РОСИНБАНК ФИЛИАЛДАРЫНЫН САНЫН КӨБӨЙТҮҮДӨ

Өлкөбүздүн банк рыногунда 2 жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып жаткан «Россия Инвестициялык Банкы» аймактарда филиалдарынын санын көбөйтүүдө. Алсак, жакында эле, 28-август күнү Чүй облусундагы Сокулук айылында банктын жаңы филиалы ишке кирди. Жаңы филиалдын ачылыш аземине «Росинбанк»  башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов, башкармалыктын өкүлдөрү, банктын өнөктөштөрү жана кардарлары катышышты. 
«Биздин банк башка банктарга караганда ылдам өнүгүүдө. Кардарларды тейлөө тармагынын сапатын жакшыртуу – бул алдыга умтулуунун эң негизги кадамдарынан. Ошондой эле кардарлар менен узак мөөнөттүү байланыш түзүүнүн ийгиликтүү жолу. Бул филиалдын ачылышы ошондой кадамдардын бири болот деп ишенем»,- деди куттуктоо сөзүндө Улан Сарбанов.
Андан соң салтка ылайык кызыл лента кесилип, расмий түрдө филиал ачык деп жарыяланды. Буга утурлай банк кызматкерлери алгачкы кардарларды тейлеп, аларды белектер менен узатышты. «Росинбанк» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алмаз
Бекназартегин:
«Банкка бир жыл мурун орусиялык инвесторлор келип, бир канча жакшы милдеттерди алышкан. Алардын катарында банктын филиалдарын кеңейтип, азыркы убактагы банк операцияларынын бардык түрүн ишке киргизүү каралган. Бул жумуштар бир жыл ичинде жүргүзүлүп, мына бүгүн банктын 4-филиалдык бөлүмүн ачып отурабыз.
Сокулук району ири райондордун бири, анын борборунда филиалдын ачылышы жергиликтүү калктын банк кызматына болгон муктаждыктарын чечүүгө чоң өбөлгө түзөт»,- деп билдирди.
Ал эми аталган филиалдын директору  Дамир
Жунушалиев:
«Бул филиал мурда Шопоков шаарында ишин алып барчу. Эми Сокулуктун так борборунан, ири базардын маңдайынан орун алды. Бул биздин кардарлар үчүн өтө ыңгайлуу. Банкта бардык кызматтар каралган жана өз ишин мыкты билген кызматкерлер кардарларды тейлөөгө даяр. Жаңыланган кеңседе кардарлар насыя алуу боюнча, аманат сактоо, өлкө ичинде жана чет өлкөгө акча которуу, төлөм карта ачуу кызматтарын пайдалана алышат. Кардарлар үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттар тейлөөнү ылдам жана жагымдуу кылат»,- деди.
Жаңыдан ишке кирген банктын филиалынын алгачкы кардарларынын бири 
Анисия өз ою менен бөлүштү: «Росинбанктын» Сокулукта ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн абдан ыңгайлуу болду. Кардарлар менен иштөөсү жогорку деңгээлде деп айта алам. Себеби мен 2 жылдан бери бул банктын кызматынан пайдаланып келе жатам. Ар бир кардарды сыйлап, өзгөчө мамиле жасашат. Азыркыга чейин «Росинбанк» мени бир дагы жолу капа кыла элек».

«Росинбанктын» филиалы Сокулук айылында Фрунзе көчөсү 2а дарегинде жайгашкан. Филиалдын эшиги дем алыш күндөрүнөн сырткары бардык күнү саат 8:30дан 17:30га чейин ачык.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан