Өткөндө кыргызстандык жигиттердин тобу БМВ автоунаасын кыргыздын тулпарына айлантышкан. Ага улай дагы бир мекендешибиз «Темир киши» кинотасмасындагы башкы каармандын бири Тони Старктын костюмунун көчүрмөсүн жасап чыкты.
Европада же АКШда мультфильм, фантастикалык кинотасмадагы каармандардын образын чагылдырган костюмдарды жасоо абдан өнүккөн. Ал эми КМШ чөлкөмүндө мындай иш менен алектенгендер аз. Мына ушундан улам мекендешибиз Азиз Малик костюмду жаңыдан жасап баштаган кезде жакындарынан «пайдасыз ишке убакыт коротпой, маанилүү бир нерсе кылсаң боло» деген сөздөрдү көп уккан. Себеби белгисиз нерсеге ал 1 жылдан ашык убакыт жана 20 миң сомдон ашык каражат сарптаган. Кеп кезегин кесиби боюнча финансист, учурда авиакассир болуп эмгектенген АЗИЗ МАЛИКТИН өзүнө берсек:
«ЭЧ КИМ ТҮШҮНБӨГӨН ИШТИ БАШТАГАМ»
– Костюмду жасоо идеясы «Темир киши» тасмасын көргөн соң келди. Андагы башкы каармандын образы мага аябай жаккандыктан аны жасап көрүүнү чечтим. Ошентип, былтыр 2-августта баштап, быйыл августтун соңунда жасап бүттүм. Алгачкы ирет жасап жаткандыктан көп катачылыктарды кетирип убара тарттым. Костюмдун айрым бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү бири-бирине төп келбей кыйналдым. Кетирген каталарымды эске алуу менен тырышып жатып акыркы үлгүнү үчүнчү жолу дегенде араң окшоштурдум.
«КОСТЮМДУН САЛМАГЫ 19 КИЛОГРАММ»
– Костюмду жасоого айнек пластик материалы колдонулду. Алгач кагаздан макетин жасап, анын үстүнө айнек пластик чаптайбыз. Андан кийин аны сыртынан шпаклёвкалап алабыз. Ал кургаган соң жылмалап, автоунааны сырдоочу сыр менен керектүү түскө боёлот.
Бул костюм боюнун узундугу 173-175 сантиметр болгон адамдарга ылайыкталган жана адам кийип басып жүрүүгө болот. Салмагы 19 килограммды түзөт. Ошондой эле костюмга көрк берүү үчүн жарык берүүчү бөлүктөрү бар, туулгасынын бет тарабы электрониканын жардамы менен ачылып-жабылып турат.
«САТЫП АЛАМ ДЕП КЫЗЫККАНДАР БОЛУУДА»
– Учурда Беларустан ушул эле костюмдун көчүрмөсүн жасап берүүмдү суранышты жана ал буйрутманын үстүнөн иштей баштадым. Ал эми алгачкы жасаган костюмумду орусиялыктар сат дешүүдө. Сатып жиберсемби же алгачкы эмгегимди эстелик катары сактап койсомбу деп ойлонуп жатам. Негизи мындай иш бизде көп бааланбайт. Ушундай эле костюмду АКШда 2,5 миң доллардан жогору сатышат. Кытайда болсо эптеп-септеп жасалгандары 1800 доллардан сатылса, жакшы жасалгандары 2900 доллардан турат экен. Башында хобби катары гана баштаган бул иштин аркасы менен каражат тапса болорун түшүндүм.
Ошентип, мен да костюмдарыма өз баамды коюп, электроникасы жок 1000 доллардан, ал эми электроникасы менен жасалса 1500 доллардан сатайын деп жатам.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg