми банкта сакталган акча уйкуңуздун тынчтыгын камсыздайт жана аны менен катар сизди байытат десек жаңылбайбыз. Анткени аталган мекеме сиздин каражатыңызды сактап гана тим болбостон, ай сайын акчаңыздын өлчөмүнө жараша пайыз төлөп берип турат. Андыктан акчаны үйдө эмес, банкта сактаңыз.
Эми кезек «Өлкөбүздөгү кайсы банк ишенимдүү, кайсынысынын төлөм пайызы жогору?» деген суроолорго келип такалса керек. Анда эмесе, бул тууралуу кыскача айтып өтөлү. Кыргызстандагы көпчүлүктүн ишеничин актап, өз ишин мыкты алып бараткан банктардын алдыңкы сабында «ФинансКредитБанк» экенин банк кызматын колдонгон жарандар белгилеп келишет.
Банктын кызматын көптөн бери пайдаланып келе жаткан кардарлардын бири Марина Тургина: "Автоунаа алуу үчүн аз-аздан тапкан каражатымды
"ФинансКредитБанкка" сактоону чечкем. Себеби үйдө чогулткан каражаттын эсеби табылып, жок болуп кете берет эмеспи. Ошондой эле бул жакта сактаган акчама пайыз да төлөшөт. Бул да болсо кошумча киреше болот экен. Мына эми, аз-аздан чогултуп жүргөн каражатым билинбей эле бир автоунаа алууга жетип калыптыр. Тилегимди орундатууга банктын жардамы тийди десем жаңылбайм",
- дейт.
"ФинансКредитБанкка" акчаңызды сактап, жылына 15 пайыздан киреше табууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Мындан сырткары каалаган валютада (сом, рубль, доллар) жана суммада 3 айдан 2 жыл аралыгына чейинки мөөнөттө аманат ачууга болот. Ошондой эле акчаны накталай көтөрүп жүрбөй, картага сактагандар үчүн да кызмат сунушталат. Алсак, пенсионердик, социалдык жана айлык карталарын пайдаланып, айлык акы, жөлөк пулдарыңызды кезексиз алууга мүмкүн.

ИШТИ ИЛГЕРИЛЕТКЕН НАСЫЯЛАР
Бизнес үчүн жеңилдетилген шартта насыя издегендер ушул жылдын 15-сентябрына чейин бериле турган «Бизнес плюс» насыясын алууга мүмкүнчүлүгү бар. 2 жылга чейинки мөөнөткө берилүүчү бул насыянын жылдык үстөк пайызы болгону 17, 92 пайызды түзөт. Насыянын артыкчылыктары: Насыя алуучунун арызын кароого, камсыздандырууга комиссиялык төлөмдөр алынбайт. Ошондой эле мөөнөтүнөн мурда насыяны төгүүдө айып пул салынбайт. Мындан сырткары  «Ипотека» насыясы батирден батирге көчүүдөн куткарса, «Автокредит» жөө калтырбайт. Ал эми «Агрокредит» насыясы баба дыйкандын ишин илгерилетүүгө көмөкчү болоруна шек жок.

БЫЙЫЛКЫ АКЦИЯНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ ҮЙГӨ ЭЭ БОЛОТ
Жыл башынан тартып «ФинансКредитБанкта» акча которуулар боюнча байгелүү акция жүрүүдө. Мындай акция былтыр да уюштурулуп, анда банк тарабынан эки кардар банк кызматын пайдаланып, каражат которуу менен эң көп упай топтоп автоунааларга ээ болушкан. Үстүбүздөгү жылы аталган иш-чара улантылып, бул ирет жеңүүчү деп табылган кардар байгеге коюлган Бишкектеги элиталуу райондордун биринде жайгашкан жаңы үйдүн ээси болот. Бул акцияга аталган банктын бардык бөлүмдөрүнөн же сактам кассаларынан «Юнистрим» системи аркылуу акча которгон же которулган каражатты алып жаткан адам автоматтык түрдө катышуучу болуп саналат. Андыктан борбор шаардан үйлүү болуп калууга ар бирибизде мүмкүнчүлүк бар. Жеңүүчүнү аныктоо келерки жылдын январь айында болуп өтөт.
Мындан сырткары «Лидер», «Контакт», «Салам», «Золотая Корона» сыяктуу жана башка акча которуу системдерин пайдаланган кардарлар да четте калбайт. Алар үчүн ар бир 3 ай сайын байгелер ойнотулуп келет. Ушул эле акциянын алкагында кийинки жылдын январында аныктала турган баш байгеге Дубайга эс алып келүүгө эки кишилик жолдомо коюлган.
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн утурлай 3 айда бир аныкталуучу байгенин жеңүүчүсү болуп Эрлан Нартаев табылды. Эми анын Дубайга жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болмокчу.  Андыктан сиз да четте калбай, «ФинансКредитБанк» аркылуу акча которуп,  байгелерге ээ болуңуз. Акция тууралуу кененирээк маалыматты
0 (312) 44 34 43 телефон номуру же www.fkb.kg сайты аркылуу алсаңыз болот.
"ФинансКредитБанк" ар бир кардарга жылуу мамиле жасап, алардын суроо-талаптарын канааттандырууну биринчи планга койгон. Буга далил катары банктын эшиги күнүгө кечки саат 9га чейин ачыктыгы (кечки кассанын дареги Абдрахманов
көч, 105)
жана дем алыш, майрам күндөрү да иштегенин айтууга болот.
Бүгүнкү күндө аталган банк Кыргызстан боюнча 6 филиал жана 24 сактам кассаларын ачууга жетишкен.
Сөз соңунда банк кызматын пайдаланам деген кардарларга айтарыбыз "ФинансКредитБанк" менен бирге иштешип, ойлогон оюңузду ишке ашырыңыз!

Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан