«Коомчулук актриса десе эле жеңил ойлуу кыз деп кабылдайт. Буга макул эмесмин. Кандай чөйрө болбосун, өз өзөгүн жоготпой жүргөн адамдар жок эмес. Ал адамдын дээринен, ата-эненин тарбиясынан» дейт бүгүнкү каарманыбыз, актриса Альбина Бейшембиева. «Сүйө бил», «Мурас сыры» тасмалары аркылуу таанылган каарманыбыз жан дүйнөсү менен бөлүшөт.
КААРМАН ТУУРАЛУУ...
Бишкек шаарында төрөлгөн.
26 жашта.
Он бир туугандын улуусу.
Кыргыз экономикалык университетинин менеджмент жана башкаруу факультетин аяктаган.
Учурда Москва шаарында жашайт.
Орусиядагы Заманбап Искусство институтунун студенти.
– Альбина, алгачкы суроону кино тармагына кантип аралашып калганыңдан баштасак...
– Кичине кезимде актрисалыкка аябай кызыкчумун. Бирок абдан уялчаак болгондуктан көп нерседен куру калгам. Актрисалыкка кадам капысынан башталды. «Кыргызфильм» киностудиясына киного тартылгысы келген сиңдимди колдоо үчүн баргам. Ошол жерден режиссёр Болот Шамшиев менен таанышып калдым. Ал киши мени «Жаңгак токоюнун элеси» аттуу тасмасына тартмай болду. Оюмда киного тартылуу деген жок эле да, нес болуп калыптырмын. Тилекке каршы, тасманын 60 пайызы тартылып калганда кандайдыр бир себептерден улам токтоп калды. Ошентсе да Шамшиевдей залкар адамдар менен иштешкениме кубанычтамын.
– Сени көпчүлүк «Сүйө бил» тасмасы аркылуу тааныйт эмеспи...
– Болот Шамшиевдин тасмасына тартылып жүргөндө таланттуу каскадёр, режиссёр Адилет Акматов менен таанышып калгам. Адилет үч кыздын жашоосу, сүйүүсү баяндалган «Сүйө бил» фильмине чакырды. Менин жүзүм элге ушул тасма аркылуу таанылды. Кийин «Мурас сыры» тасмасында да роль жаратып калдым.
– Модель катары өзүңдү сынап көргүң келбейби?
– Чынын айтсам, ал кесип жакпайт. Мурун тааныш модельерлер суранганда гана көргөзмөлөргө чыгып койчумун. Бирок эч качан өзүмдү модель деп эсептеген эмесмин.
– Кебетеӊди кыргызга окшоштурбагандар көп, гениңде башка улуттун каны барбы?
– Бар десем туура болот го. Атамдын чоң энеси казак кызы болгон экен.
– Бир нече жылдан бери Москвадамын дейсиң, ал жакка качан кеттиң эле?
– 3 жарым жылдан бери Москвада жашайм. Бул аралыкта сулуулук салонунда визажист жана татуаж боюнча мастер болуп иштедим, андан кийин бир ресторандын жүзү болуп жарнамаларына тартылдым. «Из», «Аары» аттуу орус детектив сериалдарында костюм боюнча сүрөтчүнүн жардамчысы болуп да иштедим.
– Буга чейин баласы бар деп уктук эле. Турмушка чыгыптырсың, жолдошуң актрисалыгыңды колдойбу?
– Балам болсо жашырмак эмесмин. Кудай буюрса, эми күтүп жатабыз. Жолдошум таланттуу, чечкиндүү, интеллекти жогору адам. Эркекте кездешчү сапаттардын баары бар. Ал мени бардык жагынан колдойт, менин кылчу ишиме эч качан каршы болбойт.
– Ата-энең чыгармачылыкка жакын адамдарбы?
– Ата-энем экөө тең 48 жашта. Атам сүрөтчү-архитектор, апам дарыгер, экинчи кесиби модельер, дизайнер.
– Геннадий Базаровдун фильминде башкы ролду жаратып жатыптырсың. Тасмага кастинг аркылуу өттүңбү?
– Мен эч качан кастингге катышпайм. Геннадий Базаровдун «Ноктюрн» деген фильмине кастингди уюштургандар өздөрү чакырган. Жыйынтыгында башкы ролго бекитишти. Негизи, чач жасалгам, кийимим жарашып турабы жокпу, ырайым суукпу мага баары бир, образды жеткиликтүү аткарсам менин жеңишим ошол. Ролду ойдогудай жаратыш үчүн баарына даярмын.
Альбина Бейшембиева катышкан «Сүйө бил», «Мурас сыры» тасмаларын super.kg порталындагы «Кинозал» бөлүмүнөн көрө аласыздар.
«Кичинекей кезимде бокс менен машыкканым үчүн «Сүйө бил» тасмасында мушташкан эпизоддорду ойноо кыйынга турган жок».
Сүйүн Кулматова
Лев Бабенко
star@super.kg